БАРАКАН КҮМБӨЗҮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БАРАКАН КҮМБӨЗҮ ''' – Тогуз-Торо өрөөнүндөгү 19-к-дын орто ченине таандык арх-ралык эстелик. Көгарт ж-а Атай суулары кошулган жердеги секиде курулган. Күмбөз О. Азия аймагында колдонулуучу жука, жалпак бышкан кыштан тургузулган. Күмбөздүн жанында усталар кыш бышырган «очоктордун» орду сакталып калган. Күмбөздүн адаттан тыш өзгөчөлүгү бар. Анын казанагы «найза тегеретип» (кеӊдиги) казылып, таманына сөөк бузулбас үчүн атайылап арчанын күлүнөн калыӊ төшөлүп, шыбы (үстү) жалаӊ арча устун м-н жабылган. Күмбөзгө ''Тайлак баатырдын'' урпактары (20дан ашык) коюлган. Аялдардын сөөгүн арча м-н «көшөгөлөп» бөлүп турушкан. Ал күмбөзгө акыркы жолу (1933) ырымдап улак союлуп, Кантөрөнүн уулу Мамет болуштун (Тайлак баатырдын небереси) сөөгү коюлуп, мүрзөнүн капкагы биротоло бекитилген. Ошондон баштап Тайлактын урпактары жалпы салт б-ча өз-өзүнчө көмүлүп келет.
'''БАРАКАН КҮМБӨЗҮ ''' – Тогуз-Торо өрөөнүндөгү XIX кылымдын орто ченине таандык архитектуралык эстелик. Көгарт жана Атай суулары кошулган жердеги секиде курулган. Күмбөз Орто Азия аймагында колдонулуучу жука, жалпак бышкан кыштан тургузулган. Күмбөздүн жанында усталар кыш бышырган «очоктордун» орду сакталып калган. Күмбөздүн адаттан тыш өзгөчөлүгү бар. Анын казанагы «найза тегеретип» (кеӊдиги) казылып, сөөк бузулбас үчүн таманына атайылап арчанын күлүнөн калыӊ төшөлүп, шыбы (үстү) жалаӊ арча устун менен жабылган. Күмбөзгө ''Тайлак баатырдын'' урпактары (20дан ашык) коюлган. Аялдардын сөөгүн арча менен «көшөгөлөп» бөлүп турушкан. Ал күмбөзгө акыркы жолу (1933) ырымдап улак союлуп, Кантөрөнүн уулу Мамет болуштун (Тайлак баатырдын небереси) сөөгү коюлуп, мүрзөнүн капкагы биротоло бекитилген. Ошондон баштап Тайлактын урпактары жалпы салт боюнча өз-өзүнчө көмүлүп келет.<br/>''Т. Абдылдабеков.''
<br/>''Т. Абдылдабеков.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

04:26, 13 Ноябрь (Жетинин айы) 2024 -га соңку нускасы

БАРАКАН КҮМБӨЗҮ – Тогуз-Торо өрөөнүндөгү XIX кылымдын орто ченине таандык архитектуралык эстелик. Көгарт жана Атай суулары кошулган жердеги секиде курулган. Күмбөз Орто Азия аймагында колдонулуучу жука, жалпак бышкан кыштан тургузулган. Күмбөздүн жанында усталар кыш бышырган «очоктордун» орду сакталып калган. Күмбөздүн адаттан тыш өзгөчөлүгү бар. Анын казанагы «найза тегеретип» (кеӊдиги) казылып, сөөк бузулбас үчүн таманына атайылап арчанын күлүнөн калыӊ төшөлүп, шыбы (үстү) жалаӊ арча устун менен жабылган. Күмбөзгө Тайлак баатырдын урпактары (20дан ашык) коюлган. Аялдардын сөөгүн арча менен «көшөгөлөп» бөлүп турушкан. Ал күмбөзгө акыркы жолу (1933) ырымдап улак союлуп, Кантөрөнүн уулу Мамет болуштун (Тайлак баатырдын небереси) сөөгү коюлуп, мүрзөнүн капкагы биротоло бекитилген. Ошондон баштап Тайлактын урпактары жалпы салт боюнча өз-өзүнчө көмүлүп келет.
Т. Абдылдабеков.