ВЕЙЦМАН: нускалардын айырмасы
2-tom>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(6 intermediate revisions by 4 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
''' | '''ВЕ́ЙЦМАН ''' '''Хаим''' [27. 11. 1874, Россия империясы, Гродно губерниясы Мотоль (азыркы Беларусь Республикасы, Брест облусу, Иванов району) – 9. 11. 1952, Израиль, Реховот] – Израилдин мамлекеттик жана саясий ишмери. Германия, Швейцария жана Англияда билим алган. 1901-жылдан Женева университетинде окутуучу, 1904–19-жылдары Манчестер университетинин окутуучусу, профессор, 1916–19-жылдары Британ адмиралтействосунда химия лабораториясынын башчысы. Көптөгөн ойлоп табуулардын автору. Сионисттик кыймылдын активдүү катышуучусу (к. ''Сионизм''). 1920–31, 1935–46-жылдарда Бүткүл дүйнөлүк сионисттик уюмдун президенти; 1929–31 жана 1935–46-жылдарда Палестина боюнча европалык агентчиликти жетектеген. 1937-жылы Чыгыш Европадагы еврейлерди фашизмден куткаруу максатында Палестинаны араб жана еврей мамлекеттерине бөлүү тууралуу британдык планды жактап чыккан. 1947–48-жылдарда БУУнун Генералдык Ассамблеясында Палестинаны экиге бөлүү боюнча талкууга еврей делегациясынын курамында катышкан. 1948-жылдын майынан Израилдин Убактылуу мамлекеттик кеӊешинин президенти. 1949-жылы февралда өлкөнүн алгачкы президенти болуп шайланган. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
09:31, 11 Декабрь (Бештин айы) 2024 -га соңку нускасы
ВЕ́ЙЦМАН Хаим [27. 11. 1874, Россия империясы, Гродно губерниясы Мотоль (азыркы Беларусь Республикасы, Брест облусу, Иванов району) – 9. 11. 1952, Израиль, Реховот] – Израилдин мамлекеттик жана саясий ишмери. Германия, Швейцария жана Англияда билим алган. 1901-жылдан Женева университетинде окутуучу, 1904–19-жылдары Манчестер университетинин окутуучусу, профессор, 1916–19-жылдары Британ адмиралтействосунда химия лабораториясынын башчысы. Көптөгөн ойлоп табуулардын автору. Сионисттик кыймылдын активдүү катышуучусу (к. Сионизм). 1920–31, 1935–46-жылдарда Бүткүл дүйнөлүк сионисттик уюмдун президенти; 1929–31 жана 1935–46-жылдарда Палестина боюнча европалык агентчиликти жетектеген. 1937-жылы Чыгыш Европадагы еврейлерди фашизмден куткаруу максатында Палестинаны араб жана еврей мамлекеттерине бөлүү тууралуу британдык планды жактап чыккан. 1947–48-жылдарда БУУнун Генералдык Ассамблеясында Палестинаны экиге бөлүү боюнча талкууга еврей делегациясынын курамында катышкан. 1948-жылдын майынан Израилдин Убактылуу мамлекеттик кеӊешинин президенти. 1949-жылы февралда өлкөнүн алгачкы президенти болуп шайланган.