БЛЭР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БЛЭР''' Энтони (Тони) Чарльз Линтон (6. 5. 1953-ж. т., Эдинбург, Улуу Британия) – мамл. ишмер. Улуу Британиянын премьер-министри (1997–2007). Юристтин үй-бүлөсүнөн. 1975-ж. Оксфорд ун-тинин юрид. мектебин бүтүргөн. 1975-ж. Лейбористтик партиясынын катарына өткөн. 1983-жылдан Общиндер палатасынын депутаты, 1984-жылдан финансы, экономика, соода ж-а ички саясат маселелери б-ча лейбористтер фракциясынын эксперти, 1987-жылдан лейбористтик "көмүскө кабинетте" ар кандай кызматтарды аркалаган, 1994-ж. лейбористтер партиясынын төрагасы болуп шайланып, «Жаңы лейборист, жаңы Британия» деген ураан астында аны реформалоону демилгелеген, бул 1997-жылдагы шайлоодо лейбористтер партиясынын ийгилигине өбөлгө түзгөн. Ал бир катар ички саясий реформаларды жүргүзгөн (Шотландия, Уэльс ж-а Түн. Ирландияда аймактык парламенттерди түзүү, мамл. мектептерди реформалоо ж. б.). Сербия, Афганистан ж-а Иракка каршы АКШнын согуштук аракеттерин активдүү колдогон. 2007-ж. Б. Лейбористтер партиясынын төрагасы ж-а премьер-министр кызматын Г. Браунга өткөрүп берген. 2007–15-ж. Жакынкы Чыгышты (Европа Союзу, Россия, АКШ ж-а БУУ) жөнгө салуу б-ча квартеттин атайын өкүлү. Бир нече банктык топтордун кеңешчиси.  
''' БЛЭР''' Энтони (Тони) Чарлз Линтон (6.5.195<font color='green'>3</font>ж. т., Шотландия, Эдинбург) – мамл. ишмер. Улуу Британиянын премьер-министри (199<font color='green'>7</font>жылдан). 1975-ж. Оксфорд ун-тин бүтүрүп, ошол эле жерде укуктан сабак берген. 1976-жылдан адвокаттык кесипте эмгектенген. 1983-ж. ан<font color='green'>г</font>лис парламентинин общиналар палатасына д<font color='green'>е</font>путат болуп шайланып, палатадагы лейборис<font color='green'>т</font>тердин финансы ж-а шаар курулуш маселелери б-ча өкүлү болгон. 1988-жылдан лейбористтик партиянын Улуттук аткаруу к-тинин мүчөсү, 1994-ж. партиянын лидери болуп шайланган. 1997-ж. парламенттик шайлоодо лейбористтер жеӊишке жетишип, Б. премьер-министр болуп дайындалган. 2005-ж. парламенттик шайлоо кайрадан лейбористтердин жеӊиши м-н аяктап, Б. премьер-министрлик кызматында калтыры<font color='green'>л</font>ган. Ольстер маселесин жөнгө салуудагы сал<font color='green'>ы</font>мы үчүн Б-ге эларалык Улуу Карл сыйл. ыйг<font color='green'>а</font>рылган (1999).
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том, бүтө элек]]



02:42, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы

БЛЭР Энтони (Тони) Чарлз Линтон (6.5.1953ж. т., Шотландия, Эдинбург) – мамл. ишмер. Улуу Британиянын премьер-министри (1997жылдан). 1975-ж. Оксфорд ун-тин бүтүрүп, ошол эле жерде укуктан сабак берген. 1976-жылдан адвокаттык кесипте эмгектенген. 1983-ж. англис парламентинин общиналар палатасына депутат болуп шайланып, палатадагы лейбористтердин финансы ж-а шаар курулуш маселелери б-ча өкүлү болгон. 1988-жылдан лейбористтик партиянын Улуттук аткаруу к-тинин мүчөсү, 1994-ж. партиянын лидери болуп шайланган. 1997-ж. парламенттик шайлоодо лейбористтер жеӊишке жетишип, Б. премьер-министр болуп дайындалган. 2005-ж. парламенттик шайлоо кайрадан лейбористтердин жеӊиши м-н аяктап, Б. премьер-министрлик кызматында калтырылган. Ольстер маселесин жөнгө салуудагы салымы үчүн Б-ге эларалык Улуу Карл сыйл. ыйгарылган (1999).