ГАСТРОЭНТЕРОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГАСТРОЭНТЕРОЛО́ГИЯ ''' (''гастро''… ж-а гр. tnteron – ичеги, lоgos – окуу) – медицинанын тамак сиӊирүү органдарынын түзүлүшүн ж-а функциясын, алардын ооруларынын өөрчүү механизмин, себептерин изилдөөчү, ооруну диагноздоо, дарылоо ж-а алдын алуу жолдорун иштеп чыгуучу бөлүмү. | '''ГАСТРОЭНТЕРОЛО́ГИЯ ''' (''гастро''… ж-а гр. tnteron – ичеги, lоgos – окуу) – медицинанын тамак сиӊирүү органдарынын түзүлүшүн ж-а функциясын, алардын ооруларынын өөрчүү механизмин, себептерин изилдөөчү, ооруну диагноздоо, дарылоо ж-а алдын алуу жолдорун иштеп чыгуучу бөлүмү. Гастроэнтерологиянын өнүгүшүнө 18-кылымда патологиялык-анатомиялык изилдөөлөрдү киргизүү чоӊ мааниге ээ болгон. 19-кылымдын 1-жарымында өз алдынча илим катары калыптанган. Рентгенологиялык изилдөө методдорунун өнүгүшү тамак сиӊирүү органдарынын патологиялык өзгөрүүлөрүн аныктоого мүмкүндүк берди. Азыркы клиникалык практикада колдонулуучу аспаптык (''гастроскопия'', лапароскопия, ректоскопия, ультра үндүк изилдөө, радионуклиддик сканерлөө, ангиография, компьютердик томография ж. б.) изилдөөлөр диагноздоо мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеӊейтти. Гастроэнтерологиянын теориясы м-н практикасында тамак сиӊирүү органдарынын зыяндуу шишигин алдын алуу методдорун иштеп чыгуу ж-а колдонуу улам чоӊ мааниге ээ болууда. И. П. ''Павловдун'' тамак сиӊирүү физиологиясы жөнүндө эмгектери гастроэнтерологиянын өсүшүнө чечүүчү таасир тийгизген. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
08:07, 16 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ГАСТРОЭНТЕРОЛО́ГИЯ (гастро… ж-а гр. tnteron – ичеги, lоgos – окуу) – медицинанын тамак сиӊирүү органдарынын түзүлүшүн ж-а функциясын, алардын ооруларынын өөрчүү механизмин, себептерин изилдөөчү, ооруну диагноздоо, дарылоо ж-а алдын алуу жолдорун иштеп чыгуучу бөлүмү. Гастроэнтерологиянын өнүгүшүнө 18-кылымда патологиялык-анатомиялык изилдөөлөрдү киргизүү чоӊ мааниге ээ болгон. 19-кылымдын 1-жарымында өз алдынча илим катары калыптанган. Рентгенологиялык изилдөө методдорунун өнүгүшү тамак сиӊирүү органдарынын патологиялык өзгөрүүлөрүн аныктоого мүмкүндүк берди. Азыркы клиникалык практикада колдонулуучу аспаптык (гастроскопия, лапароскопия, ректоскопия, ультра үндүк изилдөө, радионуклиддик сканерлөө, ангиография, компьютердик томография ж. б.) изилдөөлөр диагноздоо мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеӊейтти. Гастроэнтерологиянын теориясы м-н практикасында тамак сиӊирүү органдарынын зыяндуу шишигин алдын алуу методдорун иштеп чыгуу ж-а колдонуу улам чоӊ мааниге ээ болууда. И. П. Павловдун тамак сиӊирүү физиологиясы жөнүндө эмгектери гастроэнтерологиянын өсүшүнө чечүүчү таасир тийгизген.