БУУДАЙ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БУУДАЙ ''' (Тriticum) – дан өсүмдүктөр тукумунун уруусу, чачы тамырлуу чөп өсүмдүк. Тамыры негизинен топурактын айдалма катмарында өсөт. Айрым көмөкчү тамырлары 180 смге чейин тереӊ кетет. Сабагы көӊдөй, жылмакай, көп муунактуу, бийикт. 40–130 ''см''. Бышкан Б-дын сабагы агыш, саргыч, кызгылт. Жалбырагы ичке, сабагын курчап кезектешип жайгашат. Топ гүлү – кылкандуу машак; көбүнчө өзү  
'''БУУДАЙ ''' (Тriticum) – дан өсүмдүктөр тукумунун уруусу, чачы тамырлуу чөп өсүмдүк. Тамыры негизинен топурактын айдалма катмарында өсөт. Айрым көмөкчү тамырлары 180 смге чейин тереӊ кетет. Сабагы көӊдөй, жылмакай, көп муунактуу, бийиктиги 40–130 ''см''. Бышкан буудайдын сабагы агыш, саргыч, кызгылт. Жалбырагы ичке, сабагын курчап кезектешип жайгашат. Топ гүлү – кылкандуу машак; көбүнчө өзү <br/>
<br/>
[[File:БУУДАЙ43.png | thumb | Буудай: 1 – катуу буудай; 2 – кылкансыз жумшак буудай.]]
[[File:БУУДАЙ43.png | thumb | Буудай: 1 – катуу буудай; 2 – кылкансыз жумшак буудай.]]
м-н өзү чаӊдашат, кайчылаш чаӊдашканы чанда кездешет. Даны сүйрү, жумуртка сымал келип, ички жагынан теӊ ортосунда жикчеси бар; өӊү агыш, кызгылт, боз; данын жара бөлгөндө агыш же тунук. 30дай жапайы ж-а эгилме түрү бар. Машагынын кылкандуулугуна, өӊүнө ж-а дан кабыкчасына жараша, ал көп түрчөлөргө бөлүнөт. Эгилме Б. Алдыӊкы Азияда, Түркмөнстанда б. з. ч. 7–6 миӊ жыл илгери эле белгилүү болгон. Дүйнөдө жыйналган эгиндин 27%ин Б. түзөт. 66° түн. кеӊдиктен (Швеция) Австралия, Түш. Америка, Африканын түш. чет жакаларына чейин өстүрүлөт. Жумшак ж-а катуу түрү дүйнөнүн көп жерлеринде айдалат. Даны жагымдуу, калориялуу, курамында белок, углевод көп, о. эле май, витаминдер, ферменттер, минерал заттар ж. б. бар. Даны, улпагы ж. б. калдыктары – баалуу аралаш тоют. Саманы кесек тоютка ж-а малга төшөлгө катары ж. б-да пайдаланылат. Б.– бир жылдык маанилүү азык-түлүк дан өсүмдүгү; көп жылдыгы да бар. Ал күздүк ж-а жаздык болуп бөлүнөт. Күздүктүн активдүү вегетация мезгили экиге бөлүнөт: күзгү (45–50 күн, бул мезгилде Б-дын вегетация органдары чыгат) ж-а жаз-жайкы (75–100 күн, мында анын генерация органдары калыптанып, түшүм берет). Жаздык Б. жазында эгилет; вегетация мезгили 70–110 күн. Себилгенден кийин 5–7 күндө (17–18°С темп-рада) өнүп чыгып, 16–25°Сде жакшы өсөт. Күздүк Б. –35°С, жаздык Б. –10°С суукка чыдайт. Б. нымдуу ж-а азык заты жетиштүү жерде жакшы өсөт. Кырг-нда күздүктүн Кылкансыз-1, Эритроспермум-80, Интенсивдүү, Кызыл шаркыратма 210, Кыргыз 16, Лютенсценс 46, Жамин, Безостая-1, Фрунзе-60 ж. б. сорттору, жаздыктын кыргыз жапалдаш сорту эгилет. Б. селекциясы көп түшүм алынуучу, жыгылбаган, илдет ж-а зыянкечтерге туруктуу, сапаттуу нан ж-а нан азыктары бышырылуучу сортторун чыгарууга багытталган. Зыянкечтери: данчы үкүчө, гессен чымыны, швед чымыны ж. б. Илдеттери: өсүмдүк даты, ''чаӊгыл'' кебер ж. б.
менен өзү чаӊдашат, кайчылаш чаӊдашканы чанда кездешет. Даны сүйрү, жумуртка сымал келип, ички жагынан теӊ ортосунда жикчеси бар; өӊү агыш, кызгылт, боз; данын жара бөлгөндө агыш же тунук. 30дай жапайы жана эгилме түрү бар. Машагынын кылкандуулугуна, өӊүнө жана дан кабыкчасына жараша, ал көп түрчөлөргө бөлүнөт. Эгилме буудай Алдыӊкы Азияда, Түркмөнстанда б. з. ч. 7–6 миӊ жыл илгери эле белгилүү болгон. Дүйнөдө жыйналган эгиндин 27%ин буудай түзөт. 66° түндүк кеӊдиктен (Швеция) Австралия, Түштүк Америка, Африканын түштүк чет жакаларына чейин өстүрүлөт. Жумшак жана катуу түрү дүйнөнүн көп жерлеринде айдалат. Даны жагымдуу, калориялуу, курамында белок, углевод көп, ошондой эле май, витаминдер, ферменттер, минерал заттар ж. б. бар. Даны, улпагы ж. б. калдыктары – баалуу аралаш тоют. Саманы кесек тоютка жана малга төшөлгө катары ж. б-да пайдаланылат. Буудай – бир жылдык маанилүү азык-түлүк дан өсүмдүгү; көп жылдыгы да бар. Ал күздүк жана жаздык болуп бөлүнөт. Күздүктүн активдүү вегетация мезгили экиге бөлүнөт: күзгү (45–50 күн, бул мезгилде буудайдын вегетация органдары чыгат) жана жаз-жайкы (75–100 күн, мында анын генерация органдары калыптанып, түшүм берет). Жаздык буудай жазында эгилет; вегетация мезгили 70–110 күн. Себилгенден кийин 5–7 күндө (17–18°С температурада) өнүп чыгып, 16–25°Сде жакшы өсөт. Күздүк буудай –35°С, жаздык буудай –10°С суукка чыдайт. Буудай нымдуу жана азык заты жетиштүү жерде жакшы өсөт. Кыргызстанда күздүктүн Кылкансыз-1, Эритроспермум-80, Интенсивдүү, Кызыл шаркыратма 210, Кыргыз 16, Лютенсценс 46, Жамин, Безостая-1, Фрунзе-60 ж. б. сорттору, жаздыктын кыргыз жапалдаш сорту эгилет. Буудай селекциясы көп түшүм алынуучу, жыгылбаган, илдет жана зыянкечтерге туруктуу, сапаттуу нан жана нан азыктары бышырылуучу сортторун чыгарууга багытталган. Зыянкечтери: данчы үкүчө, гессен чымыны, швед чымыны ж. б. Илдеттери: өсүмдүк даты, ''чаӊгыл'' кебер ж. б.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

08:22, 4 Декабрь (Бештин айы) 2024 -га соңку нускасы

БУУДАЙ (Тriticum) – дан өсүмдүктөр тукумунун уруусу, чачы тамырлуу чөп өсүмдүк. Тамыры негизинен топурактын айдалма катмарында өсөт. Айрым көмөкчү тамырлары 180 смге чейин тереӊ кетет. Сабагы көӊдөй, жылмакай, көп муунактуу, бийиктиги 40–130 см. Бышкан буудайдын сабагы агыш, саргыч, кызгылт. Жалбырагы ичке, сабагын курчап кезектешип жайгашат. Топ гүлү – кылкандуу машак; көбүнчө өзү

Буудай: 1 – катуу буудай; 2 – кылкансыз жумшак буудай.

менен өзү чаӊдашат, кайчылаш чаӊдашканы чанда кездешет. Даны сүйрү, жумуртка сымал келип, ички жагынан теӊ ортосунда жикчеси бар; өӊү агыш, кызгылт, боз; данын жара бөлгөндө агыш же тунук. 30дай жапайы жана эгилме түрү бар. Машагынын кылкандуулугуна, өӊүнө жана дан кабыкчасына жараша, ал көп түрчөлөргө бөлүнөт. Эгилме буудай Алдыӊкы Азияда, Түркмөнстанда б. з. ч. 7–6 миӊ жыл илгери эле белгилүү болгон. Дүйнөдө жыйналган эгиндин 27%ин буудай түзөт. 66° түндүк кеӊдиктен (Швеция) Австралия, Түштүк Америка, Африканын түштүк чет жакаларына чейин өстүрүлөт. Жумшак жана катуу түрү дүйнөнүн көп жерлеринде айдалат. Даны жагымдуу, калориялуу, курамында белок, углевод көп, ошондой эле май, витаминдер, ферменттер, минерал заттар ж. б. бар. Даны, улпагы ж. б. калдыктары – баалуу аралаш тоют. Саманы кесек тоютка жана малга төшөлгө катары ж. б-да пайдаланылат. Буудай – бир жылдык маанилүү азык-түлүк дан өсүмдүгү; көп жылдыгы да бар. Ал күздүк жана жаздык болуп бөлүнөт. Күздүктүн активдүү вегетация мезгили экиге бөлүнөт: күзгү (45–50 күн, бул мезгилде буудайдын вегетация органдары чыгат) жана жаз-жайкы (75–100 күн, мында анын генерация органдары калыптанып, түшүм берет). Жаздык буудай жазында эгилет; вегетация мезгили 70–110 күн. Себилгенден кийин 5–7 күндө (17–18°С температурада) өнүп чыгып, 16–25°Сде жакшы өсөт. Күздүк буудай –35°С, жаздык буудай –10°С суукка чыдайт. Буудай нымдуу жана азык заты жетиштүү жерде жакшы өсөт. Кыргызстанда күздүктүн Кылкансыз-1, Эритроспермум-80, Интенсивдүү, Кызыл шаркыратма 210, Кыргыз 16, Лютенсценс 46, Жамин, Безостая-1, Фрунзе-60 ж. б. сорттору, жаздыктын кыргыз жапалдаш сорту эгилет. Буудай селекциясы көп түшүм алынуучу, жыгылбаган, илдет жана зыянкечтерге туруктуу, сапаттуу нан жана нан азыктары бышырылуучу сортторун чыгарууга багытталган. Зыянкечтери: данчы үкүчө, гессен чымыны, швед чымыны ж. б. Илдеттери: өсүмдүк даты, чаӊгыл кебер ж. б.