ГЮЙГЕНС-ФРЕНЕЛЬ ПРИНЦИБИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
(4 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГЮЙГЕНС-ФРЕНЕ́ЛЬ ПРИНЦИБИ – ''' толкундун (өзгөчө жарык толкунунун) таралышы ж-дөгү маселени жакындаштырып эсептеп чыгаруу ыкмасы. Эгер эркибизче алынган толкун таралуучу кандайдыр бетте анын амплитудасы ж-а фазасы белгилүү болсо, анда Г.-Ф. п. б-ча мейкиндиктин берилген чекитинде толкун амплитудасын эсептөөгө болот. Голл. окумуштуу Х. Гюйгенстин алгачкы принцибине ылайык берилген моментте толкун келип жеткен беттин ар бир элементи элементардык толкундун борбору болуп эсептелет. Ошол элементардык толкундардын сырткы бетин жанып өткөн ийри сызык убакыттын келерки моментинде толкундук бетти түзөт. Гюйгенс принциби геом. оптиканын закондоруна ылайык толкундардын таралышын түшүндүрөт, бирок дифракция кубулушун түшүндүрө албайт. Франуз физиги О. Френель (1815) элементардык толкундардын когеренттүүлүгү ж-а интерференциясы ж-дөгү түшүнүктү биринчилерден болуп киргизип, Гюйгенс принцибин толуктаган. Г.-Ф. п. толкун дифракциясынын көп учурларын жакындаштырып карайт.
'''ГЮЙГЕНС-ФРЕНЕ́ЛЬ ПРИНЦИБИ – ''' толкундун (өзгөчө жарык толкунунун) таралышы жөнүндөгү маселени жакындаштырып эсептеп чыгаруу ыкмасы. Эгер эркибизче алынган толкун таралуучу кандайдыр бетте анын амплитудасы ж-а фазасы белгилүү болсо, анда Гюйгенс-Френель принциби боюнча мейкиндиктин берилген чекитинде толкун амплитудасын эсептөөгө болот. Голландиялык окумуштуу Х. Гюйгенстин алгачкы принцибине ылайык берилген моментте толкун келип жеткен беттин ар бир элементи элементардык толкундун борбору болуп эсептелет. Ошол элементардык толкундардын сырткы бетин жанып өткөн ийри сызык убакыттын келерки моментинде толкундук бетти түзөт. Гюйгенс принциби геометриялык оптиканын закондоруна ылайык толкундардын таралышын түшүндүрөт, бирок дифракция кубулушун түшүндүрө албайт. Франуз физиги О. Френель (1815) элементардык толкундардын когеренттүүлүгү ж-а интерференциясы жөнүндөгү түшүнүктү биринчилерден болуп киргизип, Гюйгенс принцибин толуктаган. Гюйгенс-Френель принциби толкун дифракциясынын көп учурларын жакындаштырып карайт.
 
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

09:21, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2024 -га соңку нускасы

ГЮЙГЕНС-ФРЕНЕ́ЛЬ ПРИНЦИБИ – толкундун (өзгөчө жарык толкунунун) таралышы жөнүндөгү маселени жакындаштырып эсептеп чыгаруу ыкмасы. Эгер эркибизче алынган толкун таралуучу кандайдыр бетте анын амплитудасы ж-а фазасы белгилүү болсо, анда Гюйгенс-Френель принциби боюнча мейкиндиктин берилген чекитинде толкун амплитудасын эсептөөгө болот. Голландиялык окумуштуу Х. Гюйгенстин алгачкы принцибине ылайык берилген моментте толкун келип жеткен беттин ар бир элементи элементардык толкундун борбору болуп эсептелет. Ошол элементардык толкундардын сырткы бетин жанып өткөн ийри сызык убакыттын келерки моментинде толкундук бетти түзөт. Гюйгенс принциби геометриялык оптиканын закондоруна ылайык толкундардын таралышын түшүндүрөт, бирок дифракция кубулушун түшүндүрө албайт. Франуз физиги О. Френель (1815) элементардык толкундардын когеренттүүлүгү ж-а интерференциясы жөнүндөгү түшүнүктү биринчилерден болуп киргизип, Гюйгенс принцибин толуктаган. Гюйгенс-Френель принциби толкун дифракциясынын көп учурларын жакындаштырып карайт.