ГУНН (ХУНН) УРУУЛАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГУНН (ХУНН) УРУУЛАРЫ ''' – б. з. ч. 1-миң жылдыктын башында Борбор Азиядагы байыркы көчмөн калктар; түрк элдеринин байыркы ата-тегинин бири. Б. з. ч. 3-к-дын акырында Г. у. Азыркы Борб. Монголия м-н Байкалдын боюн мекендешкен. Ушул доордо Модэ шанүй (падыша, кол башчы) башкарган. Г. у. дунхуларды (байыркы монголдордун ата-теги), юэчжилерди талкалап, кыргыздарды ж-а усундарды жеңип алган. Кийин Кытайга жортуул жасап, император Лю Банды салык төлөөгө мажбурлаган. Б. з. ч. 1-к-да Г. у-нын дагы бир кол башчысы Чжичжи батышка жортуул жасап, кыргыздарды ж-а алардын түндүгүндөгү динлиндерди талкалаган. Б. з. ч. 1-к-дын ортосунда Г. у. Кытайга убактылуу сөз жүзүндө баш ийген. Б. з. 48-ж. Г. у-нын жети уругу Кытай императоруна баш ийип, түш. гунндар деп аталып калган. Түн. гунндар б. з. 1-к-ынын акырында экиге бөлүнгөн. Бир бөлүгү Монголия аймагында кала берип, кийинчерээк түрк урууларынын өзөгүн түзгөн. Экинчи бөлүгү Борбор Азия тарапка жылган. Батышка жылган түн. Г. у-нын айрым топтору Европага чейин журт которуп, өзүнө башка көчмөн урууларды сиңирип, жаңы гунндар уруу бирикмесине айланган. Борбор Азиянын чыгыш бөлүгүнө журт которгон түн. Г. у-нын калган-катканы кийинчерээк Батыш түрк кагандыгынын негизги калкына аралашып кеткен. Түш. Г. у. Кытайда бир катар чакан мамлекетти негиздешкен; 6-к-га чейин жужан, табгач (тоба), түрк, кытай сыяктуу элдерге аралашып, алардын арасына сиңип кеткен.
'''ГУНН (ХУНН) УРУУЛАРЫ ''' – б. з. ч. 1-миң жылдыктын башында Борбор Азиядагы байыркы көчмөн калктар; түрк элдеринин байыркы ата-тегинин бири. Б. з. ч. 3-кылымдын акырында Гунн уруулары Азыркы Борбордук Монголия м-н Байкалдын боюн мекендешкен. Ушул доордо Модэ шанүй (падыша, кол башчы) башкарган. Гунн уруулары дунхуларды (байыркы монголдордун ата-теги), юэчжилерди талкалап, кыргыздарды ж-а усундарды жеңип алган. Кийин Кытайга жортуул жасап, император Лю Банды салык төлөөгө мажбурлаган. Б. з. ч. 1-кылымда Гунн урууларынын дагы бир кол башчысы Чжичжи батышка жортуул жасап, кыргыздарды ж-а алардын түндүгүндөгү динлиндерди талкалаган. Б. з. ч. 1-кылымдын ортосунда Гунн уруулары Кытайга убактылуу сөз жүзүндө баш ийген. Б. з. 48-жылы Гунн урууларынын жети уругу Кытай императоруна баш ийип, түштүк гунндар деп аталып калган. Түндүк гунндар б. з. 1-кылымынын акырында экиге бөлүнгөн. Бир бөлүгү Монголия аймагында кала берип, кийинчерээк түрк урууларынын өзөгүн түзгөн. Экинчи бөлүгү Борбор Азия тарапка жылган. Батышка жылган түндүк Гунн урууларынын айрым топтору Европага чейин журт которуп, өзүнө башка көчмөн урууларды сиңирип, жаңы гунндар уруу бирикмесине айланган. Борбор Азиянын чыгыш бөлүгүнө журт которгон түндүк Гунн урууларынын калган-катканы кийинчерээк Батыш түрк кагандыгынын негизги калкына аралашып кеткен. Түштүк Гунн уруулары Кытайда бир катар чакан мамлекетти негиздешкен; 6-кылымга чейин жужан, табгач (тоба), түрк, кытай сыяктуу элдерге аралашып, алардын арасына сиңип кеткен.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

10:16, 4 Ноябрь (Жетинин айы) 2024 -га соңку нускасы

ГУНН (ХУНН) УРУУЛАРЫ – б. з. ч. 1-миң жылдыктын башында Борбор Азиядагы байыркы көчмөн калктар; түрк элдеринин байыркы ата-тегинин бири. Б. з. ч. 3-кылымдын акырында Гунн уруулары Азыркы Борбордук Монголия м-н Байкалдын боюн мекендешкен. Ушул доордо Модэ шанүй (падыша, кол башчы) башкарган. Гунн уруулары дунхуларды (байыркы монголдордун ата-теги), юэчжилерди талкалап, кыргыздарды ж-а усундарды жеңип алган. Кийин Кытайга жортуул жасап, император Лю Банды салык төлөөгө мажбурлаган. Б. з. ч. 1-кылымда Гунн урууларынын дагы бир кол башчысы Чжичжи батышка жортуул жасап, кыргыздарды ж-а алардын түндүгүндөгү динлиндерди талкалаган. Б. з. ч. 1-кылымдын ортосунда Гунн уруулары Кытайга убактылуу сөз жүзүндө баш ийген. Б. з. 48-жылы Гунн урууларынын жети уругу Кытай императоруна баш ийип, түштүк гунндар деп аталып калган. Түндүк гунндар б. з. 1-кылымынын акырында экиге бөлүнгөн. Бир бөлүгү Монголия аймагында кала берип, кийинчерээк түрк урууларынын өзөгүн түзгөн. Экинчи бөлүгү Борбор Азия тарапка жылган. Батышка жылган түндүк Гунн урууларынын айрым топтору Европага чейин журт которуп, өзүнө башка көчмөн урууларды сиңирип, жаңы гунндар уруу бирикмесине айланган. Борбор Азиянын чыгыш бөлүгүнө журт которгон түндүк Гунн урууларынын калган-катканы кийинчерээк Батыш түрк кагандыгынын негизги калкына аралашып кеткен. Түштүк Гунн уруулары Кытайда бир катар чакан мамлекетти негиздешкен; 6-кылымга чейин жужан, табгач (тоба), түрк, кытай сыяктуу элдерге аралашып, алардын арасына сиңип кеткен.