ГУРАМИШВИЛИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
(7 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГУРАМИШВИ́ЛИ ''' Давид [(1705, Мцхет.ш-на жакын, Сагурамо айылы, Грузия – 21. 7(1. 8). 1792, Миргород ш. Украина] – грузин акыны. «Давитиани» (1787) аттуу белгилүү автобиографиялык ырлар жыйнагынын автору. Г-нин чыг-лыгы орус мад-тынын таасиринде калыптанган. Анын «Грузия кайгысы» лирика-эпикалык поэмасында 18-к-дын 1-жарымындагы грузин элинин тарыхындагы трагедия чагылдырылган. «Бадачы Кацвия» буколикалык поэмасы юмордук сезимдин күчтүүлүгү, баяндоонун жандуулугу м-н айырмаланат. Г. грузин поэзиясынын өнүгүшүнө зор таасир тийгизген. Ал «Адамдын жалган дүйнө менен талашы» аттуу поэтикалык трактат жазган. Акындын Миргороддогу (Украина) мүрзөсүнө (1949), о. эле Тбилиси ш-нын Чавчовадзе көчөсүнө эстелик орнотулган (1965).
'''ГУРАМИШВИ́ЛИ ''' '''Давид''' [(1705, Мцхет шаарына жакын, Сагурамо айылы, Грузия – 21. 7(1. 8). 1792, Миргород шаары, Украина] – грузин акыны. «Давитиани» (1787) аттуу белгилүү автобиографиялык ырлар жыйнагынын автору. Д. Гурамишвилинин чыгармачылыгы орус маданиятынын таасиринде калыптанган. Анын «Грузия кайгысы» лирика-эпикалык поэмасында XVIII кылымдын 1-жарымындагы грузин элинин тарыхындагы трагедия чагылдырылган. «Бадачы Кацвия» буколикалык поэмасы юмордук сезимдин күчтүүлүгү, баяндоонун жандуулугу менен айырмаланат. Давид Гурамишвили грузин поэзиясынын өнүгүшүнө зор таасир тийгизген. Ал «Адамдын жалган дүйнө менен талашы» аттуу поэтикалык трактат жазган. Акындын Миргороддогу (Украина) мүрзөсүнө (1949), ошондой эле Тбилиси шаарынын Чавчовадзе көчөсүнө эстелик орнотулган (1965).
[[Файл:Парсуна.jpg|left|thumb|299x299px|Давид Гурамишвилинин парсунасы. Живопись (портрет), Вепхвадзе Джованни.]]
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

10:29, 4 Ноябрь (Жетинин айы) 2024 -га соңку нускасы

ГУРАМИШВИ́ЛИ Давид [(1705, Мцхет шаарына жакын, Сагурамо айылы, Грузия – 21. 7(1. 8). 1792, Миргород шаары, Украина] – грузин акыны. «Давитиани» (1787) аттуу белгилүү автобиографиялык ырлар жыйнагынын автору. Д. Гурамишвилинин чыгармачылыгы орус маданиятынын таасиринде калыптанган. Анын «Грузия кайгысы» лирика-эпикалык поэмасында XVIII кылымдын 1-жарымындагы грузин элинин тарыхындагы трагедия чагылдырылган. «Бадачы Кацвия» буколикалык поэмасы юмордук сезимдин күчтүүлүгү, баяндоонун жандуулугу менен айырмаланат. Давид Гурамишвили грузин поэзиясынын өнүгүшүнө зор таасир тийгизген. Ал «Адамдын жалган дүйнө менен талашы» аттуу поэтикалык трактат жазган. Акындын Миргороддогу (Украина) мүрзөсүнө (1949), ошондой эле Тбилиси шаарынын Чавчовадзе көчөсүнө эстелик орнотулган (1965).

Давид Гурамишвилинин парсунасы. Живопись (портрет), Вепхвадзе Джованни.