БОЙЛЬ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
Белги: Undo |
(One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
|
03:59, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
БОЙЛЬ (Boyle) Роберт (25.1.1627, Ирландия Лисмор, – 31.12.1691, Лондон) – англиялык химик жана физик. Лондондогу Королдук коомду уюштуруучулардын бири. Адегенде дин жана философия менен алектенип, кийин химия жана физика боюнча изилдөө иштерине киришкен. 1665-жылы Оксфорд университетинин физика боюнча ардактуу доктору наамын алган. Химиялык элементтерге 1-жолу илимий аныктама берген жана химияга эксперименттик ыкманы киргизген. Химиялык анализдин баштоочусу болгон жана химия өзүнчө илим экендигин аныктаган. Бойлга физика боюнча да фундаменттүү чоӊ илимий эмгектер таандык. Ал 1662-жылы газ закондорунун бирин – Бойль-Мариотт законун ачкан.