БУТАДИЕН КАУЧУГУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БУТАДИЕ́Н КАУЧУГУ''' , д и в и н и л к а у ч у г у – бутадиендин полимерленишинен алынган синтездик каучук. Табигый каучуктар сыяктуу эле ал узун | '''БУТАДИЕ́Н КАУЧУГУ''' , д и в и н и л к а у ч у г у – бутадиендин полимерленишинен алынган синтездик каучук. Табигый каучуктар сыяктуу эле ал узун макромолекулалуу тизмектүү, кээде бутактанган түзүлүштө болот да, жүз миӊден миллионго чейинки орточо молекулалык массага ээ. Полимерлөөнүн шартына жараша цис- жана транс- (изомер) түзүлүштө болот. Жегич металлдардын катышуусунда негизинен транс- түзүлүштөгү натрий бутадиен каучугу алынат. Бул каучук 1927-жылы С. В. Лебедевдин ыкмасы боюнча СССРде 1-жолу этил спиртинен синтезделип алынган бутадиенди натрийдин катышуусунда полимерлөөдөн алынган. Андан табигый каучукка караганда ийилгич, бышык резиналар пайда болот. Шина, ташыгыч тасма, суукка чыдамдуу бышык буюмдарды, тиричиликке керектүү резиналарды алууда колдонулат. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
10:45, 3 Декабрь (Бештин айы) 2024 -га соңку нускасы
БУТАДИЕ́Н КАУЧУГУ , д и в и н и л к а у ч у г у – бутадиендин полимерленишинен алынган синтездик каучук. Табигый каучуктар сыяктуу эле ал узун макромолекулалуу тизмектүү, кээде бутактанган түзүлүштө болот да, жүз миӊден миллионго чейинки орточо молекулалык массага ээ. Полимерлөөнүн шартына жараша цис- жана транс- (изомер) түзүлүштө болот. Жегич металлдардын катышуусунда негизинен транс- түзүлүштөгү натрий бутадиен каучугу алынат. Бул каучук 1927-жылы С. В. Лебедевдин ыкмасы боюнча СССРде 1-жолу этил спиртинен синтезделип алынган бутадиенди натрийдин катышуусунда полимерлөөдөн алынган. Андан табигый каучукка караганда ийилгич, бышык резиналар пайда болот. Шина, ташыгыч тасма, суукка чыдамдуу бышык буюмдарды, тиричиликке керектүү резиналарды алууда колдонулат.