ГРОЗНЫЙ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(3 intermediate revisions by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГРО́ЗНЫЙ ''' – Чечен | '''ГРО́ЗНЫЙ ''' – Чечен Республикасынын борбор шаары. Сунжа дарыясынын өрөөнүндө ж-а андагы дөӊсөөлөрдүн капталдарында жайгашкан. 1944-жылдан 1957-жылга чейин Грозный облусунун административдик борбору. Калкы 324,6 миӊ (2021). Темир жол тоому. 1818-жылы орус чеби катары пайда болгон. 1870-жылы чеп стратегиялык маанисин жоготуп, шаар аталган. 1893-жылы Грозный аркылуу өткөн Беслан — Махачкала темир жолу курулган. Ошол жылдан шаарга жакын жерден нефть казылып алынат. Грозный 20-кылымдын башынан Түндүк Кавказдагы ири өнөр жайлуу аймакка айланган. Нефть ажыратуу, нефть-химия, химия (ацетилен, фенол, жасалма спирт, полиэтилен, ашатуучу ар кандай каражаттар), тамак-аш (консерва, шарап-коньяк, сүт-май, эт), жеӊил (тигүү, бут кийим), курулуш материалдары, жыгаччылык өнөр жай ишканалары иштейт. Машина куруу (нефть өнөр жайы үчүн жабдуу) өнүккөн. Үч ЖОЖ (анын ичинде университет), 2 драма (улуттук, орус), куурчак театрлары, филармония, край таануу, мамлекеттик сүрөт музейи бар. 1994–96-жылдары ж-а 1998–2000-жылдары согуштун кесепетинен катуу жабыркаган. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
10:47, 31 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -га соңку нускасы
ГРО́ЗНЫЙ – Чечен Республикасынын борбор шаары. Сунжа дарыясынын өрөөнүндө ж-а андагы дөӊсөөлөрдүн капталдарында жайгашкан. 1944-жылдан 1957-жылга чейин Грозный облусунун административдик борбору. Калкы 324,6 миӊ (2021). Темир жол тоому. 1818-жылы орус чеби катары пайда болгон. 1870-жылы чеп стратегиялык маанисин жоготуп, шаар аталган. 1893-жылы Грозный аркылуу өткөн Беслан — Махачкала темир жолу курулган. Ошол жылдан шаарга жакын жерден нефть казылып алынат. Грозный 20-кылымдын башынан Түндүк Кавказдагы ири өнөр жайлуу аймакка айланган. Нефть ажыратуу, нефть-химия, химия (ацетилен, фенол, жасалма спирт, полиэтилен, ашатуучу ар кандай каражаттар), тамак-аш (консерва, шарап-коньяк, сүт-май, эт), жеӊил (тигүү, бут кийим), курулуш материалдары, жыгаччылык өнөр жай ишканалары иштейт. Машина куруу (нефть өнөр жайы үчүн жабдуу) өнүккөн. Үч ЖОЖ (анын ичинде университет), 2 драма (улуттук, орус), куурчак театрлары, филармония, край таануу, мамлекеттик сүрөт музейи бар. 1994–96-жылдары ж-а 1998–2000-жылдары согуштун кесепетинен катуу жабыркаган.