ГРУЗИЯ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
|||
(5 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГРУ́ЗИЯ ''' (Сакартвело), Г р у з и н Р е с п у б л и к а с ы (Сакартвелос Республика) – Батыш Азиядагы мамлекет. Закавказьенин батышында ж-а | '''ГРУ́ЗИЯ ''' (Сакартвело), Г р у з и н Р е с п у б л и к а с ы (Сакартвелос Республика) – Батыш Азиядагы мамлекет. Закавказьенин батышында ж-а борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Түндүгүнөн | ||
[[File:ГРУЗИЯ42.png | thumb | none]] | [[File:ГРУЗИЯ42.png | thumb | none]] | ||
Россия, чыгышынан ж-а | Россия, чыгышынан ж-а түштүк-чыгышынан Азербайжан, түштүгүнөн Армения ж-а Түркия м-н чектешет. Батышын Кара деӊиз чулгайт. Аянты 69,7 миӊ ''км''<sup>2</sup>. Калкы 3,7 млн (2020). Борбору – Тбилиси ш. Мамлекеттик тили – грузин тили. Курамында ''Ажария Республикасы'', 66 (9 крайга бириктирилген) район, 62 шаар, 52 шаарча бар. Акча бирдиги – лари. Грузия БУУнун, ЮНЕСКОнун, Европалык кеӊештин, ЭВФтин, Кара деӊиз экономикалык кызматташтык уюмунун, Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун, КМШнын мүчөсү. | ||
'''Мамлекеттик түзүлүшү.''' Грузия – унитардык мамлекет. Конституциясы 1995-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу парламент. Саясий партиялары: Грузиянын демократиялык союзу, Грузиянын элдик фронту, Христиан-демократиялык союзу, Республикалык партия ж. б. | |||
'''Табияты.''' Аймагынын басымдуу бөлүгүн (<sup>4</sup>/<sub>5</sub>) тоолор ээлейт. Түндүгүндө Чоӊ Кавказ (Кавкасиони) тоо системасы (эӊ бийик чокусу Шхара, 5068 ''м''), түштүгүндө Кичи Кавказ (Казбек, 5033 ''м'') жатат. Чоӊ ж-а Кичи Кавказдын аралыгын[[File:ГРУЗИЯ43.png | thumb | Грузиянын Кара деӊиз жак жээги.]] | |||
Колхида ойдуӊу, Ички Картли, Төмөнкү Картли ж-а Алазани түздүктөрү ээлейт. Грузиянын аймагы альп бүктөлүшүнө кирет. Мында эӊ байыркы мезгилден антропогенге чейинки чөкмө, жанар тоо ж-а метаморфизмделген тоо тек катмарлары кездешет. Интрузия тоо тектери да кеӊири таралган. Грузиянын аймагы үчүн антропоген мезгилинде тектоникалык кыймылдардын ж-а жанар тоонун активдүүлүгү мүнөздүү. Кен байлыктарынан марганец (Чиатура), таш көмүр (Ткибули, Ткварчели), нефть (Колхида, Сырткы Кахети), полиметалл, сурьма, мышьяк (Чоӊ Кавказдын түштүк капталы), жез (Марнеули), курулуш материалдары казылып алынат. Грузияда 1300гө жакын минералдуу булак бар; белгилүүлөрү: Цхалтубо, Боржоми, Мнжи, Авадхара ж. б. Батышына субтропиктик, чыгышына субтропиктен мелүүнгө өтмө климат мүнөздүү. Январдын орточо температурасы 3°Сден (Колхида) 2°Сге чейин (Иберия ойдуӊунда), августуку 23–26°С. Жылдык жаан-чачыны Грузиянын Кара деӊиз тарабындагы батыш бөлүгүндө 1000 ''мм'', тоолорунда 2800 ''мм''; Чыгыш Грузияда 300–600 ''мм'' (кургакчыл келет). Ири дарыялары: Кура, Риони, Ингури; көлдөрү – Палеостоми, Рица, Амт-көл. Суулары Кара ж-а Каспий деӊиздеринин алабына кирет. Деӊиз жак жээги тропиктик күл, кызыл ж-а сары, тоо этектерине чиринди карбонаттуу топурактар мүнөздүү. Күрөӊ ж-а күрөӊ-токой топурактары | |||
[[File:ГРУЗИЯ44.png | thumb | Грузиядагы улуттук табигый парк.]] | [[File:ГРУЗИЯ44.png | thumb | Грузиядагы улуттук табигый парк.]] | ||
кеӊири таралган. Оёӊ жерлерине аллювий, кара ж-а коӊур, тоолордо шалбаа-тоо топурактары басымдуу. Аймагынын <sup>2</sup>/<sub>5</sub> бөлүгүнө жакынын токой ээлейт. Колхида ойдуӊундагы жазы жалбырактуу токойдо тисс, эмен, самшит, рододендрон, лиана ж. б.; тоо этектеринде мисте, арча ж. б. өсөт. Тбилиси жаратылыш улуттук паркы, коруктар бар. | кеӊири таралган. Оёӊ жерлерине аллювий, кара ж-а коӊур, тоолордо шалбаа-тоо топурактары басымдуу. Аймагынын <sup>2</sup>/<sub>5</sub> бөлүгүнө жакынын токой ээлейт. Колхида ойдуӊундагы жазы жалбырактуу токойдо тисс, эмен, самшит, рододендрон, лиана ж. б.; тоо этектеринде мисте, арча ж. б. өсөт. Тбилиси жаратылыш улуттук паркы, коруктар бар. | ||
'''Калкы.''' Негизги калкы – грузиндер (70,1%), ошондой эле осетин, армян, абхаз, орус, азербайжандар да бар. Орточо жыштыгы 1 ''км''<sup>2</sup>ге 70 киши. Христиан (православие) динин тутат. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники – 70, аялдарыныкы – 78 жаш. Шаар калкы 58%.[[File:ГРУЗИЯ45.png | thumb | Тбилиси шаарынын ишкер бөлүгү.]] | |||
Негизги калкы – грузиндер (70,1%), | |||
[[File:ГРУЗИЯ45.png | thumb | Тбилиси шаарынын ишкер бөлүгү.]] | |||
Ири шаарлары: Тбилиси, Кутаиси, Рустави, Батуми, Зугдиди, Гори. | Ири шаарлары: Тбилиси, Кутаиси, Рустави, Батуми, Зугдиди, Гори. | ||
'''Тарыхы.''' Грузиянын аймагында адамдар эзелки заманда эле отурукташкан. Б. з. ч. 2-миӊ жылдыктын аягында алгачкы мамлекеттик бирдиктер пайда болгон. Б. з. ч. 8-кылымда азыркы Грузиянын аймагына киммерий, кийинчерээк скиф (сак) уруулары басып киришкен. Андан соӊ Кавказ аймагы Мидия падышалыгына (б. з. ч. 7-кылым) ж-а Ахемениддер мамлекетине (б. з. ч. 6-кылым) караган. Б. з. ч. 6-кылымда Батыш Грузияда Колхида, 4–3-кылымдарда Чыгыш Грузияда Иберия падышалыктары түзүлгөн. Б. з. ч. 2-кылымда Грузияны Понтия падышалыгы, кийин Рим империясы басып алган. 3–4-кылымдарда Грузияда христиан дини жайылтылып, мамлекеттик динге айланган. 523-жылы Грузияны Сасаниддер мамлекети караткан. 7-кылымдын ортосунан 9-кылымга чейин Грузиянын аймагынын чоӊ бөлүгү Араб халифатынын курамында келген. 8–9-кылымдарда феодалдык жаӊы княздыктар (самтавро) ж-а падышалыктар түзүлгөн. Алардын өз ара таймашы 11-кылымдын башында Грузияны бирдиктүү феодалдык мамлекетке баш коштуруу м-н аяктаган. Давид I (1073–1125), Георгий III (1156–84), Тамара (1184–1213) падышалардын тушунда Грузия Кавказдагы күчтүү мамлекетке айланган. Бул доордо шаарлар өнүгүп, маданият жогорулаган. 11–12-кылымдарда Грузия түрк-селжук жапырагынын мизин кайтарган Закавказье м-н [[File:ГРУЗИЯ46.png | thumb | none]] | |||
Жакынкы Чыгыштагы күчтүү мамлекеттерден болгон. 13-кылымдын 2-чейрегинде Грузияны татар-монголдор басып алат. 14-кылымдын 2-жарымында Тимур жортуулунан өлкө толук бүлүнүп, феодалдык бытырандылыкка дуушар болот. 15-кылымдын аягында Грузия көз каранды эмес Картли, Кахети, Имерети падышалыктарына, Самцхе-Саатабаго (Түштүк Грузия) княздыктарына бөлүнөт. 16–18-кылымдарда грузин эли Түркия ж-а Иран баскынчыларына каршы күрөшөт. 18-кылымдын 2-жарымынан, башкача айтканда падыша Ираклий IIнин (1744–98) тушунда Картли-Кахети падышалыгы (Чыгыш Грузия) күчтөнө баштайт. Соломон Iнин (1752–84) тушунда Батыш Грузия эли түрктөргө каршы ийгиликтүү күрөшөт. 1783-жылы Георгий трактаты боюнча Картли-Кахети падышалыгы Россиянын протекторатына айланат. 1801–10-жылдарда Чыгыш Грузия бүт бойдон Россиянын курамына кошулат. 1803–64-жылдарда Батыш Грузия Россияга кошулган (Тифлис ж-а Кутаиси губерниялары). 19-кылымдын 30–40-жылдарында майда товар өндүрүшү өркүндөй баштап, мануфактура ишканалары пайда болуп, шаар калкы өскөн. 1864–71-жылдарда Грузияда крепостной түзүлүш жоюлуп, өлкөнүн капиталисттик жол м-н өсүшү ылдамдайт; темир жол курулушу кулач жайып, фабрика өндүрүшү пайда болот; тоо-кен өнөр жай чоӊ ийгиликтерге жетишип, соода, дыйканчылыгы өөрчүйт. 1860-жылдан Грузияда улуттук-боштондук кыймыл күчөйт. Февраль буржуазиялык-демократиялык революциясынан (1917) кийин Грузияда бийликке эсерлер м-н меньшевиктер келген. 1918-жылы Грузия көз каранды эмес республика болуп жарыяланган. 1921-жылы Кызыл Армиянын бөлүктөрү меньшевиктер өкмөтүн кулатып, Грузияда Совет бийлиги орнотулган. 1921-жылы 25-февралда Грузин ССРи түзүлгөн. 1922-жылы февраль – мартта Советтердин бүткүл грузиялык 1-съездинде Грузин ССРинин Конституциясы кабыл алынган. 1922-жылдын 22-мартынан Грузия Закавказье федерациясынын (ЗСФСР) курамына кирген. 1936-жылы 5-декабрда Грузия өз алдынча союздук республика болуп түзүлгөн. Совет бийлигинин мезгилинде Грузияда өлкөнү индустриялаштыруу ж-а коллективдештирүү жүзөгө ашырылган. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде грузин калкы бүткүл совет эли м-н бирге фронтто да, душман тылында да, партизан отряддарында да фашисттик баскынчыларга каршы күрөшүп, Европадагы каршылык көрсөтүү кыймылына катышты. 134 жоокер грузинге Советтер Союзунун Баатыры наамы, 55 миӊ адамга СССРдин ордендери берилди. 1991-жылы өткөрүлгөн жалпы элдик референдумдун жыйынтыгы боюнча республиканын парламенти 1918- ж-а 1921-жылдардагы конституцияны калыбына келтирүү тууралуу акт кабыл алган. 1991-жылы майда З. Гамсахурдиа президент болуп шайланган. 90-жылдын башында Грузияда (Абхазия ж-а Түштүк Осетияда) улуттар аралык жаӊжалдар күч алган. 1991-жылдын декабрь айында президент м-н оппозициянын ортосунда күрөш башталган. Натыйжада Гамсахурдиа өлкөнү таштап кетүүгө аргасыз болгон. Тенгиз Китовани жетектеген Аскердик кеӊеш президентти бийликтен алып, парламентти таркаткан ж-а бийликти колго алган. 1992-жылы Аскердик кеӊеш таркатылып, анын ордуна Э. Шеварднадзе жетектеген Мамлекеттик кеӊеш түзүлгөн. 1993-жылы күзүндө З. Гамсахурдианын бийликти кайра алууга аракети ийгиликсиз аяктап, 1994-жылы январда өлтүрүлгөн. 1995-жылы жаӊы конституция кабыл алынган соӊ, анын негизинде өткөн президенттик шайлоодо Э. Шеварднадзе президенттикке шайланган. Эки мөөнөт иштеген соң, 2003-жылы «баркыт революциянын» жыйынтыгында Э. Шеварднадзе отставкага кеткен. 2004-жылдагы кезексиз президенттик шайлоодо шайлоочулардын 96,3% М. Саакашвилиге добуш беришкен. 2004-жылы 28-мартта президенттин жарлыгына ылайык парламенттик шайлоо болуп, анда президентти колдогон "Бириккен кыймыл - Демократтар" саясий тобу Грузия парламентиндеги 235 орундун 135ин жеңип алып, ийгиликке жетишкен. 2005–06-жылдары Грузияда укук коргоо органдарын бекемдөөгө ж-а уюшкан кылмыштуулукка каршы турууга багытталган бир катар реформалар жүргүзүлгөн. Грузиянын жаңы өкмөтү АКШ м-н саясий ж-а аскердик кызматташтыкты өркүндөтүү, ошондой эле Грузиянын НАТОго кирүү жолун белгилеген. 2008-жылы август айында Түштүк Осетияда куралдуу кагылышуу болуп, натыйжада Абхазия м-н Түштүк Осетия Грузиядан өз алдынча бөлүнүп чыккан. РФ Абхазия м-н Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын тааныган. 2013-жылы шайлоодо Саакашвили Гиоргий Маргвелашвилиге утулуп калган. Грузиядагы 2018-жылдын 28-октябрында президенттик шайлоодо Саломе Зурабишвили жеңип чыккан. Грузия дүйнөнүн 180 өлкөсү менен дипломатиялык мамиледе. Эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин Грузиянын тышкы саясаты НАТОго ж-а ЕСке кирүүгө багытталган. | |||
'''Экономикасы.''' Грузия – агрардык-индустриялуу өлкө. Мурунку СССРдеги республикалар м-н экономикалык байланыштын үзүлүшү ж-а Абхазия м-н болгон согуш өлкөнүн экономикасына терс таасирин тийгизди. Көптөгөн өнөр жай тармактарында өндүрүштүн төмөндөшү байкалган. ИДПнин көлөмү 17,7 млрд долларды түзүп, аны киши башына бөлүштүргөндө 4,7 доллардан (2017; АКШ) туура келет. ИДПде өнөр жайдын үлүшү 22%, айыл чарбаныкы 58%. 1994-жылы 6,8 млрд ''кВт.с'' электр энергиясы өндүрүлгөн. Тамак-аш–татымал (чай, шарап, коньяк, минерал суулар, тамеки, эфир майы, жашылча-жемиш консервалары ж. б.), жеӊил (жибек, кыл торко, кебез кездеме, бут кийим, трикотаж, тигүү) өнөр жайлары өнүккөн. Ошондой эле машина куруу, химия, нефть-химия, нефть ажыратуу, кара ж-а түстүү металлургия өнөр жай ишканалары иштейт. Күрдүү топурагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өсүшүнө жагымдуу шарт түзөт. Айыл чарбага жарактуу жери 3,2 млн ''га'', анын ичинде 11%ин айдоо аянты ээлейт. Кара деӊиз жээги чай өстүрүүгө адистештирилген (аянты 62,3 миӊ ''га'', 516,1 миӊ т чай жалбырагы жыйналат). Ошондой эле цитрус өсүмдүктөрү, лавр жалбырагы, дан эгиндери (буудай, жүгөрү, арпа), тамеки, кант кызылчасы, бадам өстүрүлөт. Грузиянын чыгышында жүзүмчүлүк, жемиш өстүрүү өнүккөн. Мал чарбасынын башкы тармагы – эт-сүт багытындагы бодо мал. Андан сырткары кой, чочко асыралат. Үй куштары багылат. Темир жолунун узундугу 1,58 миӊ ''км'', автомобилдики 21 миӊ ''км'' (анын ичинде 19,6 миӊ ''км''и асфальтталган). Негизги деӊиз порттору: Батуми, Поти. Баку – Батуми нефть кууру, Түндүк Кавказдан Азербайжанга газ кууру кетет. Көптөгөн деӊиз климаттык (Гагра, Пицунда, Жаӊы Афон, Кобулети ж. б.), бальнеология (Цхалтубо, Набеглави, Саирме ж. б.), бальнеология-климаттык (Боржоми, Авадхара, Жава ж. б.), тоо-климаттык (Абастумани, Бакуриани, Бахмаро ж. б.) курорттору бар. Сыртка кара ж-а түстүү металл куймалары, машина куруу өнөр жайынын продукциялары, чай, суусундуктар чыгарылат. Сырттан нефть ж-а нефть продукциясын, тамеки, жаратылыш газын, автомобиль, химикаттар, азык-түлүк, жеӊил өнөр жайынын продукцияларын алат. Туризм өнүгүүдө. Негизги сырткы соода шериктери: Россия, Түркия, Армения, Азербайжан. | |||
'''Маданияты.''' Грузияда 4-кылымдын 1-жарымында эле Фасисте (азыркы Поти) жогорку риторика мектеби – Колхида академиясы болгон. 5-кылымдан чиркөө, монастырь мектептери ачылган. Агартуу иши Грузия Россияга кошулгандан баштап бир кыйла өөрчүгөн. Совет бийлиги орногондон кийин өз тилинде окутуу киргизилген. 20-жылдарда мектепке чейинки мекемелер ачылган. Ири окуу жайлары, илимий мекемелери, китепканалар, музейлери иштейт. Грузин тилинде китеп басып чыгаруу 17-кылымдын 1-жарымынан башталган. Мезгилдүү басма сөз 19-кылымдын башында пайда болгон. «Соплис цховреалитературали сакартвело», «Сакартвелос кали», «Лело», «Дроша», «Заря Востока», «Мнатоби» ж. б. гезит-журналдары чыгып турган. Радиоуктуруу 1927-жылы башталган, 1970-жылдан 4 программада – грузин, орус, азербайжан, армян тилдеринде берилет. Телекөрсөтүү 1956-жылдан иштейт. Телеборбору Тбилисиде. Грузия адабияты – эӊ байыркы адабияттардын бири. Анын түпкү булагы – элдик оозеки чыгармачылык. Байыркы грек акыны Аполлон Родосскийдин (б. з. ч. 3-кылым) чыгармаларында грузиндер жөнүндө айтылат. Алгачкы доордо диний адабият м-н котормо басымдуу болгон. 5–11-кылымдардын аралыгында чиркөөлүк дин адабияты өнүккөн. 12-кылымдан Грузия адабиятынын жаӊы доору башталган. Баатырдык-фантастикалык аӊгеме («Амиран-Дарежаниави»), роман («Висрамиани»), поэмалар (Шавтели, «Абдул-Мессия»; Чахрухадзе, «Тамариани») пайда болгон. Шота Руставелинин «Жолборс терисин жамынган баатыр» поэмасы жаралат. Анда гуманизмдин улуу идеялары, достук, сүйүү даӊазаланган. | |||
Моӊгол-татар эзүүсү (13–14-кылымдар), перстер м-н түрктөрдүн (16–18-кылымдар) жортуулдары Грузия маданиятынын төмөндөшүнө алып келген. 17–18-кылымдардагы адабияттын негизги темасы жат душмандардан өлкөнү бошотуу болгон. Бул мезгилдеги адабияттын көрүнүктүү өкүлдөрү – Сулхан Саба Орбелиани, Мамук Бараташвили. 18-кылымдын 2-жарымында белгилүү жазуучу Давид Гурамишвили «Грузия кайгысы» поэмасын жараткан. Грузия нын Россияга кошулушу (18-кылымдын аягы) адабият тарыхына да айрыкча таасирин тийгизген. 19-кылымдын 1-жарымында Грузия адабиятында романтизм (ири өкүлдөрү – А. Г. Чавчавадзе, Г. З. Орбелиани, Н. М. Бараташвили) өнүккөн. 19-кылымдын 2-жарымынан реализм (Г. Д. Эристави) үстөмдүк кылган. Сын реализминин ири өкүлдөрү И. Г. Чавчавадзе м-н А. Р. Церетелинин чыгармачылыгы социалдык ж-а улуттук эзүүгө каршы багытталган. 80-жылдары Грузия адабиятына белгилүү акын Важа Пшавела м-н жазуучу А. М. Казбеги кошулган. 19-кылымда – 20-кылымдын башында адабияттагы негизги орунду таптык күрөш ээлеп (Э. Ф. Ниношвили, Д. С. Клдиашвили ж. б.), чыгармаларда негизинен эзилген элдин оор турмушу чагылдырылган. 20-кылымдын башында В. Барновинин тарыхый романдары, Ш. Арагвиспирели м-н Ч. Ломтатидзенин новеллалары, И. Евдошвили, Н. Чхиквадзелердин чыгармалары жаралган. Грузин совет адабияты грузин классикалык адабияты м-н орус революциячыл адабиятынын таасиринде өнүккөн. Революциянын алгачкы мезгилинде адабиятчылар арасында ар түрдүү топтор болгону м-н, кийин пролетариат жазуучулар ассоциациясына бириккен. 1927-жылы Грузия жазуучуларынын 1-съезди болгон. Н. Лордкипанидзе, Л. Киачели, М. Жавахишвили, К. Гамсахурдиа, С. Клдиашвили, Г. Леонидзе, Т. Табидзе, П. Яшвили, В. Гаприндашвили, С. Чиковани, С. Шаншиашвили, И. Гришашвили, Ш. Апхаидзе ж. б. көрүнүктүү акын-жазуучулардын чыгармалары жазылган. Грузин драматургиясынын негиз салуучулары: Ш. Дадиани, П. Какабадзе, С. Шаншиашвили ж. б. 20–30-жылдарда адабиятка И. Абашидзе, А. Мирцхулава, К. Лордкипанидзе, К. Каладзе, Г. Абашидзе өӊдүү поэзия м-н прозанын чеберлери кошулду. Л. Готуа, Р. Маргвави, Л. Асатиани, И. Нонешвили, А. Калавдадзе, X. Берулава, О. Чхеидзе, Л. Авалиани, Р. Жаваридзе, М. Лебавидзе, М. Мачавариани, Н. Думбадзе ж. б. акын-жазуучулар грузин адабиятын жаӊы мотивдер м-н байытышкан. Грузин жазуучуларынын чыгармалары дүйнө элдеринин көптөгөн тилдерине, анын ичинде кыргыз тилине да которулган. Шота Руставелинин акын А. ''Осмонов'' которгон «Жолборс терисин жамынган баатыр» поэмасы 4 жолу (1940, 1951, 1956, 1976) басылып чыккан. Грузин искусствосунун байыркы эстеликтери б. з. ч. (Шулаверис, Урбниси) 5–4-кылымдарга туура келет. Б. з. ч. 1-кылымдын аягынан биздин доордун алгачкы кылымдарындагы таат-ибадат имараттары сакталып калган. 4-кылымда христиан дини кабыл алынгандан кийин ж-а феодалдык түзүлүш калыптана баштаганда шаарлар курула баштаган. Көптөгөн храмдар, базилика чиркөөлөрү курулган (Болнис Сиону; 478–493; Тбилисидеги 5–6-кылымдардагы Анчисхат чиркөөсү; оригиналдуу базиликалар ж. б.). 6–7-кылымдарда кумпалуу храмдар (Жвари, 586/87–604; Бана, 7-кылым) курулган. 10–13-кылымдарда шаарлар, сепилдер, монастырлар, храмдар, ак сарайлар, академиялар (Ошки, 10-кылым; Кутаисидеги Баграт храмы, 1003; Мцхетадагы Светицховели собору, 1010–29 ж-а Алаверди собору, 11-кылым; Гелат монастыры, 12-кылым; Вардзиа комплекси, 12-кылым ж. б.) салынган. 20-кылымдын | |||
[[File:ГРУЗИЯ48.png | thumb | Мцхетадагы Светицховели собору. 1010–29.]] | [[File:ГРУЗИЯ48.png | thumb | Мцхетадагы Светицховели собору. 1010–29.]] | ||
башында курулушка улуттук мотивдерди пайдалануу аракеттери кыйла ийгиликтерге жеткен. Бөтөнчө 1930- | башында курулушка улуттук мотивдерди пайдалануу аракеттери кыйла ийгиликтерге жеткен. Бөтөнчө 1930-жылдары советтик индустриялаштыруу планынын негизинде шаарлар, курорт-санаторийлер, турак үйлөр ж-а коомдук имараттар кайра курула баштаган. 1941–45-жылдары эски шаарлар реконструкцияланып (Гори, Цхалтубо), 50-жылдары ири индустриялык объектилерге байланыштуу шаарлар өсүп чыккан (металлургдардын шаары Рустави ж. б). Тбилисиде ж. б. шаарларда административдик имараттар (Грузин ССРинин Тби- | ||
[[File:ГРУЗИЯ49.png | thumb | Сухумидеги лимонарий.]] | [[File:ГРУЗИЯ49.png | thumb | Сухумидеги лимонарий.]] | ||
лисидеги Өкмөт Үйүнүн башкы корпусу, 1938–53, | лисидеги Өкмөт Үйүнүн башкы корпусу, 1938–53, архитекторлор В. Д. Кокорин ж-а Г. И. Лежава, В. Д. Насаридзе), театрлар, окуу жайлары, спорт комплекстери курулган. 60–80-жылдарда жаӊы конструкциядагы композициялары м-н архитектуралык формалары ж-а көлөмү жагынан айырмаланган имараттар долбоорлонгон: Тбилисиде Спорт сарайы (1961), «Иверия» мейманканасы (1967), филармониянын концерттик залы (1971), Салтанаттуу чогулуш үйү (1984) курулган. Чоӊ шаарлардын ж-а курорттордун, Тбилисинин генпландары иштелип чыккан. Архитектурада скульптура, мозаика, живопись ж-а чеканка паннолору колдонулган (Тбилисиде Нике үйү, 1965; метрополитен станциясы, 1966). Байыркы көркөм маданияттын гүлдөп өсүшү б. з. ч. (Самгори, Триалети) 3–2-кылымдарга туура келет. Орто кылымда рельеф скульптурасы, монумент живописи өнүгө баштаган. 19-кылымдын аягында грузин искусствосунун жаӊыча негиздери түзүлгөн. Грузин скульпторлору Я. И. Николадзе | ||
[[File:ГРУЗИЯ50.png | thumb | Падыша Багратиондун алтын чөйчөгү. 11-кылым]] | |||
Байыркы көркөм | |||
[[File:ГРУЗИЯ50.png | thumb | Падыша Багратиондун алтын чөйчөгү. 11- | |||
ж-а таланттуу живописчи Н. Пиросманашвилинин чыгармалары белгилүү болгон. 1920–30-жылдары пейзаж жанры өнүккөн, өлкөнү индустриялаштыруу ж-а айыл жерин өзгөртүү темасы көтөрүлгөн. Китеп графикасы, станоктук графика, скульптурада портрет алдыӊкы орунду ээлеп, монумент скульптурасы өнүккөн. 1941–45-жылдарда үгүт графикасы, бөтөнчө плакат өнөрү өнүгүп, живопись м-н скульптурада баатыр жоокерлердин портреттери, аскердик-патриоттук темадагы тарыхый сүрөттөр тартылган. Монумент живописи өнүгүп (мозаика, дубалга тартылган сүрөт), Р. И. Стуруа, З. К. Церетели, Б. А. Бердзеншивили ж. б. сүрөтчүлөрдүн чыгармалары белгилүү болгон. Темир, чеканка ж-а карапа өнөрү да өнүккөн. Архитекторлорду Тбилисидеги Грузин политехникалык институту, сүрөтчүлөрдү ж-а архитекторлорду – Тбилиси Сүрөтчүлөр академиясы даярдайт. 1933-жылы Сүрөтчүлөр союзу, 1934-жылы Архитекторлор союзу уюшулган. Грузин эли тарабынан түзүлгөн музыкалык фольклор жанры стилинин ар түрдүүлүгү м-н айырмаланат. Көп үндүүлүк – грузин элдик ырынын мүнөздүү белгиси. Грузияда 4-кылымда чиркөө музыкасы пайда болгон; 9-кылымда чиркөөдө ырдоону үйрөнүү системасы калыптанган. 19-кылымда профессионал музыкалык маданият өнүгө баштаган. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында грузин улуттук операсы (М. Баланчивадзе, «Дарежан Цбиери»; Д. Аракишвили, «Шота Руставели жөнүндө жомок»; З. Палиашвили, «Абесалом жана Этери»; В. Долидзе, «Кето жана Котэ» ж. б.) түзүлгөн. 1922-жылы Тбилисиде экинчи консерватория ачылган (1924-ж. биринчи консерватория м-н бириктирилген), «Жаш грузин музыканттарынын коому» ж-а кылдуу оркестр, 1924-жылы – симфониялык ж-а кылдуу квартет уюшулган. Грузин эл ырларын кайра иштеп чыгууда алгачкы грузин совет композиторлору ж-а музыка таануучулары – М. А. Баланчивадзе, Ш. М. Мшвелидзе, Г. И. Кокеладзе, Г. З. Чхиквадзе ж. б. чыккан. 20–30-жылдарда И. И. Туския, Г. В. Киладзе, Ш. М. Тактакишвили, И. Р. Гониели, М. А. Баланчивадзе ж. б. композиторлор симфониялык ж-а камералык музыканы түптөшкөн. Алгачкы симфонниялык поэма – Г. Киладзенин «Гандегили» («Дербиш», 1937). 1936-жылы биринчи грузин балети Баланчивадзенин «Мзечабуки» (кийин жаӊы редакцияда «Тоо жүрөгү» деген ат м-н) коюлган. Андан кийин Киладзенин «Синатле» («Жарык», 1947, 1965) ж-а Торадзенин баатырдык-патриоттук «Горда» (1949) балети репертуарга бекитилген. Дүйнөлүк классикалык-адабий чыгармаларга да орун берилген: Мачаварианинин «Отелло» (1957), Цинцадзенин «Демон» (1961), М. А. Баланчивадзенин, «Мцыри» (1964), Габичвадзенин «Гамлет» (1971) балеттери коюлган. Улуттук опера ж-а балет өнөрүнүн борбору – Грузин опера ж-а балет театры. Театр улуттук вокал өнөрүнүн мектебин түзгөн. Анын баштоочтору: Грузин ССР | |||
[[File:ГРУЗИЯ51.png | thumb | «Медея». З. Палиашвили атындагы театр.]] | |||
эл артисти В. П. Сараджишвили, О. А. Бахуташвили-Шульгина ж-а СССР эл артисти А. И. Инашвили. Ырчылар: СССР эл артисти П. В. Амиранашвили, Д. Я. Андгуладзе, З. И. Анджапаридзе ж. б. Дирижёр искусствосунун түптөөчүлөрү – Грузин ССР эл артисти И. П. Палиашвили ж-а Грузин ССРинин эмгек сиӊирген артисти Ш. И. Азмайпарашвили; грузин пианисттер мектебинин түзүүчүлөрү – Грузин ССР эл артисти А. Д. Вирсаладзе, А. И. Тулашвили, скрипачтар – Грузин ССР эл артисти М. Л. Яшвили, Л. А. Исакадзе, Н. Л. Яшвили, грузин балетин түзүүчүлөр – СССР эл артисти балетмейстер В. М. Чабукиани ж. б. | |||
[[File:ГРУЗИЯ52.png | thumb | Ажариялык бий ансамбли.]] | [[File:ГРУЗИЯ52.png | thumb | Ажариялык бий ансамбли.]] | ||
Грузияда (1973) З. П. Палиашвили | Грузияда (1973) З. П. Палиашвили атындагы Тбилиси опера ж-а балет театры (Кутаисиде филиалы бар), В. Абашидзе атындагы Тбилиси музыкалык комедия театры (1934), Мамлекеттик симфониялык оркестр (1933), радио ж-а телекөрсөтүүнүн симфониялык оркестри, Грузин ССРинин кыл аспаптар оркестри (1930) бар. Грузин филармониясына хор капелласы, 3 элдик ыр-бий ансамбли, «Рэро» элдик ыр-бий ансамбли, «Орэра» эстрадалык вокалдык-инструменталдык ансамбли кирет. Тбилисиде В. П. Сараджишвили атындагы консерватория, 3 музыкалык окуу жайы, Борбордук музыкалык мектеп, шаарларда, райондун борборлорунда ж-а айылдарда 20га жакын музыкалык мектептер иштейт. 1932-жылы Композиторлор союзу уюшулган. Орто кылымда ордо театры – Сахиоба өнүккөн. 18-кылымдын 90-жылдары падыша Ираклий IIнин хан сарайында аксөөктөр театры түзүлгөн. Драматург Г. Эристави 1850-жылы грузин профессионал театрын негиздеген. 1879-жылы И. Чавчавадзе м-н А. Церетели Тбилисиде ж-а Кутаисиде улуттук профессионал театрларды кайрадан түзүшкөн. Бул театрларда В. Абашидзе, В. Алекси Месхишвили өӊдүү көрүнүктүү артисттер иштеген. Грузияда Совет бийлиги орногондон кийин грузин совет театрынын чыгармачылык жогорулашы реформатор режиссёр К. А. Маржанишвилинин ысымы м-н байланыштуу болгон. 1928-жылы анын жетекчилиги м-н Кутаисиде жаӊы театр – Мамл. драма театры (1930-жылы Тбилисиге которулган, 1933-жылы К. Маржанишвилинин аты ыйгарылган) негизделген. Ш. Руставели атындагы театрды (1926–35) Маржанишвилинин жолун жолдоочу А. В. Ахметели жетектеген. 20–30-жылдардын көрүнүктүү театр артисттери: С. Д. Такаишивили, В. Д. Годзиашвили, С. А. Закариадзе, Г. В. Шавгулидзе, А. Л. Кванталиани, Т. Г. Цулукидзе ж. б. 1940–50-жылдары актёрлор арасына жаӊы толуктоолор келген: М. В. Чахава, М. С. Тбилели, С. А. Канчели, Н. Г. Чхеидзе, Е. В. Кипшидзе ж. б. 1970-жылы Грузияда 22 профессионалдык драма театр, анын ичинде Тбилисиде: Ш. Руставели атындагы драма театры, К. Маржанишвили атындагы драма театры, Грузин Жаштар театры, Орус Жаштар театры, Грузин куурчак театры, А. С. Грибоедов атындагы Орус драма театры ж. б. Кутаиси, Сухуми, Батуми, Рустави, Гори, Ихинвали ж. б. шаарларында театрлар иштейт. 1939-жылы Тбилисиде Ш. Руставели атындагы мамлекеттик театр институту уюшулган. 1945-жылы Грузин театр коому түзүлгөн. 1912-жылы В. Амашукели «Акакий Церетелинин Рачеге жана Лечхумиге саякаты» деген биринчи документалдуу киноочерк тарткан. 1919-жылы режиссер А. Цуцунава «Христинэ» туӊгуч көркөм фильмин койгон. 20–30-жылдарда «Кызыл азезилдер» (1923, режиссер И. Перестиани), «Элисо» (1928, режиссер Н. Шенгелая), «Акыркы маскарад» ж-а «Арсен» (1934, 1937, режиссер М. Чиаурели) ж. б. фильмдер тартылган. 50-жылдары грузин киносунун жаӊы этабы башталган. Ушул мезгилде «Луржа Магданы» (1956, режиссерлорТ. Абуладзе ж-а Р. Чхеидзе), «Бөтөн балдар» (1958, режиссер Т. Абуладзе), «Солдаттын атасы» (1965, режиссер Р. Чхеидзе) ж. б. фильмдер коюлган. Белгилүү актёрлору: Н. Вачнадзе, М. Геловани, С. Закаридзе, Л. Абанеидзе, С. Багашвили ж. б. Көркөм фильмдерди «Грузия-фильм» киностудиясы чыгарган. Грузин студиясында хроникалдуу-даректүү ж-а илимий-популярдык бир катар фильмдерди оператор-режиссер Г. И. Асатиани («Ар түрдүү кабаттуу Америка», «Мюнхен 25 жылдан кийин» ж. б.), режиссёрлор Д. А. Абашидзе, И. И. Канделаки, Ш. И. Хомерики ж. б. тартышкан. Мультипликациялык кинодо иштеген режиссер В. Д. Бахтаузе, А. Н. Хинтибидзе ийгиликтерге жетишкен. Телефильм студиясы уюшулган. Кинематографисттер союзу 1957-жылы түзүлгөн. | ||
1912- | |||
Ад.: ''Беридзе В.'' Грузинская архитектура с древнейших времён до начала ХХ века. Тб., 1967; ''Февральский А. В.'' Театр имени Руставели. М., 1959; Грузинская музыкальная культура. Сб. ст. М., 1957; ''Церетели К. К''. Киноискусство Советской Грузии. М., 1969; История всемирной литературы. М., 1983; Сто великих писателей. М., 2000; ''Беридзе В., Езерская Н.'' Искусство Советской Грузии. 1921–1970. М., 1975; ''Джанберидзе Н. Ш., Цицишвили И. Н.'' Архитектура Грузии от истоков до наших дней. М., 1976. | Ад.: ''Беридзе В.'' Грузинская архитектура с древнейших времён до начала ХХ века. Тб., 1967; ''Февральский А. В.'' Театр имени Руставели. М., 1959; Грузинская музыкальная культура. Сб. ст. М., 1957; ''Церетели К. К''. Киноискусство Советской Грузии. М., 1969; История всемирной литературы. М., 1983; Сто великих писателей. М., 2000; ''Беридзе В., Езерская Н.'' Искусство Советской Грузии. 1921–1970. М., 1975; ''Джанберидзе Н. Ш., Цицишвили И. Н.'' Архитектура Грузии от истоков до наших дней. М., 1976. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
10:04, 1 Ноябрь (Жетинин айы) 2024 -га соңку нускасы
ГРУ́ЗИЯ (Сакартвело), Г р у з и н Р е с п у б л и к а с ы (Сакартвелос Республика) – Батыш Азиядагы мамлекет. Закавказьенин батышында ж-а борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Түндүгүнөн

Россия, чыгышынан ж-а түштүк-чыгышынан Азербайжан, түштүгүнөн Армения ж-а Түркия м-н чектешет. Батышын Кара деӊиз чулгайт. Аянты 69,7 миӊ км2. Калкы 3,7 млн (2020). Борбору – Тбилиси ш. Мамлекеттик тили – грузин тили. Курамында Ажария Республикасы, 66 (9 крайга бириктирилген) район, 62 шаар, 52 шаарча бар. Акча бирдиги – лари. Грузия БУУнун, ЮНЕСКОнун, Европалык кеӊештин, ЭВФтин, Кара деӊиз экономикалык кызматташтык уюмунун, Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун, КМШнын мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү. Грузия – унитардык мамлекет. Конституциясы 1995-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу парламент. Саясий партиялары: Грузиянын демократиялык союзу, Грузиянын элдик фронту, Христиан-демократиялык союзу, Республикалык партия ж. б.
Табияты. Аймагынын басымдуу бөлүгүн (4/5) тоолор ээлейт. Түндүгүндө Чоӊ Кавказ (Кавкасиони) тоо системасы (эӊ бийик чокусу Шхара, 5068 м), түштүгүндө Кичи Кавказ (Казбек, 5033 м) жатат. Чоӊ ж-а Кичи Кавказдын аралыгын

Колхида ойдуӊу, Ички Картли, Төмөнкү Картли ж-а Алазани түздүктөрү ээлейт. Грузиянын аймагы альп бүктөлүшүнө кирет. Мында эӊ байыркы мезгилден антропогенге чейинки чөкмө, жанар тоо ж-а метаморфизмделген тоо тек катмарлары кездешет. Интрузия тоо тектери да кеӊири таралган. Грузиянын аймагы үчүн антропоген мезгилинде тектоникалык кыймылдардын ж-а жанар тоонун активдүүлүгү мүнөздүү. Кен байлыктарынан марганец (Чиатура), таш көмүр (Ткибули, Ткварчели), нефть (Колхида, Сырткы Кахети), полиметалл, сурьма, мышьяк (Чоӊ Кавказдын түштүк капталы), жез (Марнеули), курулуш материалдары казылып алынат. Грузияда 1300гө жакын минералдуу булак бар; белгилүүлөрү: Цхалтубо, Боржоми, Мнжи, Авадхара ж. б. Батышына субтропиктик, чыгышына субтропиктен мелүүнгө өтмө климат мүнөздүү. Январдын орточо температурасы 3°Сден (Колхида) 2°Сге чейин (Иберия ойдуӊунда), августуку 23–26°С. Жылдык жаан-чачыны Грузиянын Кара деӊиз тарабындагы батыш бөлүгүндө 1000 мм, тоолорунда 2800 мм; Чыгыш Грузияда 300–600 мм (кургакчыл келет). Ири дарыялары: Кура, Риони, Ингури; көлдөрү – Палеостоми, Рица, Амт-көл. Суулары Кара ж-а Каспий деӊиздеринин алабына кирет. Деӊиз жак жээги тропиктик күл, кызыл ж-а сары, тоо этектерине чиринди карбонаттуу топурактар мүнөздүү. Күрөӊ ж-а күрөӊ-токой топурактары

кеӊири таралган. Оёӊ жерлерине аллювий, кара ж-а коӊур, тоолордо шалбаа-тоо топурактары басымдуу. Аймагынын 2/5 бөлүгүнө жакынын токой ээлейт. Колхида ойдуӊундагы жазы жалбырактуу токойдо тисс, эмен, самшит, рододендрон, лиана ж. б.; тоо этектеринде мисте, арча ж. б. өсөт. Тбилиси жаратылыш улуттук паркы, коруктар бар.
Калкы. Негизги калкы – грузиндер (70,1%), ошондой эле осетин, армян, абхаз, орус, азербайжандар да бар. Орточо жыштыгы 1 км2ге 70 киши. Христиан (православие) динин тутат. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники – 70, аялдарыныкы – 78 жаш. Шаар калкы 58%.

Ири шаарлары: Тбилиси, Кутаиси, Рустави, Батуми, Зугдиди, Гори.
Тарыхы. Грузиянын аймагында адамдар эзелки заманда эле отурукташкан. Б. з. ч. 2-миӊ жылдыктын аягында алгачкы мамлекеттик бирдиктер пайда болгон. Б. з. ч. 8-кылымда азыркы Грузиянын аймагына киммерий, кийинчерээк скиф (сак) уруулары басып киришкен. Андан соӊ Кавказ аймагы Мидия падышалыгына (б. з. ч. 7-кылым) ж-а Ахемениддер мамлекетине (б. з. ч. 6-кылым) караган. Б. з. ч. 6-кылымда Батыш Грузияда Колхида, 4–3-кылымдарда Чыгыш Грузияда Иберия падышалыктары түзүлгөн. Б. з. ч. 2-кылымда Грузияны Понтия падышалыгы, кийин Рим империясы басып алган. 3–4-кылымдарда Грузияда христиан дини жайылтылып, мамлекеттик динге айланган. 523-жылы Грузияны Сасаниддер мамлекети караткан. 7-кылымдын ортосунан 9-кылымга чейин Грузиянын аймагынын чоӊ бөлүгү Араб халифатынын курамында келген. 8–9-кылымдарда феодалдык жаӊы княздыктар (самтавро) ж-а падышалыктар түзүлгөн. Алардын өз ара таймашы 11-кылымдын башында Грузияны бирдиктүү феодалдык мамлекетке баш коштуруу м-н аяктаган. Давид I (1073–1125), Георгий III (1156–84), Тамара (1184–1213) падышалардын тушунда Грузия Кавказдагы күчтүү мамлекетке айланган. Бул доордо шаарлар өнүгүп, маданият жогорулаган. 11–12-кылымдарда Грузия түрк-селжук жапырагынын мизин кайтарган Закавказье м-н

Жакынкы Чыгыштагы күчтүү мамлекеттерден болгон. 13-кылымдын 2-чейрегинде Грузияны татар-монголдор басып алат. 14-кылымдын 2-жарымында Тимур жортуулунан өлкө толук бүлүнүп, феодалдык бытырандылыкка дуушар болот. 15-кылымдын аягында Грузия көз каранды эмес Картли, Кахети, Имерети падышалыктарына, Самцхе-Саатабаго (Түштүк Грузия) княздыктарына бөлүнөт. 16–18-кылымдарда грузин эли Түркия ж-а Иран баскынчыларына каршы күрөшөт. 18-кылымдын 2-жарымынан, башкача айтканда падыша Ираклий IIнин (1744–98) тушунда Картли-Кахети падышалыгы (Чыгыш Грузия) күчтөнө баштайт. Соломон Iнин (1752–84) тушунда Батыш Грузия эли түрктөргө каршы ийгиликтүү күрөшөт. 1783-жылы Георгий трактаты боюнча Картли-Кахети падышалыгы Россиянын протекторатына айланат. 1801–10-жылдарда Чыгыш Грузия бүт бойдон Россиянын курамына кошулат. 1803–64-жылдарда Батыш Грузия Россияга кошулган (Тифлис ж-а Кутаиси губерниялары). 19-кылымдын 30–40-жылдарында майда товар өндүрүшү өркүндөй баштап, мануфактура ишканалары пайда болуп, шаар калкы өскөн. 1864–71-жылдарда Грузияда крепостной түзүлүш жоюлуп, өлкөнүн капиталисттик жол м-н өсүшү ылдамдайт; темир жол курулушу кулач жайып, фабрика өндүрүшү пайда болот; тоо-кен өнөр жай чоӊ ийгиликтерге жетишип, соода, дыйканчылыгы өөрчүйт. 1860-жылдан Грузияда улуттук-боштондук кыймыл күчөйт. Февраль буржуазиялык-демократиялык революциясынан (1917) кийин Грузияда бийликке эсерлер м-н меньшевиктер келген. 1918-жылы Грузия көз каранды эмес республика болуп жарыяланган. 1921-жылы Кызыл Армиянын бөлүктөрү меньшевиктер өкмөтүн кулатып, Грузияда Совет бийлиги орнотулган. 1921-жылы 25-февралда Грузин ССРи түзүлгөн. 1922-жылы февраль – мартта Советтердин бүткүл грузиялык 1-съездинде Грузин ССРинин Конституциясы кабыл алынган. 1922-жылдын 22-мартынан Грузия Закавказье федерациясынын (ЗСФСР) курамына кирген. 1936-жылы 5-декабрда Грузия өз алдынча союздук республика болуп түзүлгөн. Совет бийлигинин мезгилинде Грузияда өлкөнү индустриялаштыруу ж-а коллективдештирүү жүзөгө ашырылган. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде грузин калкы бүткүл совет эли м-н бирге фронтто да, душман тылында да, партизан отряддарында да фашисттик баскынчыларга каршы күрөшүп, Европадагы каршылык көрсөтүү кыймылына катышты. 134 жоокер грузинге Советтер Союзунун Баатыры наамы, 55 миӊ адамга СССРдин ордендери берилди. 1991-жылы өткөрүлгөн жалпы элдик референдумдун жыйынтыгы боюнча республиканын парламенти 1918- ж-а 1921-жылдардагы конституцияны калыбына келтирүү тууралуу акт кабыл алган. 1991-жылы майда З. Гамсахурдиа президент болуп шайланган. 90-жылдын башында Грузияда (Абхазия ж-а Түштүк Осетияда) улуттар аралык жаӊжалдар күч алган. 1991-жылдын декабрь айында президент м-н оппозициянын ортосунда күрөш башталган. Натыйжада Гамсахурдиа өлкөнү таштап кетүүгө аргасыз болгон. Тенгиз Китовани жетектеген Аскердик кеӊеш президентти бийликтен алып, парламентти таркаткан ж-а бийликти колго алган. 1992-жылы Аскердик кеӊеш таркатылып, анын ордуна Э. Шеварднадзе жетектеген Мамлекеттик кеӊеш түзүлгөн. 1993-жылы күзүндө З. Гамсахурдианын бийликти кайра алууга аракети ийгиликсиз аяктап, 1994-жылы январда өлтүрүлгөн. 1995-жылы жаӊы конституция кабыл алынган соӊ, анын негизинде өткөн президенттик шайлоодо Э. Шеварднадзе президенттикке шайланган. Эки мөөнөт иштеген соң, 2003-жылы «баркыт революциянын» жыйынтыгында Э. Шеварднадзе отставкага кеткен. 2004-жылдагы кезексиз президенттик шайлоодо шайлоочулардын 96,3% М. Саакашвилиге добуш беришкен. 2004-жылы 28-мартта президенттин жарлыгына ылайык парламенттик шайлоо болуп, анда президентти колдогон "Бириккен кыймыл - Демократтар" саясий тобу Грузия парламентиндеги 235 орундун 135ин жеңип алып, ийгиликке жетишкен. 2005–06-жылдары Грузияда укук коргоо органдарын бекемдөөгө ж-а уюшкан кылмыштуулукка каршы турууга багытталган бир катар реформалар жүргүзүлгөн. Грузиянын жаңы өкмөтү АКШ м-н саясий ж-а аскердик кызматташтыкты өркүндөтүү, ошондой эле Грузиянын НАТОго кирүү жолун белгилеген. 2008-жылы август айында Түштүк Осетияда куралдуу кагылышуу болуп, натыйжада Абхазия м-н Түштүк Осетия Грузиядан өз алдынча бөлүнүп чыккан. РФ Абхазия м-н Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын тааныган. 2013-жылы шайлоодо Саакашвили Гиоргий Маргвелашвилиге утулуп калган. Грузиядагы 2018-жылдын 28-октябрында президенттик шайлоодо Саломе Зурабишвили жеңип чыккан. Грузия дүйнөнүн 180 өлкөсү менен дипломатиялык мамиледе. Эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин Грузиянын тышкы саясаты НАТОго ж-а ЕСке кирүүгө багытталган.
Экономикасы. Грузия – агрардык-индустриялуу өлкө. Мурунку СССРдеги республикалар м-н экономикалык байланыштын үзүлүшү ж-а Абхазия м-н болгон согуш өлкөнүн экономикасына терс таасирин тийгизди. Көптөгөн өнөр жай тармактарында өндүрүштүн төмөндөшү байкалган. ИДПнин көлөмү 17,7 млрд долларды түзүп, аны киши башына бөлүштүргөндө 4,7 доллардан (2017; АКШ) туура келет. ИДПде өнөр жайдын үлүшү 22%, айыл чарбаныкы 58%. 1994-жылы 6,8 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн. Тамак-аш–татымал (чай, шарап, коньяк, минерал суулар, тамеки, эфир майы, жашылча-жемиш консервалары ж. б.), жеӊил (жибек, кыл торко, кебез кездеме, бут кийим, трикотаж, тигүү) өнөр жайлары өнүккөн. Ошондой эле машина куруу, химия, нефть-химия, нефть ажыратуу, кара ж-а түстүү металлургия өнөр жай ишканалары иштейт. Күрдүү топурагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өсүшүнө жагымдуу шарт түзөт. Айыл чарбага жарактуу жери 3,2 млн га, анын ичинде 11%ин айдоо аянты ээлейт. Кара деӊиз жээги чай өстүрүүгө адистештирилген (аянты 62,3 миӊ га, 516,1 миӊ т чай жалбырагы жыйналат). Ошондой эле цитрус өсүмдүктөрү, лавр жалбырагы, дан эгиндери (буудай, жүгөрү, арпа), тамеки, кант кызылчасы, бадам өстүрүлөт. Грузиянын чыгышында жүзүмчүлүк, жемиш өстүрүү өнүккөн. Мал чарбасынын башкы тармагы – эт-сүт багытындагы бодо мал. Андан сырткары кой, чочко асыралат. Үй куштары багылат. Темир жолунун узундугу 1,58 миӊ км, автомобилдики 21 миӊ км (анын ичинде 19,6 миӊ кми асфальтталган). Негизги деӊиз порттору: Батуми, Поти. Баку – Батуми нефть кууру, Түндүк Кавказдан Азербайжанга газ кууру кетет. Көптөгөн деӊиз климаттык (Гагра, Пицунда, Жаӊы Афон, Кобулети ж. б.), бальнеология (Цхалтубо, Набеглави, Саирме ж. б.), бальнеология-климаттык (Боржоми, Авадхара, Жава ж. б.), тоо-климаттык (Абастумани, Бакуриани, Бахмаро ж. б.) курорттору бар. Сыртка кара ж-а түстүү металл куймалары, машина куруу өнөр жайынын продукциялары, чай, суусундуктар чыгарылат. Сырттан нефть ж-а нефть продукциясын, тамеки, жаратылыш газын, автомобиль, химикаттар, азык-түлүк, жеӊил өнөр жайынын продукцияларын алат. Туризм өнүгүүдө. Негизги сырткы соода шериктери: Россия, Түркия, Армения, Азербайжан.
Маданияты. Грузияда 4-кылымдын 1-жарымында эле Фасисте (азыркы Поти) жогорку риторика мектеби – Колхида академиясы болгон. 5-кылымдан чиркөө, монастырь мектептери ачылган. Агартуу иши Грузия Россияга кошулгандан баштап бир кыйла өөрчүгөн. Совет бийлиги орногондон кийин өз тилинде окутуу киргизилген. 20-жылдарда мектепке чейинки мекемелер ачылган. Ири окуу жайлары, илимий мекемелери, китепканалар, музейлери иштейт. Грузин тилинде китеп басып чыгаруу 17-кылымдын 1-жарымынан башталган. Мезгилдүү басма сөз 19-кылымдын башында пайда болгон. «Соплис цховреалитературали сакартвело», «Сакартвелос кали», «Лело», «Дроша», «Заря Востока», «Мнатоби» ж. б. гезит-журналдары чыгып турган. Радиоуктуруу 1927-жылы башталган, 1970-жылдан 4 программада – грузин, орус, азербайжан, армян тилдеринде берилет. Телекөрсөтүү 1956-жылдан иштейт. Телеборбору Тбилисиде. Грузия адабияты – эӊ байыркы адабияттардын бири. Анын түпкү булагы – элдик оозеки чыгармачылык. Байыркы грек акыны Аполлон Родосскийдин (б. з. ч. 3-кылым) чыгармаларында грузиндер жөнүндө айтылат. Алгачкы доордо диний адабият м-н котормо басымдуу болгон. 5–11-кылымдардын аралыгында чиркөөлүк дин адабияты өнүккөн. 12-кылымдан Грузия адабиятынын жаӊы доору башталган. Баатырдык-фантастикалык аӊгеме («Амиран-Дарежаниави»), роман («Висрамиани»), поэмалар (Шавтели, «Абдул-Мессия»; Чахрухадзе, «Тамариани») пайда болгон. Шота Руставелинин «Жолборс терисин жамынган баатыр» поэмасы жаралат. Анда гуманизмдин улуу идеялары, достук, сүйүү даӊазаланган.
Моӊгол-татар эзүүсү (13–14-кылымдар), перстер м-н түрктөрдүн (16–18-кылымдар) жортуулдары Грузия маданиятынын төмөндөшүнө алып келген. 17–18-кылымдардагы адабияттын негизги темасы жат душмандардан өлкөнү бошотуу болгон. Бул мезгилдеги адабияттын көрүнүктүү өкүлдөрү – Сулхан Саба Орбелиани, Мамук Бараташвили. 18-кылымдын 2-жарымында белгилүү жазуучу Давид Гурамишвили «Грузия кайгысы» поэмасын жараткан. Грузия нын Россияга кошулушу (18-кылымдын аягы) адабият тарыхына да айрыкча таасирин тийгизген. 19-кылымдын 1-жарымында Грузия адабиятында романтизм (ири өкүлдөрү – А. Г. Чавчавадзе, Г. З. Орбелиани, Н. М. Бараташвили) өнүккөн. 19-кылымдын 2-жарымынан реализм (Г. Д. Эристави) үстөмдүк кылган. Сын реализминин ири өкүлдөрү И. Г. Чавчавадзе м-н А. Р. Церетелинин чыгармачылыгы социалдык ж-а улуттук эзүүгө каршы багытталган. 80-жылдары Грузия адабиятына белгилүү акын Важа Пшавела м-н жазуучу А. М. Казбеги кошулган. 19-кылымда – 20-кылымдын башында адабияттагы негизги орунду таптык күрөш ээлеп (Э. Ф. Ниношвили, Д. С. Клдиашвили ж. б.), чыгармаларда негизинен эзилген элдин оор турмушу чагылдырылган. 20-кылымдын башында В. Барновинин тарыхый романдары, Ш. Арагвиспирели м-н Ч. Ломтатидзенин новеллалары, И. Евдошвили, Н. Чхиквадзелердин чыгармалары жаралган. Грузин совет адабияты грузин классикалык адабияты м-н орус революциячыл адабиятынын таасиринде өнүккөн. Революциянын алгачкы мезгилинде адабиятчылар арасында ар түрдүү топтор болгону м-н, кийин пролетариат жазуучулар ассоциациясына бириккен. 1927-жылы Грузия жазуучуларынын 1-съезди болгон. Н. Лордкипанидзе, Л. Киачели, М. Жавахишвили, К. Гамсахурдиа, С. Клдиашвили, Г. Леонидзе, Т. Табидзе, П. Яшвили, В. Гаприндашвили, С. Чиковани, С. Шаншиашвили, И. Гришашвили, Ш. Апхаидзе ж. б. көрүнүктүү акын-жазуучулардын чыгармалары жазылган. Грузин драматургиясынын негиз салуучулары: Ш. Дадиани, П. Какабадзе, С. Шаншиашвили ж. б. 20–30-жылдарда адабиятка И. Абашидзе, А. Мирцхулава, К. Лордкипанидзе, К. Каладзе, Г. Абашидзе өӊдүү поэзия м-н прозанын чеберлери кошулду. Л. Готуа, Р. Маргвави, Л. Асатиани, И. Нонешвили, А. Калавдадзе, X. Берулава, О. Чхеидзе, Л. Авалиани, Р. Жаваридзе, М. Лебавидзе, М. Мачавариани, Н. Думбадзе ж. б. акын-жазуучулар грузин адабиятын жаӊы мотивдер м-н байытышкан. Грузин жазуучуларынын чыгармалары дүйнө элдеринин көптөгөн тилдерине, анын ичинде кыргыз тилине да которулган. Шота Руставелинин акын А. Осмонов которгон «Жолборс терисин жамынган баатыр» поэмасы 4 жолу (1940, 1951, 1956, 1976) басылып чыккан. Грузин искусствосунун байыркы эстеликтери б. з. ч. (Шулаверис, Урбниси) 5–4-кылымдарга туура келет. Б. з. ч. 1-кылымдын аягынан биздин доордун алгачкы кылымдарындагы таат-ибадат имараттары сакталып калган. 4-кылымда христиан дини кабыл алынгандан кийин ж-а феодалдык түзүлүш калыптана баштаганда шаарлар курула баштаган. Көптөгөн храмдар, базилика чиркөөлөрү курулган (Болнис Сиону; 478–493; Тбилисидеги 5–6-кылымдардагы Анчисхат чиркөөсү; оригиналдуу базиликалар ж. б.). 6–7-кылымдарда кумпалуу храмдар (Жвари, 586/87–604; Бана, 7-кылым) курулган. 10–13-кылымдарда шаарлар, сепилдер, монастырлар, храмдар, ак сарайлар, академиялар (Ошки, 10-кылым; Кутаисидеги Баграт храмы, 1003; Мцхетадагы Светицховели собору, 1010–29 ж-а Алаверди собору, 11-кылым; Гелат монастыры, 12-кылым; Вардзиа комплекси, 12-кылым ж. б.) салынган. 20-кылымдын

башында курулушка улуттук мотивдерди пайдалануу аракеттери кыйла ийгиликтерге жеткен. Бөтөнчө 1930-жылдары советтик индустриялаштыруу планынын негизинде шаарлар, курорт-санаторийлер, турак үйлөр ж-а коомдук имараттар кайра курула баштаган. 1941–45-жылдары эски шаарлар реконструкцияланып (Гори, Цхалтубо), 50-жылдары ири индустриялык объектилерге байланыштуу шаарлар өсүп чыккан (металлургдардын шаары Рустави ж. б). Тбилисиде ж. б. шаарларда административдик имараттар (Грузин ССРинин Тби-

лисидеги Өкмөт Үйүнүн башкы корпусу, 1938–53, архитекторлор В. Д. Кокорин ж-а Г. И. Лежава, В. Д. Насаридзе), театрлар, окуу жайлары, спорт комплекстери курулган. 60–80-жылдарда жаӊы конструкциядагы композициялары м-н архитектуралык формалары ж-а көлөмү жагынан айырмаланган имараттар долбоорлонгон: Тбилисиде Спорт сарайы (1961), «Иверия» мейманканасы (1967), филармониянын концерттик залы (1971), Салтанаттуу чогулуш үйү (1984) курулган. Чоӊ шаарлардын ж-а курорттордун, Тбилисинин генпландары иштелип чыккан. Архитектурада скульптура, мозаика, живопись ж-а чеканка паннолору колдонулган (Тбилисиде Нике үйү, 1965; метрополитен станциясы, 1966). Байыркы көркөм маданияттын гүлдөп өсүшү б. з. ч. (Самгори, Триалети) 3–2-кылымдарга туура келет. Орто кылымда рельеф скульптурасы, монумент живописи өнүгө баштаган. 19-кылымдын аягында грузин искусствосунун жаӊыча негиздери түзүлгөн. Грузин скульпторлору Я. И. Николадзе

ж-а таланттуу живописчи Н. Пиросманашвилинин чыгармалары белгилүү болгон. 1920–30-жылдары пейзаж жанры өнүккөн, өлкөнү индустриялаштыруу ж-а айыл жерин өзгөртүү темасы көтөрүлгөн. Китеп графикасы, станоктук графика, скульптурада портрет алдыӊкы орунду ээлеп, монумент скульптурасы өнүккөн. 1941–45-жылдарда үгүт графикасы, бөтөнчө плакат өнөрү өнүгүп, живопись м-н скульптурада баатыр жоокерлердин портреттери, аскердик-патриоттук темадагы тарыхый сүрөттөр тартылган. Монумент живописи өнүгүп (мозаика, дубалга тартылган сүрөт), Р. И. Стуруа, З. К. Церетели, Б. А. Бердзеншивили ж. б. сүрөтчүлөрдүн чыгармалары белгилүү болгон. Темир, чеканка ж-а карапа өнөрү да өнүккөн. Архитекторлорду Тбилисидеги Грузин политехникалык институту, сүрөтчүлөрдү ж-а архитекторлорду – Тбилиси Сүрөтчүлөр академиясы даярдайт. 1933-жылы Сүрөтчүлөр союзу, 1934-жылы Архитекторлор союзу уюшулган. Грузин эли тарабынан түзүлгөн музыкалык фольклор жанры стилинин ар түрдүүлүгү м-н айырмаланат. Көп үндүүлүк – грузин элдик ырынын мүнөздүү белгиси. Грузияда 4-кылымда чиркөө музыкасы пайда болгон; 9-кылымда чиркөөдө ырдоону үйрөнүү системасы калыптанган. 19-кылымда профессионал музыкалык маданият өнүгө баштаган. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында грузин улуттук операсы (М. Баланчивадзе, «Дарежан Цбиери»; Д. Аракишвили, «Шота Руставели жөнүндө жомок»; З. Палиашвили, «Абесалом жана Этери»; В. Долидзе, «Кето жана Котэ» ж. б.) түзүлгөн. 1922-жылы Тбилисиде экинчи консерватория ачылган (1924-ж. биринчи консерватория м-н бириктирилген), «Жаш грузин музыканттарынын коому» ж-а кылдуу оркестр, 1924-жылы – симфониялык ж-а кылдуу квартет уюшулган. Грузин эл ырларын кайра иштеп чыгууда алгачкы грузин совет композиторлору ж-а музыка таануучулары – М. А. Баланчивадзе, Ш. М. Мшвелидзе, Г. И. Кокеладзе, Г. З. Чхиквадзе ж. б. чыккан. 20–30-жылдарда И. И. Туския, Г. В. Киладзе, Ш. М. Тактакишвили, И. Р. Гониели, М. А. Баланчивадзе ж. б. композиторлор симфониялык ж-а камералык музыканы түптөшкөн. Алгачкы симфонниялык поэма – Г. Киладзенин «Гандегили» («Дербиш», 1937). 1936-жылы биринчи грузин балети Баланчивадзенин «Мзечабуки» (кийин жаӊы редакцияда «Тоо жүрөгү» деген ат м-н) коюлган. Андан кийин Киладзенин «Синатле» («Жарык», 1947, 1965) ж-а Торадзенин баатырдык-патриоттук «Горда» (1949) балети репертуарга бекитилген. Дүйнөлүк классикалык-адабий чыгармаларга да орун берилген: Мачаварианинин «Отелло» (1957), Цинцадзенин «Демон» (1961), М. А. Баланчивадзенин, «Мцыри» (1964), Габичвадзенин «Гамлет» (1971) балеттери коюлган. Улуттук опера ж-а балет өнөрүнүн борбору – Грузин опера ж-а балет театры. Театр улуттук вокал өнөрүнүн мектебин түзгөн. Анын баштоочтору: Грузин ССР

эл артисти В. П. Сараджишвили, О. А. Бахуташвили-Шульгина ж-а СССР эл артисти А. И. Инашвили. Ырчылар: СССР эл артисти П. В. Амиранашвили, Д. Я. Андгуладзе, З. И. Анджапаридзе ж. б. Дирижёр искусствосунун түптөөчүлөрү – Грузин ССР эл артисти И. П. Палиашвили ж-а Грузин ССРинин эмгек сиӊирген артисти Ш. И. Азмайпарашвили; грузин пианисттер мектебинин түзүүчүлөрү – Грузин ССР эл артисти А. Д. Вирсаладзе, А. И. Тулашвили, скрипачтар – Грузин ССР эл артисти М. Л. Яшвили, Л. А. Исакадзе, Н. Л. Яшвили, грузин балетин түзүүчүлөр – СССР эл артисти балетмейстер В. М. Чабукиани ж. б.

Грузияда (1973) З. П. Палиашвили атындагы Тбилиси опера ж-а балет театры (Кутаисиде филиалы бар), В. Абашидзе атындагы Тбилиси музыкалык комедия театры (1934), Мамлекеттик симфониялык оркестр (1933), радио ж-а телекөрсөтүүнүн симфониялык оркестри, Грузин ССРинин кыл аспаптар оркестри (1930) бар. Грузин филармониясына хор капелласы, 3 элдик ыр-бий ансамбли, «Рэро» элдик ыр-бий ансамбли, «Орэра» эстрадалык вокалдык-инструменталдык ансамбли кирет. Тбилисиде В. П. Сараджишвили атындагы консерватория, 3 музыкалык окуу жайы, Борбордук музыкалык мектеп, шаарларда, райондун борборлорунда ж-а айылдарда 20га жакын музыкалык мектептер иштейт. 1932-жылы Композиторлор союзу уюшулган. Орто кылымда ордо театры – Сахиоба өнүккөн. 18-кылымдын 90-жылдары падыша Ираклий IIнин хан сарайында аксөөктөр театры түзүлгөн. Драматург Г. Эристави 1850-жылы грузин профессионал театрын негиздеген. 1879-жылы И. Чавчавадзе м-н А. Церетели Тбилисиде ж-а Кутаисиде улуттук профессионал театрларды кайрадан түзүшкөн. Бул театрларда В. Абашидзе, В. Алекси Месхишвили өӊдүү көрүнүктүү артисттер иштеген. Грузияда Совет бийлиги орногондон кийин грузин совет театрынын чыгармачылык жогорулашы реформатор режиссёр К. А. Маржанишвилинин ысымы м-н байланыштуу болгон. 1928-жылы анын жетекчилиги м-н Кутаисиде жаӊы театр – Мамл. драма театры (1930-жылы Тбилисиге которулган, 1933-жылы К. Маржанишвилинин аты ыйгарылган) негизделген. Ш. Руставели атындагы театрды (1926–35) Маржанишвилинин жолун жолдоочу А. В. Ахметели жетектеген. 20–30-жылдардын көрүнүктүү театр артисттери: С. Д. Такаишивили, В. Д. Годзиашвили, С. А. Закариадзе, Г. В. Шавгулидзе, А. Л. Кванталиани, Т. Г. Цулукидзе ж. б. 1940–50-жылдары актёрлор арасына жаӊы толуктоолор келген: М. В. Чахава, М. С. Тбилели, С. А. Канчели, Н. Г. Чхеидзе, Е. В. Кипшидзе ж. б. 1970-жылы Грузияда 22 профессионалдык драма театр, анын ичинде Тбилисиде: Ш. Руставели атындагы драма театры, К. Маржанишвили атындагы драма театры, Грузин Жаштар театры, Орус Жаштар театры, Грузин куурчак театры, А. С. Грибоедов атындагы Орус драма театры ж. б. Кутаиси, Сухуми, Батуми, Рустави, Гори, Ихинвали ж. б. шаарларында театрлар иштейт. 1939-жылы Тбилисиде Ш. Руставели атындагы мамлекеттик театр институту уюшулган. 1945-жылы Грузин театр коому түзүлгөн. 1912-жылы В. Амашукели «Акакий Церетелинин Рачеге жана Лечхумиге саякаты» деген биринчи документалдуу киноочерк тарткан. 1919-жылы режиссер А. Цуцунава «Христинэ» туӊгуч көркөм фильмин койгон. 20–30-жылдарда «Кызыл азезилдер» (1923, режиссер И. Перестиани), «Элисо» (1928, режиссер Н. Шенгелая), «Акыркы маскарад» ж-а «Арсен» (1934, 1937, режиссер М. Чиаурели) ж. б. фильмдер тартылган. 50-жылдары грузин киносунун жаӊы этабы башталган. Ушул мезгилде «Луржа Магданы» (1956, режиссерлорТ. Абуладзе ж-а Р. Чхеидзе), «Бөтөн балдар» (1958, режиссер Т. Абуладзе), «Солдаттын атасы» (1965, режиссер Р. Чхеидзе) ж. б. фильмдер коюлган. Белгилүү актёрлору: Н. Вачнадзе, М. Геловани, С. Закаридзе, Л. Абанеидзе, С. Багашвили ж. б. Көркөм фильмдерди «Грузия-фильм» киностудиясы чыгарган. Грузин студиясында хроникалдуу-даректүү ж-а илимий-популярдык бир катар фильмдерди оператор-режиссер Г. И. Асатиани («Ар түрдүү кабаттуу Америка», «Мюнхен 25 жылдан кийин» ж. б.), режиссёрлор Д. А. Абашидзе, И. И. Канделаки, Ш. И. Хомерики ж. б. тартышкан. Мультипликациялык кинодо иштеген режиссер В. Д. Бахтаузе, А. Н. Хинтибидзе ийгиликтерге жетишкен. Телефильм студиясы уюшулган. Кинематографисттер союзу 1957-жылы түзүлгөн.
Ад.: Беридзе В. Грузинская архитектура с древнейших времён до начала ХХ века. Тб., 1967; Февральский А. В. Театр имени Руставели. М., 1959; Грузинская музыкальная культура. Сб. ст. М., 1957; Церетели К. К. Киноискусство Советской Грузии. М., 1969; История всемирной литературы. М., 1983; Сто великих писателей. М., 2000; Беридзе В., Езерская Н. Искусство Советской Грузии. 1921–1970. М., 1975; Джанберидзе Н. Ш., Цицишвили И. Н. Архитектура Грузии от истоков до наших дней. М., 1976.