ВЕНАЛАРДЫН ВАРИКОЗДУК КЕӉЕЙИШИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВЕНАЛАРДЫН ВАРИКОЗДУК КЕӉЕЙИШИ ''' – веналардын узарып, ийри-буйру | '''ВЕНАЛАРДЫН ВАРИКОЗДУК КЕӉЕЙИШИ ''' – веналардын узарып, ийри-буйру жана түйүн сымал болуп кеӊейүүсү. Ал көбүнчө буттун, көтөн чучуктун жана урук чылбырчаларынын веналарында учурайт. Анын пайда болушуна вена капталынын тубаса (тукум куума) начардыгы, ийкемдүүлүгүнүн жоголушу, вена клапандарынын жетишсиздиги, бут веналарында кандын жүрүшүн кыйындатуучу, башкача айтканда кесипке байланыштуу шарттар – узак убакыт туруп иштөө (дүкөнчүлөр, чач тарачтар, ашпозчулар ж. б.), кош бойлуулук, веналардын шишиги (кысуу) д. у. с. себеп болот. Айрыкча буттун кеӊейген венасы ийри-буйру болуп же түйүн түрүндө көрүнүп турат. Бул учурда териге керектүү зат аз келгендиктен трофикалык жара пайда болушу мүмкүн. Бут көбүнчө кечинде шишийт, салмактанат, басканда бат чарчайт, жатканда сыздап ооруйт. Айрым учурда оорулуу адам балтыр булчуӊдарынын түйүлгөнүн сезет. Аба ырайынын өтө ысык болушу да терс таасир кылат. Оору өтүшүп кеткенде шишиги күчөп, басуу кыйындайт, кээде баспай да калат. Кеӊейген венада кан жай жүрүп, сезгенүү процесси болуп, тромбдордун пайда болушуна алып келет. Ошондуктан баарыдан мурда кандын нормада айлануусун камсыз кылуу керек. Оорунун кабылдап кетүүсүнөн сактануу үчүн алдын алуу чараларын такай жүргүзүү зарыл. Оору күчөп кете электе врачка кайрылуу, анын кеӊештерин так аткаруу чоӊ мааниге ээ. Оорунун алгачкы мезгилинде чоюлгуч бинт менен таӊуу же чоюлгуч байпак кийип жүрүү керек. Бут эртеӊ менен шишип кете электе таӊылат. Жатарда таӊууну чечип, бутту бир аз бийигирээк коюп жатуу сунуш кылынат. Медициналык дарылоону врач жүргүзөт. Веналар өтө кеӊейип кеткенде хирургиялык операция жасалат. Ооруну алдын алууда дене тарбия, эмгек жана эс алуу режимин туура уюштуруу зор мааниге ээ. Гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасаганда венада кан токтобой, анын айлануусу жакшырат. Чалкадан жатып бут кетменин тегерете кыймылдатуу, кызыл ашык, жамбаш муундарын бүгүп, кайра жазуу, «велосипед тебүү» сыяктуу көнүгүүлөрдү, андан кийин бир аз басуу жана буттун учуна туруу ж. б. көнүгүүлөрдү жасоо максатка ылайык. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
02:57, 15 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ВЕНАЛАРДЫН ВАРИКОЗДУК КЕӉЕЙИШИ – веналардын узарып, ийри-буйру жана түйүн сымал болуп кеӊейүүсү. Ал көбүнчө буттун, көтөн чучуктун жана урук чылбырчаларынын веналарында учурайт. Анын пайда болушуна вена капталынын тубаса (тукум куума) начардыгы, ийкемдүүлүгүнүн жоголушу, вена клапандарынын жетишсиздиги, бут веналарында кандын жүрүшүн кыйындатуучу, башкача айтканда кесипке байланыштуу шарттар – узак убакыт туруп иштөө (дүкөнчүлөр, чач тарачтар, ашпозчулар ж. б.), кош бойлуулук, веналардын шишиги (кысуу) д. у. с. себеп болот. Айрыкча буттун кеӊейген венасы ийри-буйру болуп же түйүн түрүндө көрүнүп турат. Бул учурда териге керектүү зат аз келгендиктен трофикалык жара пайда болушу мүмкүн. Бут көбүнчө кечинде шишийт, салмактанат, басканда бат чарчайт, жатканда сыздап ооруйт. Айрым учурда оорулуу адам балтыр булчуӊдарынын түйүлгөнүн сезет. Аба ырайынын өтө ысык болушу да терс таасир кылат. Оору өтүшүп кеткенде шишиги күчөп, басуу кыйындайт, кээде баспай да калат. Кеӊейген венада кан жай жүрүп, сезгенүү процесси болуп, тромбдордун пайда болушуна алып келет. Ошондуктан баарыдан мурда кандын нормада айлануусун камсыз кылуу керек. Оорунун кабылдап кетүүсүнөн сактануу үчүн алдын алуу чараларын такай жүргүзүү зарыл. Оору күчөп кете электе врачка кайрылуу, анын кеӊештерин так аткаруу чоӊ мааниге ээ. Оорунун алгачкы мезгилинде чоюлгуч бинт менен таӊуу же чоюлгуч байпак кийип жүрүү керек. Бут эртеӊ менен шишип кете электе таӊылат. Жатарда таӊууну чечип, бутту бир аз бийигирээк коюп жатуу сунуш кылынат. Медициналык дарылоону врач жүргүзөт. Веналар өтө кеӊейип кеткенде хирургиялык операция жасалат. Ооруну алдын алууда дене тарбия, эмгек жана эс алуу режимин туура уюштуруу зор мааниге ээ. Гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасаганда венада кан токтобой, анын айлануусу жакшырат. Чалкадан жатып бут кетменин тегерете кыймылдатуу, кызыл ашык, жамбаш муундарын бүгүп, кайра жазуу, «велосипед тебүү» сыяктуу көнүгүүлөрдү, андан кийин бир аз басуу жана буттун учуна туруу ж. б. көнүгүүлөрдү жасоо максатка ылайык.