БОКСИТ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
(Кайра 13271 жокко Kadyrm (сюзюу))
 
(3 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БОКСИ́Т ''' (фр. ''baхite'', Франциядагы Ле-Бо деген жердин атынан) – негизинен алюминий гидроксидинен (35–85%), чопо м-н карбонаттуу минералдардын кошундуларынан, темир, кремний ж-а титандын бирикмелеринен турган чөкмө тоо тек. Б-ти түзүчү минералдарга диаспор, бемит, гиббсит, гётит, гидрогётит, гидрогематит, каолинит, хлориттер, кальцит, галлуазит ж. б. кирет. Өӊү ар түрдүү, көбүнчө кызыл, боз. Климаты нымдуу келген тропиктик шартта жегичтүү, кычкылдуу, кээде негиздүү тоо тектердин латериттик талкалануу процессинен ж-а көл м-н деӊиздерде чөкмө түрүндө пайда болот. Ири кендери Урал, Сибирь, Казакстан ж. б.; чет өлкөлөрдө – Венгрия, Румыния, Франция, Индия, Гана, Америка (Ямайка, Гайяна, Бразилия) ж. б. жерлерде бар. Б. – алюминийдин негизги кенташы (к. ''Алюминий кенташтары''). О. эле ал боёк, цемент жасоодо ж-а металлургия м-н нефть өнөр жайында пайдаланылат.
'''БОКСИ́Т ''' (фр. ''baхite'', Франциядагы Ле-Бо деген жердин атынан) – негизинен алюминий гидроксидинен (35–85%), чопо менен карбонаттуу минералдардын кошундуларынан, темир, кремний жана титандын бирикмелеринен турган чөкмө тоо тек. Бокситти түзүчү минералдарга диаспор, бемит, гиббсит, гётит, гидрогётит, гидрогематит, каолинит, хлориттер, кальцит, галлуазит ж. б. кирет. Өӊү ар түрдүү, көбүнчө кызыл, боз. Климаты нымдуу келген тропиктик шартта жегичтүү, кычкылдуу, кээде негиздүү тоо тектердин латериттик талкалануу процессинен жана көл менен деӊиздерде чөкмө түрүндө пайда болот. Ири кендери Урал, Сибирь, Казакстан ж. б.; чет өлкөлөрдө – Венгрия, Румыния, Франция, Индия, Гана, Америка (Ямайка, Гайяна, Бразилия) ж. б. жерлерде бар. Боксит – алюминийдин негизги кенташы (к. ''Алюминий кенташтары''). Ошондой эле ал боёк, цемент жасоодо жана металлургия менен нефть өнөр жайында пайдаланылат.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

03:55, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы

БОКСИ́Т (фр. baхite, Франциядагы Ле-Бо деген жердин атынан) – негизинен алюминий гидроксидинен (35–85%), чопо менен карбонаттуу минералдардын кошундуларынан, темир, кремний жана титандын бирикмелеринен турган чөкмө тоо тек. Бокситти түзүчү минералдарга диаспор, бемит, гиббсит, гётит, гидрогётит, гидрогематит, каолинит, хлориттер, кальцит, галлуазит ж. б. кирет. Өӊү ар түрдүү, көбүнчө кызыл, боз. Климаты нымдуу келген тропиктик шартта жегичтүү, кычкылдуу, кээде негиздүү тоо тектердин латериттик талкалануу процессинен жана көл менен деӊиздерде чөкмө түрүндө пайда болот. Ири кендери Урал, Сибирь, Казакстан ж. б.; чет өлкөлөрдө – Венгрия, Румыния, Франция, Индия, Гана, Америка (Ямайка, Гайяна, Бразилия) ж. б. жерлерде бар. Боксит – алюминийдин негизги кенташы (к. Алюминий кенташтары). Ошондой эле ал боёк, цемент жасоодо жана металлургия менен нефть өнөр жайында пайдаланылат.