БОЗКЫР КЫРКАТООСУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

02:42, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы

БОЗКЫР КЫРКАТООСУ – Какшаал тоо тизмегинин Сарыжаз капчыгайынан Меридиан кыркатоосуна чейинки чыгыш бөлүгү. Уз. 85 км, туурасы чыгышында 40–50 км, батышында 15– 20 км. Орт. бийикт. 5000–6000 м, эӊ бийик жери 7439 м (Жеӊиш чокусу). Генезистик тиби б-ча горст-антиклиналь. Негизинен палеозойдун акиташ теги, сланец ж-а мрамор тоотектеринен турат. Тоонун чыгыш бөлүгү туташ жаткан кар ж-а мөӊгүлөр м-н капталган. Эӊ ири мөӊгүлөрү: Түш. Эӊилчек ж-а анын сол тармактары – Жылдызча, Жапайы ж. б.; Кайыӊды, Көйкап, Темирсуу (түш. капталында). Түн. капталында гляциалдык-нивалдык ландшафт басымдуу. Альп ж-а субальп шалбаа алкактары батышында гана бар. Түштүк капталы чөлдөн гляциалдык-нивалдыкка чейинки алкактардан турат.