ГАЗ ДИНАМИКАСЫ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГАЗ ДИНАМИКАСЫ – ''' ''гидроаэромеханиканын'' кысылуучу туташ чөйрөлөрдүн (''газ, плазма'') кыймылын ж-а алардын катуу нерселер м-н өз ара аракетин изилдөөчү бөлүмү. Ал ''термодинамика'' ж-а ''акустика'' м-н байланышта. Басымдын же | '''ГАЗ ДИНАМИКАСЫ – ''' ''гидроаэромеханиканын'' кысылуучу туташ чөйрөлөрдүн (''газ, плазма'') кыймылын ж-а алардын катуу нерселер м-н өз ара аракетин изилдөөчү бөлүмү. Ал ''термодинамика'' ж-а ''акустика'' м-н байланышта. Басымдын же температуранын өзгөрүшү м-н бардык нерселер кысылуу касиетине ээ болот. Кысылуу касиети – басымдын же температуранын өзгөрүшү м-н заттын көлөмүнүн өзгөрүшү. Кысылуучу илээшкек газдын туруксуз кыймылын Навье – Стокс теӊдемелери аныктайт. Газдын кысылуу процесси газ үндүн ылдамдыгындай же aндaн ашык ылдамдык м-н акканда (же катуу нерсе газда кыймылдаганда) пайда болот (к. ''Бернулли теӊдемеси''). Газ динамикасы химиялык (диссоциация, күйүү ж. б.) ж-а физикалык (иондошуу, нурлануу) процесстерди коштогон жогорку температурадагы газ агымдарын изилдөөгө мүмкүндүк берет. Газ динамикасынын ургаалдуу өнүгүшү реактивдүү авиациянын, ракеталардын, атом ж-а суутек бомбаларынын техникасы м-н байланышкан. Учуучу аппараттарды, кыймылдаткычтарды, газ машиналарын конструкциялаган кезде алардын бетиндеги газ агымынан пайда болгон басым м-н сүрүлүү күчүн, температура м-н жылуулук агымын да газ динамикасы изилдейт. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
04:13, 15 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ГАЗ ДИНАМИКАСЫ – гидроаэромеханиканын кысылуучу туташ чөйрөлөрдүн (газ, плазма) кыймылын ж-а алардын катуу нерселер м-н өз ара аракетин изилдөөчү бөлүмү. Ал термодинамика ж-а акустика м-н байланышта. Басымдын же температуранын өзгөрүшү м-н бардык нерселер кысылуу касиетине ээ болот. Кысылуу касиети – басымдын же температуранын өзгөрүшү м-н заттын көлөмүнүн өзгөрүшү. Кысылуучу илээшкек газдын туруксуз кыймылын Навье – Стокс теӊдемелери аныктайт. Газдын кысылуу процесси газ үндүн ылдамдыгындай же aндaн ашык ылдамдык м-н акканда (же катуу нерсе газда кыймылдаганда) пайда болот (к. Бернулли теӊдемеси). Газ динамикасы химиялык (диссоциация, күйүү ж. б.) ж-а физикалык (иондошуу, нурлануу) процесстерди коштогон жогорку температурадагы газ агымдарын изилдөөгө мүмкүндүк берет. Газ динамикасынын ургаалдуу өнүгүшү реактивдүү авиациянын, ракеталардын, атом ж-а суутек бомбаларынын техникасы м-н байланышкан. Учуучу аппараттарды, кыймылдаткычтарды, газ машиналарын конструкциялаган кезде алардын бетиндеги газ агымынан пайда болгон басым м-н сүрүлүү күчүн, температура м-н жылуулук агымын да газ динамикасы изилдейт.