ГРОМЫКО: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГРОМЫКО ''' Андрей Андреевич [5(18).7.1909, азыркы | '''ГРОМЫКО ''' '''Андрей Андреевич''' [5(18).7. 1909, азыркы Беларусь, Гомель облусу, Эски Громыки кыштагы – 2. 7. 1989, Москва)] – советтик мамлекеттик ишмер жана дипломат. Социалисттик Эмгектин Баатыры (1969, 1979). Экономика илимдеринин доктору (1956). 1932-жылы Минск айыл чарба институтун бүтүргөн. 1936–1939-жылдары СССР Илимдер академиясынын Экономика институтунда кызматкер, 1939-жылдан Тышкы иштер эл комиссариатында Америка өлкөлөрү бөлүмүнө башчы. 1943–1946-жылдары СССРдин Америка Кошмо Штаттары жана Кубадагы элчиси, 1946–1948-жылдары Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү, 1952–1953-жылдары Улуу Британиядагы элчиси, 1953–1957-жылдары СССР тышкы иштер министринин биринчи орун басары, 1957–1985-жылдары Тышкы иштер министри. 1985–1988-жылдары СССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, 1973–1988-жылдары КПСС Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү. Бириккен Улуттук Уюмун түзүүгө арналган Думбартон-Оксфорд конференциясында (1944) советтик делегацияга жетекчилик кылган. СССР, АКШ, Улуу Британия өлкөлөрүнүн башчыларынын Крым жана Потсдам конференцияларына (1945), Варшава келишимине кирген мамлекеттердин Саясий консультациялык комитетинин советтерине катышкан. А. Громыконун катышуусу менен Советтер Союзунун тышкы саясаты жана эл аралык мамилелерине арналган монографиялар жарык көргөн. Лениндик (1982), СССР мамлекеттик (1984) сыйлыгынын лауреаты. Беш Ленин ордени, медалдар менен сыйланган. | ||
[[Файл:Громыко.jpg|left|thumb|Андрей Андреевич Громыко]] | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:13, 1 Ноябрь (Жетинин айы) 2024 -га соңку нускасы
ГРОМЫКО Андрей Андреевич [5(18).7. 1909, азыркы Беларусь, Гомель облусу, Эски Громыки кыштагы – 2. 7. 1989, Москва)] – советтик мамлекеттик ишмер жана дипломат. Социалисттик Эмгектин Баатыры (1969, 1979). Экономика илимдеринин доктору (1956). 1932-жылы Минск айыл чарба институтун бүтүргөн. 1936–1939-жылдары СССР Илимдер академиясынын Экономика институтунда кызматкер, 1939-жылдан Тышкы иштер эл комиссариатында Америка өлкөлөрү бөлүмүнө башчы. 1943–1946-жылдары СССРдин Америка Кошмо Штаттары жана Кубадагы элчиси, 1946–1948-жылдары Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү, 1952–1953-жылдары Улуу Британиядагы элчиси, 1953–1957-жылдары СССР тышкы иштер министринин биринчи орун басары, 1957–1985-жылдары Тышкы иштер министри. 1985–1988-жылдары СССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, 1973–1988-жылдары КПСС Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү. Бириккен Улуттук Уюмун түзүүгө арналган Думбартон-Оксфорд конференциясында (1944) советтик делегацияга жетекчилик кылган. СССР, АКШ, Улуу Британия өлкөлөрүнүн башчыларынын Крым жана Потсдам конференцияларына (1945), Варшава келишимине кирген мамлекеттердин Саясий консультациялык комитетинин советтерине катышкан. А. Громыконун катышуусу менен Советтер Союзунун тышкы саясаты жана эл аралык мамилелерине арналган монографиялар жарык көргөн. Лениндик (1982), СССР мамлекеттик (1984) сыйлыгынын лауреаты. Беш Ленин ордени, медалдар менен сыйланган.
