ГҮЛЧӨ-ДӨБӨ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(7 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГҮЛЧӨ-ДӨБӨ – ''' | '''ГҮЛЧӨ-ДӨБӨ – ''' биздин замандын алгачкы кылымдарына таандык археологиялык эстелик. Гүлчө кыштагынын (Алай району) аймагында жайгашкан. Алгач бул эстелик 1946-жылы А. Н. Бернштам тарабынан изилденген. Анын айланасы бекемделген чарчы сепил түрүндө экендигин жана анын ичинде турак жайдын, чарбактын жайгашкандыгын далилдеп, реконструкциясын жарыялаган. Ошол эле Караханиддер дооруна (X–XII кылымдар) мүнөздүү маданий катмар аныкталып, ушул доорго мүнөздүү жез менен күмүштүн аралашмасынан жасалган тыйын табылган. Бул эстелик аскердик чеп же мансаптуу адамдын турак жайы болушу мүмкүн. | ||
''О. Солтобаев.'' | ''О. Солтобаев.'' | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
06:02, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2024 -га соңку нускасы
ГҮЛЧӨ-ДӨБӨ – биздин замандын алгачкы кылымдарына таандык археологиялык эстелик. Гүлчө кыштагынын (Алай району) аймагында жайгашкан. Алгач бул эстелик 1946-жылы А. Н. Бернштам тарабынан изилденген. Анын айланасы бекемделген чарчы сепил түрүндө экендигин жана анын ичинде турак жайдын, чарбактын жайгашкандыгын далилдеп, реконструкциясын жарыялаган. Ошол эле Караханиддер дооруна (X–XII кылымдар) мүнөздүү маданий катмар аныкталып, ушул доорго мүнөздүү жез менен күмүштүн аралашмасынан жасалган тыйын табылган. Бул эстелик аскердик чеп же мансаптуу адамдын турак жайы болушу мүмкүн.
О. Солтобаев.