ГАЛАКТИКАЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГАЛАКТИКАЛАР ''' – жүздөгөн млрд жылдыздардын зор системасы. Ага биздин ''Галактика'' да таандык. Г. жерден күӊүрт так түрүндө көрүнгөндүктөн, алар «биздин галактикадан тышкаркы тумандуулуктар» деп да аталат. Г-дын табияты 20-к-дын 20-жылдарында Э. ''Хаббл'' телескоптон карап, жарык так түрүндөгү тумандуулук эӊ көп жылдыздардан турарын байкагандан кийин белгилүү боло баштады. Г. – эллипстик (Е), спиралдык (S) ж-а туура эмес (Jr) болуп 3 класска бөлүнөт. Алардын өлчөмү абдан чоӊ. Г-дын бир четинен экинчи четине чейинки аралыкты жарык 300 000 ''км/сек'' ылдамдык м-н ондогон ж-а жүз миӊдеген жылда өтөт. Г-дын бөлүштүрүлүшү бирдей эмес. Алар ар түрдүү системалардын бөлүктөрүнөн ж-а топтошууларынан турат. Г-дын арасы, айрыкча чогулмасында космостук чаӊдан турушу мүмкүн. Бизге эӊ жакын галактика – ''Магеллан булуттары'' ж-а Андромеда тумандуулугу. ''Метагалактикалардын'' кеӊейишинин натыйжасында Г. топтолуусунун ортосундагы аралык да кеӊейүүдө. Радиотелескоптун жардамы м-н Г-ды радио-астр. изилдөөлөрдүн натыйжасында айрым Г-да нейтралдык суутектер бар экени байкалбайт, бирок космос нурлары электр-магниттик нурлар сыяктуу эле алар аркылуу өтөт. Өтө күчтүү телескоп м-н да жылдыздардан айрып билүүгө болбогон компакттуу (тыгыз) алыскы Г. да бар. Алар көгүлтүр нурга ээ. Эӊ кубаттуу радионурланууга ээ болгон алыскы компакттуу Г. N-г а л а к т и к а л а р, ушундай эле нурлануунун жылдыз түрүндөгү булактары ''к в а з а р л а р,'' ал эми кубаттуу радионурланууга ж-а белгилүү бурчтук өлчөмгө ээ болгондору ''р а д и о г а л а к т и к а л а р'' деп аталат. Г-дын ядросунда дайыма бөлүнүү процесси жүрүп турары орус астроному В. А. Амбарцумяндын гипотезасы б-ча түшүндүрүлөт. Бөлүнүү алардын борборунда болуп, ажыроодо Г. бөлүкчөлөргө бөлүнүп, радионурлануу м-н коштолот. Г-дын жарык бериши ар түрдүү. Мис., өтө гигант Г-дын жарык бериши Күндүкүнөн 1011 эсе жогору, квазарлар 100 эсе жарык: карлик – Г-дын начарлары эле биздин Галактиканын шар түрүндөгү жылдыз чогулмалары м-н бирдей. Алардын жарык бериши Күндүн жарык беришинин 105ин түзөт. 1,5 миӊдей өтө жарык (15 жылдыз өлчөмүнө чейин) Г. белгилүү, башка маалыматтар б-ча 30 миӊге жетет.  
'''ГАЛАКТИКАЛАР ''' – жүздөгөн млрд жылдыздардын зор системасы. Ага биздин ''Галактика'' да таандык. Галактикалар жерден күӊүрт так түрүндө көрүнгөндүктөн, алар «биздин галактикадан тышкаркы тумандуулуктар» деп да аталат. Галактикалардын табияты 20-кылымдын 20-жылдарында Э. ''Хаббл'' телескоптон карап, жарык так түрүндөгү тумандуулук эӊ көп жылдыздардан турарын байкагандан кийин белгилүү боло баштады. Галактикалар – эллипстик (Е), спиралдык (S) ж-а туура эмес (Jr) болуп 3 класска бөлүнөт. Алардын өлчөмү абдан чоӊ. Галактикалардын бир четинен экинчи четине чейинки аралыкты жарык 300 000 ''км/сек'' ылдамдык м-н ондогон ж-а жүз миӊдеген жылда өтөт. Галактикалардын бөлүштүрүлүшү бирдей эмес. Алар ар түрдүү системалардын бөлүктөрүнөн ж-а топтошууларынан турат. Галактикалардын арасы, айрыкча чогулмасында космостук чаӊдан турушу мүмкүн. Бизге эӊ жакын галактика – ''Магеллан булуттары'' ж-а Андромеда тумандуулугу. ''Метагалактикалардын'' кеӊейишинин натыйжасында Галактикалар топтолуусунун ортосундагы аралык да кеӊейүүдө. Радиотелескоптун жардамы м-н Галактикаларды радио-астрономиялык изилдөөлөрдүн натыйжасында айрым Галактикаларда нейтралдык суутектер бар экени байкалбайт, бирок космос нурлары электр-магниттик нурлар сыяктуу эле алар аркылуу өтөт. Өтө күчтүү телескоп м-н да жылдыздардан айрып билүүгө болбогон компакттуу (тыгыз) алыскы Галактикалар да бар. Алар көгүлтүр нурга ээ. Эӊ кубаттуу радионурланууга ээ болгон алыскы компакттуу Галактикалар N-г а л а к т и к а л а р, ушундай эле нурлануунун жылдыз түрүндөгү булактары ''к в а з а р л а р,'' ал эми кубаттуу радионурланууга ж-а белгилүү бурчтук өлчөмгө ээ болгондору ''р а д и о г а л а к т и к а л а р'' деп аталат. Галактикалардын ядросунда дайыма бөлүнүү процесси жүрүп турары орус астроному В. А. Амбарцумяндын гипотезасы боюнча түшүндүрүлөт. Бөлүнүү алардын борборунда жүрүп, ажыроодо Галактикалар бөлүкчөлөргө бөлүнүп, радионурлануу м-н коштолот. Галактикалардын жарык бериши ар түрдүү. Мисалы, өтө гигант Галактикалардын жарык бериши Күндүкүнөн 1011 эсе жогору, квазарлар 100 эсе жарык: карлик – Галактикалардын начарлары эле биздин Галактиканын шар түрүндөгү жылдыз чогулмалары м-н бирдей. Алардын жарык бериши Күндүн жарык беришинин 105ин түзөт. 1,5 миӊдей өтө жарык (15 жылдыз өлчөмүнө чейин) Галактикалар белгилүү, башка маалыматтар боюнча 30 миӊге жетет.  
<br/>Ад.: ''Тейлор Р. Д.'' Галактики: строение и эволюция. М., 1981.
 
<br />Ад.: ''Тейлор Р. Д.'' Галактики: строение и эволюция. М., 1981.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

04:50, 15 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы

ГАЛАКТИКАЛАР – жүздөгөн млрд жылдыздардын зор системасы. Ага биздин Галактика да таандык. Галактикалар жерден күӊүрт так түрүндө көрүнгөндүктөн, алар «биздин галактикадан тышкаркы тумандуулуктар» деп да аталат. Галактикалардын табияты 20-кылымдын 20-жылдарында Э. Хаббл телескоптон карап, жарык так түрүндөгү тумандуулук эӊ көп жылдыздардан турарын байкагандан кийин белгилүү боло баштады. Галактикалар – эллипстик (Е), спиралдык (S) ж-а туура эмес (Jr) болуп 3 класска бөлүнөт. Алардын өлчөмү абдан чоӊ. Галактикалардын бир четинен экинчи четине чейинки аралыкты жарык 300 000 км/сек ылдамдык м-н ондогон ж-а жүз миӊдеген жылда өтөт. Галактикалардын бөлүштүрүлүшү бирдей эмес. Алар ар түрдүү системалардын бөлүктөрүнөн ж-а топтошууларынан турат. Галактикалардын арасы, айрыкча чогулмасында космостук чаӊдан турушу мүмкүн. Бизге эӊ жакын галактика – Магеллан булуттары ж-а Андромеда тумандуулугу. Метагалактикалардын кеӊейишинин натыйжасында Галактикалар топтолуусунун ортосундагы аралык да кеӊейүүдө. Радиотелескоптун жардамы м-н Галактикаларды радио-астрономиялык изилдөөлөрдүн натыйжасында айрым Галактикаларда нейтралдык суутектер бар экени байкалбайт, бирок космос нурлары электр-магниттик нурлар сыяктуу эле алар аркылуу өтөт. Өтө күчтүү телескоп м-н да жылдыздардан айрып билүүгө болбогон компакттуу (тыгыз) алыскы Галактикалар да бар. Алар көгүлтүр нурга ээ. Эӊ кубаттуу радионурланууга ээ болгон алыскы компакттуу Галактикалар N-г а л а к т и к а л а р, ушундай эле нурлануунун жылдыз түрүндөгү булактары к в а з а р л а р, ал эми кубаттуу радионурланууга ж-а белгилүү бурчтук өлчөмгө ээ болгондору р а д и о г а л а к т и к а л а р деп аталат. Галактикалардын ядросунда дайыма бөлүнүү процесси жүрүп турары орус астроному В. А. Амбарцумяндын гипотезасы боюнча түшүндүрүлөт. Бөлүнүү алардын борборунда жүрүп, ажыроодо Галактикалар бөлүкчөлөргө бөлүнүп, радионурлануу м-н коштолот. Галактикалардын жарык бериши ар түрдүү. Мисалы, өтө гигант Галактикалардын жарык бериши Күндүкүнөн 1011 эсе жогору, квазарлар 100 эсе жарык: карлик – Галактикалардын начарлары эле биздин Галактиканын шар түрүндөгү жылдыз чогулмалары м-н бирдей. Алардын жарык бериши Күндүн жарык беришинин 105ин түзөт. 1,5 миӊдей өтө жарык (15 жылдыз өлчөмүнө чейин) Галактикалар белгилүү, башка маалыматтар боюнча 30 миӊге жетет.


Ад.: Тейлор Р. Д. Галактики: строение и эволюция. М., 1981.