БОРН Макс: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
м (Dilde moved page БОРН to БОРН Макс)
 
(Айырма жок)

03:29, 3 Декабрь (Бештин айы) 2024 -га соңку нускасы

БОРН Макс (11.12.1882, Бреслау, азыр Вроцлов –5.1.1970, Гёттинген) – немец физика теоретиги, квант механикасын түзүүчүлөрдүн бири. Россия ИАнын чет элдик корреспондент-мүчөсү (1924), СССР ИАнын ардактуу мүчөсү (1934). 1933-жылдан Улуу Британияда, 1953-жылдан Германияда иштеген. Квант механикасын статикалык жол менен түшүндүргөн. Кристалл торчосунун динамикалык теориясы, атом физикасы, оптика жана табият таануунун философиясы боюнча эмгектери бар. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1954).