ГРУППА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГРУ́ППА ''' (нем. gruppe) – азыркы математиканын негизги түшүнүктөрүнүн бири. | '''ГРУ́ППА ''' (нем. gruppe) – азыркы математиканын негизги түшүнүктөрүнүн бири. Группалар теориясы математикада ж-а анын колдонулушундагы алгебралык операцияларды изилдейт. Мисалы, сандарды көбөйтүү, кошуу ж-а векторлорду кошуу, өзгөртүп түзүүлөр. Группа түшүнүгү математиканын өнүгүшүнө, айрыкча, 19–20-кылымдарда чоӊ түрткү берген. Группанын абстракттуу аныктамасы төмөнкүдөй: ар кандай ''х, у, z, ...'' элементтеринен түзүлгөн ''G'' көптүгүндө бинардык амалдар аткарылып, төмөнкү аксиомаларды канааттандырат: 1) ''(х у)z=х(у z)'' (ассоциациялуу закон); 2) ''G''да бирдик элемент деп аталган ''е'' элементи бар болуп, ''х e=ex=x'' барабардыгы орун алат; 3) ''G''дагы ар кандай ''х'' элементи үчүн тескери ''а'' элементи бар болуп, ''х а=ах=е'' барабардыгы орун алса, анда ''G'' көптүгү берилген амалга карата Группа деп аталат. Мисалы, бүтүн сандардын көптүгү кошуу амалына салыштырмалуу Группа болот. Группанын түрлөрү көп. Алсак Группанын ар кандай элементтери ''х'' ж-а ''у'' үчүн ''ху=ух'' аткарылса, анда ал ''абелдик Группа'' деп аталат. Элементтеринин санына карата чектүү ж-а чексиз Группалар бар. Группа теориясы алгебранын өнүккөн бөлүмдөрүндө ж-а илимдин башка тармактарында кеӊири колдонулат. | ||
Ад.: ''Курош А. Г.'' Теория групп. М., 1967; ''Каргаполов М. И., Мерзляков Ю. И.'' Основы теории групп. М., 1970. | Ад.: ''Курош А. Г.'' Теория групп. М., 1967; ''Каргаполов М. И., Мерзляков Ю. И.'' Основы теории групп. М., 1970. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
10:31, 1 Ноябрь (Жетинин айы) 2024 -га соңку нускасы
ГРУ́ППА (нем. gruppe) – азыркы математиканын негизги түшүнүктөрүнүн бири. Группалар теориясы математикада ж-а анын колдонулушундагы алгебралык операцияларды изилдейт. Мисалы, сандарды көбөйтүү, кошуу ж-а векторлорду кошуу, өзгөртүп түзүүлөр. Группа түшүнүгү математиканын өнүгүшүнө, айрыкча, 19–20-кылымдарда чоӊ түрткү берген. Группанын абстракттуу аныктамасы төмөнкүдөй: ар кандай х, у, z, ... элементтеринен түзүлгөн G көптүгүндө бинардык амалдар аткарылып, төмөнкү аксиомаларды канааттандырат: 1) (х у)z=х(у z) (ассоциациялуу закон); 2) Gда бирдик элемент деп аталган е элементи бар болуп, х e=ex=x барабардыгы орун алат; 3) Gдагы ар кандай х элементи үчүн тескери а элементи бар болуп, х а=ах=е барабардыгы орун алса, анда G көптүгү берилген амалга карата Группа деп аталат. Мисалы, бүтүн сандардын көптүгү кошуу амалына салыштырмалуу Группа болот. Группанын түрлөрү көп. Алсак Группанын ар кандай элементтери х ж-а у үчүн ху=ух аткарылса, анда ал абелдик Группа деп аталат. Элементтеринин санына карата чектүү ж-а чексиз Группалар бар. Группа теориясы алгебранын өнүккөн бөлүмдөрүндө ж-а илимдин башка тармактарында кеӊири колдонулат.
Ад.: Курош А. Г. Теория групп. М., 1967; Каргаполов М. И., Мерзляков Ю. И. Основы теории групп. М., 1970.