ГАЛЛДАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГАЛЛДАР ''' (лат. galla – бүртүк), ц е ц и д и я л а р – өсүмдүктүн түрдүү органында (тамыр, жалбырак ж. б.) өзгөчө козгогучтар пайда кылуучу патол. дөмпөк өсүндү. Кене, курт-кумурска, нематода ж. б. бөлүп чыгарган токсиндин таасиринен пайда болсо, м и з о о ц е ц и д и я л а р, козу карындар пайда кылса, к о ц е ц и д и я л а р деп аталат. Көбүнчө эмен, атыр гүл ж-а татаал гүлдүү өсүмдүктөрдө кездешет. Г. хим. курамында суу, азык зат, өӊдөгүч заттардын көптүгү м-н таза ткандан айырмаланат. Г. өсүмдүктүн азыктануусун бузат, өсүшүн начарлатат, кээде өсүмдүк солуп калат. Буудай нематодасы жалбырагын буралтып, сырткы көрүнүшү б-ча кадимки данга окшош Г-ды, ал эми кызылча нематодасы кызылча тамырында Г-ды пайда кылат. Чанактуу өсүмдүктөрдүн тамырындагы Г. топуракты азот м-н байытат, о. эле кээ бир Г-дын козгогучтары отоо чөптөргө каршы биол. каражат катары керектелгендиктен, а. ч-нда пайдасы да бар. Көпчүлүк Г-дын козгогучтары а. ч-на ж-а токойчулукка чоӊ зыян келтирет, мис., картошка рагы, жүзүм филлоксерасы ж. б. Алардын таралышына жол берүүгө болбойт. Каршы күрөшүү чаралары: илдетке туруктуу сорт эгүү; которуштуруп эгүүнү туура жүргүзүү; Г-ды жок кылуу (мис., жалбырактан, бутактан кесип салуу) ж. б.
'''ГАЛЛДАР ''' (лат. galla – бүртүк), ц е ц и д и я л а р – өсүмдүктүн түрдүү органындагы (тамыр, жалбырак ж. б.) өзгөчө козгогучтар пайда кылуучу патологиялык дөмпөк өсүндү. Кене, курт-кумурска, нематода ж. б. бөлүп чыгарган токсиндин таасиринен пайда болсо, м и з о о ц е ц и д и я л а р, козу карындар пайда кылса, к о ц е ц и д и я л а р деп аталат. Көбүнчө эмен, атыр гүл ж-а татаал гүлдүү өсүмдүктөрдө кездешет. Галлдар химиялык курамында суу, азык зат, өӊдөгүч заттардын көптүгү м-н таза ткандан айырмаланат. Галлдар өсүмдүктүн азыктануусун бузат, өсүшүн начарлатат, кээде өсүмдүк солуп калат. Буудай нематодасы жалбырагын буралтып, сырткы көрүнүшү боюнча кадимки данга окшош галлдарды, ал эми кызылча нематодасы кызылча тамырында галлдарды пайда кылат. Чанактуу өсүмдүктөрдүн тамырындагы Галлдар топуракты азот м-н байытат, ошондой эле кээ бир Галлдардын козгогучтары отоо чөптөргө каршы биологиялык каражат катары керектелгендиктен, айыл чарбасында пайдасы да бар. Көпчүлүк галлдардын козгогучтары айыл чарбасына ж-а токойчулукка чоӊ зыян келтирет, мисалы, картошка рагы, жүзүм филлоксерасы ж. б. Алардын таралышына жол берүүгө болбойт. Каршы күрөшүү чаралары: илдетке туруктуу сорт эгүү; которуштуруп эгүүнү туура жүргүзүү; Галлдарды жок кылуу (мисалы, жалбырактан, бутактан кесип салуу) ж. б.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:07, 15 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы

ГАЛЛДАР (лат. galla – бүртүк), ц е ц и д и я л а р – өсүмдүктүн түрдүү органындагы (тамыр, жалбырак ж. б.) өзгөчө козгогучтар пайда кылуучу патологиялык дөмпөк өсүндү. Кене, курт-кумурска, нематода ж. б. бөлүп чыгарган токсиндин таасиринен пайда болсо, м и з о о ц е ц и д и я л а р, козу карындар пайда кылса, к о ц е ц и д и я л а р деп аталат. Көбүнчө эмен, атыр гүл ж-а татаал гүлдүү өсүмдүктөрдө кездешет. Галлдар химиялык курамында суу, азык зат, өӊдөгүч заттардын көптүгү м-н таза ткандан айырмаланат. Галлдар өсүмдүктүн азыктануусун бузат, өсүшүн начарлатат, кээде өсүмдүк солуп калат. Буудай нематодасы жалбырагын буралтып, сырткы көрүнүшү боюнча кадимки данга окшош галлдарды, ал эми кызылча нематодасы кызылча тамырында галлдарды пайда кылат. Чанактуу өсүмдүктөрдүн тамырындагы Галлдар топуракты азот м-н байытат, ошондой эле кээ бир Галлдардын козгогучтары отоо чөптөргө каршы биологиялык каражат катары керектелгендиктен, айыл чарбасында пайдасы да бар. Көпчүлүк галлдардын козгогучтары айыл чарбасына ж-а токойчулукка чоӊ зыян келтирет, мисалы, картошка рагы, жүзүм филлоксерасы ж. б. Алардын таралышына жол берүүгө болбойт. Каршы күрөшүү чаралары: илдетке туруктуу сорт эгүү; которуштуруп эгүүнү туура жүргүзүү; Галлдарды жок кылуу (мисалы, жалбырактан, бутактан кесип салуу) ж. б.