БОЗЕМЧЕК-КАБАСАЙ ЖЕЗ ЖАНА ПОЛИМЕТАЛЛ КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

02:42, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы

БОЗЕМЧЕК-КАБАСАЙ ЖЕЗ ЖАНА ПОЛИМЕТА́ЛЛ КЕНИ Жалалабат обл-нун Алабука р-нунда, Каба кыш-нан түн. тарапта, Чаткал кыркатоосунун түш.-батыш капталында, Каба суусунун сол жээгинде, деӊиз деӊг. 1700–2300 м бийиктикте. Кен 9–12-к-дан белгилүү. 1951–66-ж. геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагын ташкөмүр мезгилинде пайда болгон доломит м-н акиташтеги ж-а эффузия тоотектери, каледондун гранит интрузиялары түзөт. Кенташ халькопирит, пирит, борнит, галенит, сфалерит ж. б. сульфиддерден түзүлүп, интруринен түзүлгөн. Тоонун түш. капталы каксоо; тик капталдуу аскалардын этегинде, эшилген шагыл кумдарда баялыш, чекенде, түн. капталында (3200–4000 м бийиктикте) кара-күрөӊ топуракта каракыяк, теӊиртоо бетегеси, шыбактуу доӊузсырты, жылгын ж. б., андан жогору (4000–4300 м) субальп ж-а альп өсүмдүктөрү (бетеге, теӊиртоо чыйпылдагы, таракбаш, боз терескен, кылкандуу күдүү, айгыржыгар ж. б.) өсөт. Жайыт.