ГҮЛЧӨ-ДӨБӨ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(3 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГҮЛЧӨ-ДӨБӨ – ''' б. з. алгачкы кылымдарына таандык археол. эстелик. Гүлчө кыш-нын (Алай р-ну) аймагында жайгашкан. Алгач бул эстелик 1946-ж. А. Н. Бернштам тарабынан изилденген. Анын айланасы бекемделген чарчы сепил түрүндө экендигин ж-а анын ичинде турак жайдын, чарбактын жайгашкандыгын далилдеп, реконструкциясын жарыялаган. О. эле Караханиддер дооруна (10–12-к.) мүнөздүү маданий катмар аныкталып, ушул доорго мүнөздүү жез м-н күмүштүн аралашмасынан жасалган тыйын табылган. Бул эстелик аскердик чеп же мансаптуу адамдын турак жайы болушу мүмкүн.
'''ГҮЛЧӨ-ДӨБӨ – ''' биздин замандын алгачкы кылымдарына таандык археологиялык эстелик. Гүлчө кыштагынын (Алай району) аймагында жайгашкан. Алгач бул эстелик 1946-жылы А. Н. Бернштам тарабынан изилденген. Анын айланасы бекемделген чарчы сепил түрүндө экендигин жана анын ичинде турак жайдын, чарбактын жайгашкандыгын далилдеп, реконструкциясын жарыялаган. Ошол эле Караханиддер дооруна (X–XII кылымдар) мүнөздүү маданий катмар аныкталып, ушул доорго мүнөздүү жез менен күмүштүн аралашмасынан жасалган тыйын табылган. Бул эстелик аскердик чеп же мансаптуу адамдын турак жайы болушу мүмкүн.  
 
''О. Солтобаев.''
''О. Солтобаев.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

06:02, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2024 -га соңку нускасы

ГҮЛЧӨ-ДӨБӨ – биздин замандын алгачкы кылымдарына таандык археологиялык эстелик. Гүлчө кыштагынын (Алай району) аймагында жайгашкан. Алгач бул эстелик 1946-жылы А. Н. Бернштам тарабынан изилденген. Анын айланасы бекемделген чарчы сепил түрүндө экендигин жана анын ичинде турак жайдын, чарбактын жайгашкандыгын далилдеп, реконструкциясын жарыялаган. Ошол эле Караханиддер дооруна (X–XII кылымдар) мүнөздүү маданий катмар аныкталып, ушул доорго мүнөздүү жез менен күмүштүн аралашмасынан жасалган тыйын табылган. Бул эстелик аскердик чеп же мансаптуу адамдын турак жайы болушу мүмкүн.

О. Солтобаев.