ВЕНЕРА ООРУЛАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ВЕНЕ́РА ООРУЛАРЫ ''' (лат. veneris – байыркы римдиктердин сүйүү кудайы Венеранын атынан) – негизинен жыныс жолдору аркылуу жугуучу оорулардын тобу. Аларга ''котон жара, сүзөк'', жумшак шанкр ж. б. кирет. «В. о.» терминин 1527-ж. фр. илимпоз Ж. де Бетанкур сунуш кылган. Бул оорулар байыртан (б. з. ч. 2500 жыл мурда) бери бир эле оору делип келген. Козгогучтары табылгандан кийин гана алар ар башка оору экендиги аныкталган. Кокусунан болгон жыныстык катнаш В. о-нын таралышына шарт түзөт. Бул ооруларды туура эмес дарылоодон өнөкөт түргө айланып, оорулууну эмгекке жараксыздыкка, кээде майыптыкка алып келет. В. о-нын таралышына турмуштун оордугу, жумушсуздук, ''аракечтик, баӊгилик'' сыяктуу социалдык абалдар себеп болот. В. о-нын козгогучу 19-к-дын аягына чейин табылган эмес. 1879-ж. немец венерологу А. Нейссер сүзөктүн, 1889-ж. итал. венеролог П. Феррари жумшак шанкрдын, 1905-ж. немис илимпоздору Ф. Шаудин, Э. Гофман котон жаранын козгогучтарын ачышкандан тартып, В. о-н диагноздоо, дарылоо ж-а алдын алуу жолдору иштелип чыккан. Бул ооруларды дарылоодо ''антибиотиктердин'' ачылышы өзгөчө мааниге ээ болду. Бирок азыркы кездеги ''венерологиянын'' жетишкендиктерине ж-а бардык өлкөлөрдө В. о-на каршы чаралар жүргүзүлгөндүгүнө карабастан, бул оорулар бардык жерде таралып, маанилүү социалдык маселелердин бири болуп эсептелет. Медицинанын азыркы жетишкендиктери өз убагында врачка кайрылып ж-а тиешелүү режимди сактагандарга оорудан айыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Оорунун таралышына негизинен туш келди жыныстык катнаш, социалдык шарттардан тышкары, моралдык-этикалык тартипти бузган айрым адамдар да күнөөлүү. Жаштардын жыныстык турмушка мамилесинин туура калыптанышында ата-эне м-н чөйрөнүн таасири чоӊ. В. о. м-н күрөшүүдө тарбия иштерин жүргүзүү м-н бирге атайын мед. чаралар ж-а каражаттар колдонулат. Жаштарды коомдук пайдалуу иштерге активдүү катыштыруу, дене тарбия ж-а спортко, көркөм чыг-лыкка тартуу, моралдык-этикалык тартипти туура сактоо, о. эле аракечтикке, баӊгиликке, жыныстык жактан бузулууга каршы күрөшүү В. о-н алдын алууда чоӊ мааниге ээ. О. эле үй-бүлөнү чыӊдоо, жеке гигиенаны сактоо, өз эркин башкара билүү жакшы натыйжа берет. Биздин өлкөдө оорулууну эрте табуу, дарылоо ж-а алдын алуунун мааниси чоң. В. о-на каршы күрөшүү үчүн атайын диспансерлер бар. Анда бул оору м-н ооругандарды каттоого алып, оору жуктургандарды табуу ж-а алар м-н байланышкандарды текшерүү жүргүзүлөт.  
'''ВЕНЕ́РА ООРУЛАРЫ ''' (лат. veneris – байыркы римдиктердин сүйүү кудайы Венеранын атынан) – негизинен жыныс жолдору аркылуу жугуучу оорулардын тобу. Аларга ''котон жара, сүзөк'', жумшак шанкр ж. б. кирет. «Венера оорулары» терминин 1527-жылы  француздук илимпоз Ж. де Бетанкур сунуш кылган. Бул оорулар байыртан (б. з. ч. 2500 жыл мурда) бери бир эле оору делип келген. Козгогучтары табылгандан кийин гана алар ар башка оору экендиги аныкталган. Кокусунан болгон жыныстык катнаш венера ооруларынын таралышына шарт түзөт. Бул ооруларды туура эмес дарылоодон өнөкөт түргө айланып, оорулууну эмгекке жараксыздыкка, кээде майыптыкка алып келет. Венера ооруларынын таралышына турмуштун оордугу, жумушсуздук, ''аракечтик, баӊгилик'' сыяктуу социалдык абалдар себеп болот. Венера ооруларынын козгогучу 19-кылымдын аягына чейин табылган эмес. 1879-жылы немец венерологу А. Нейссер сүзөктүн, 1889-жылы италиялык венеролог П. Феррари жумшак шанкрдын, 1905-жылы немис илимпоздору Ф. Шаудин, Э. Гофман котон жаранын козгогучтарын ачышкандан тартып, венера ооруларын диагноздоо, дарылоо жана алдын алуу жолдору иштелип чыккан. Бул ооруларды дарылоодо ''антибиотиктердин'' ачылышы өзгөчө мааниге ээ болду. Бирок азыркы кездеги ''венерологиянын'' жетишкендиктерине жана бардык өлкөлөрдө венера ооруларына каршы чаралар жүргүзүлгөндүгүнө карабастан, бул оорулар бардык жерде таралып, маанилүү социалдык маселелердин бири болуп эсептелет. Медицинанын азыркы жетишкендиктери өз убагында врачка кайрылып жана тиешелүү режимди сактагандарга оорудан айыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Оорунун таралышына негизинен туш келди жыныстык катнаш, социалдык шарттардан тышкары, моралдык-этикалык тартипти бузган айрым адамдар да күнөөлүү. Жаштардын жыныстык турмушка мамилесинин туура калыптанышында ата-эне менен чөйрөнүн таасири чоӊ. Венера оорулары менен күрөшүүдө тарбия иштерин жүргүзүү менен бирге атайын медициналык чаралар жана каражаттар колдонулат. Жаштарды коомдук пайдалуу иштерге активдүү катыштыруу, дене тарбия жана спортко, көркөм чыгармачылыкка тартуу, моралдык-этикалык тартипти туура сактоо, ошондой эле аракечтикке, баӊгиликке, жыныстык жактан бузулууга каршы күрөшүү венера ооруларын алдын алууда чоӊ мааниге ээ. Ошондой эле үй-бүлөнү чыӊдоо, жеке гигиенаны сактоо, өз эркин башкара билүү жакшы натыйжа берет. Биздин өлкөдө оорулууну эрте табуу, дарылоо жана алдын алуунун мааниси чоң. Венера ооруларына каршы күрөшүү үчүн атайын диспансерлер бар. Анда бул оору менен ооругандарды каттоого алып, оору жуктургандарды табуу жана алар менен байланышкандарды текшерүү жүргүзүлөт.  
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

03:02, 15 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы

ВЕНЕ́РА ООРУЛАРЫ (лат. veneris – байыркы римдиктердин сүйүү кудайы Венеранын атынан) – негизинен жыныс жолдору аркылуу жугуучу оорулардын тобу. Аларга котон жара, сүзөк, жумшак шанкр ж. б. кирет. «Венера оорулары» терминин 1527-жылы француздук илимпоз Ж. де Бетанкур сунуш кылган. Бул оорулар байыртан (б. з. ч. 2500 жыл мурда) бери бир эле оору делип келген. Козгогучтары табылгандан кийин гана алар ар башка оору экендиги аныкталган. Кокусунан болгон жыныстык катнаш венера ооруларынын таралышына шарт түзөт. Бул ооруларды туура эмес дарылоодон өнөкөт түргө айланып, оорулууну эмгекке жараксыздыкка, кээде майыптыкка алып келет. Венера ооруларынын таралышына турмуштун оордугу, жумушсуздук, аракечтик, баӊгилик сыяктуу социалдык абалдар себеп болот. Венера ооруларынын козгогучу 19-кылымдын аягына чейин табылган эмес. 1879-жылы немец венерологу А. Нейссер сүзөктүн, 1889-жылы италиялык венеролог П. Феррари жумшак шанкрдын, 1905-жылы немис илимпоздору Ф. Шаудин, Э. Гофман котон жаранын козгогучтарын ачышкандан тартып, венера ооруларын диагноздоо, дарылоо жана алдын алуу жолдору иштелип чыккан. Бул ооруларды дарылоодо антибиотиктердин ачылышы өзгөчө мааниге ээ болду. Бирок азыркы кездеги венерологиянын жетишкендиктерине жана бардык өлкөлөрдө венера ооруларына каршы чаралар жүргүзүлгөндүгүнө карабастан, бул оорулар бардык жерде таралып, маанилүү социалдык маселелердин бири болуп эсептелет. Медицинанын азыркы жетишкендиктери өз убагында врачка кайрылып жана тиешелүү режимди сактагандарга оорудан айыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Оорунун таралышына негизинен туш келди жыныстык катнаш, социалдык шарттардан тышкары, моралдык-этикалык тартипти бузган айрым адамдар да күнөөлүү. Жаштардын жыныстык турмушка мамилесинин туура калыптанышында ата-эне менен чөйрөнүн таасири чоӊ. Венера оорулары менен күрөшүүдө тарбия иштерин жүргүзүү менен бирге атайын медициналык чаралар жана каражаттар колдонулат. Жаштарды коомдук пайдалуу иштерге активдүү катыштыруу, дене тарбия жана спортко, көркөм чыгармачылыкка тартуу, моралдык-этикалык тартипти туура сактоо, ошондой эле аракечтикке, баӊгиликке, жыныстык жактан бузулууга каршы күрөшүү венера ооруларын алдын алууда чоӊ мааниге ээ. Ошондой эле үй-бүлөнү чыӊдоо, жеке гигиенаны сактоо, өз эркин башкара билүү жакшы натыйжа берет. Биздин өлкөдө оорулууну эрте табуу, дарылоо жана алдын алуунун мааниси чоң. Венера ооруларына каршы күрөшүү үчүн атайын диспансерлер бар. Анда бул оору менен ооругандарды каттоого алып, оору жуктургандарды табуу жана алар менен байланышкандарды текшерүү жүргүзүлөт.