БОКАРЕВ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
Белги: Undo |
(One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
|
03:58, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
БО́КАРЕВ Иван Васильевич (17. 5. 1923, Казакстан, Алматы облусу, Ак-Суу району, Бакалы кыштагы) – Даӊк орденинин толук кавалери. 1934-жылдан Кыргызстандын аймагындагы Кемин районунун Боролдой кыштагында жашаган. Согушка чейин ошол жерде колхоздо комбайнчы болуп иштеген. 1942-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылган. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда ал аткычтар полкунун чалгынчылар взводунда бөлүмчөнүн командири болгон. Биринчи Украин фронтунда согушуп, Украинанын сол жээгин, Запорожьени бошотууга, Львов-Сандомир операциясына катышкан. Луцк жана Житомир шаарларын бошотууда жана Польшадагы ийгиликтүү чалгындоо операциясы үчүн ал 1944–45-жылдары үч жолу Даӊк орденин (1944-жылы 28-августа, ошол эле жылы 21-октябрда жана 1945-жылы 14-мартта) алууга татыктуу болгон. Согуштан кийин республиканын чарба иштеринде эмгектенген. 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, 3-даражадагы «Манас» ордендери жана медалдар менен сыйланган. Бишкектин Жеңиш аянтындагы мемориалдык тактага ысмы жазылган.