БОЙКОТ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Кайра 13253 жокко Kadyrm (сюзюу))
 
1 сап: 1 сап:
''' БОЙКО&#769;Т''' (англ. boycott) – баш тартуу, токт<font color='green'>о</font>туу, тыюу салуу, аткарбай коюу, мамилени үзүү. 1880-ж. имение башкаруучу, англичан Ч. К. Бо<font color='green'>й</font>коттун атынан, ирландиялык арендаторлор ага биринчи мертебе баш ийбөө же баш тартуу ч<font color='green'>а</font>расын колдонушкан. Б-тун бир нече формасы бар: 1) белгилүү бир жеке адам, уюм, ишканага карата – жумушка орношууну, ошол ишкан<font color='green'>а</font>нын продукциясын сатып алууну токтотууга багытталган саясий ж-а экон. күрөштүн бир бе<font color='green'>л</font>гиси; 2) БУУнун Уставы б-ча, эларалык мам<font color='green'>и</font>леде – тынчтыкты сактоо максатында мажбу<font color='green'>р</font>лоо (куралдуу күчтөрдү колдонбостон) чарал<font color='green'>а</font>рынын бири. Бир мамлекеттин экинчи бир ма<font color='green'>м</font>лекет же мамлекеттердин тобу м-н мамиле т<font color='green'>ү</font>зүүдөн баш тартууга негизделет; 3) кимдир бирөө м-н мамилени токтотуу же бир нерсеге наар<font color='green'>а</font>зылык көрсөтүү. Аталган Б-тор көбүнчө экон. саясий, социалдык, рухий, мамл. башкаруу
'''БОЙКО&#769;Т ''' (англ. boycott) – баш тартуу, токтотуу, тыюу салуу, аткарбай коюу, мамилени үзүү. 1880-жылы имение башкаруучу, англичан Ч. К. Бойкоттун атынан, ирландиялык арендаторлор ага биринчи мертебе баш ийбөө же баш тартуу чарасын колдонушкан. Бойкоттун бир нече формасы бар: 1) белгилүү бир жеке адам, уюм, ишканага карата – жумушка орношууну, ошол ишкананын продукциясын сатып алууну токтотууга багытталган саясий жана экономикалык күрөштүн бир белгиси; 2) БУУнун Уставы боюнча эл аралык мамиледе – тынчтыкты сактоо максатында мажбурлоо (куралдуу күчтөрдү колдонбостон) чараларынын бири. Бир мамлекеттин экинчи бир мамлекет же мамлекеттердин тобу менен мамиле түзүүдөн баш тартууга негизделет; 3) кимдир бирөө менен мамилени токтотуу же бир нерсеге нааразылык көрсөтүү. Аталган Бойкоттор көбүнчө экономикалык, саясий, социалдык, рухий, мамлекетти башкаруу чөйрөлөрүнө, шайлоо системасына, саясий партияларга, өкмөттүк эмес уюмдарга, коомдук бирикмелерге таркалат. Мисалы, парламенттин депутаттарынын бир тобу тигил же бул маселени талкуулоодон, белгилүү бир максаттарга жетишүү үчүн баш тартуусу, мамлекеттин аткаруучу бийликтин өкүлүнүн чечимдерин, буйруктарын аткарбай коюусу; каршы экендигин билдирүү үчүн белгилүү бир тарап менен мамилелерди үзүү.
чөйрөлөрүнө, шайлоо системасына, саясий партияларга, өкмөттүк эмес уюмдарга, коомдук б<font color='green'>и</font>рикмелерге таркалат. Мис., парламенттин д<font color='green'>е</font>путаттарынын бир тобу тигил же бул маселени талкуулоодон, белгилүү бир максаттарга жет<font color='green'>и</font>шүү үчүн баш тартуусу, мамлекеттин аткаруучу бийликтин өкүлүнүн чечимдерин, буйруктарын аткарбай коюусу; каршы экендигин билдирүү
[[Category: 2-том]]
үчүн белгилүү бир тарап м-н мамилелерди үзүү.
[[Category: 2-том, бүтө элек]]
 

03:59, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы

БОЙКО́Т (англ. boycott) – баш тартуу, токтотуу, тыюу салуу, аткарбай коюу, мамилени үзүү. 1880-жылы имение башкаруучу, англичан Ч. К. Бойкоттун атынан, ирландиялык арендаторлор ага биринчи мертебе баш ийбөө же баш тартуу чарасын колдонушкан. Бойкоттун бир нече формасы бар: 1) белгилүү бир жеке адам, уюм, ишканага карата – жумушка орношууну, ошол ишкананын продукциясын сатып алууну токтотууга багытталган саясий жана экономикалык күрөштүн бир белгиси; 2) БУУнун Уставы боюнча эл аралык мамиледе – тынчтыкты сактоо максатында мажбурлоо (куралдуу күчтөрдү колдонбостон) чараларынын бири. Бир мамлекеттин экинчи бир мамлекет же мамлекеттердин тобу менен мамиле түзүүдөн баш тартууга негизделет; 3) кимдир бирөө менен мамилени токтотуу же бир нерсеге нааразылык көрсөтүү. Аталган Бойкоттор көбүнчө экономикалык, саясий, социалдык, рухий, мамлекетти башкаруу чөйрөлөрүнө, шайлоо системасына, саясий партияларга, өкмөттүк эмес уюмдарга, коомдук бирикмелерге таркалат. Мисалы, парламенттин депутаттарынын бир тобу тигил же бул маселени талкуулоодон, белгилүү бир максаттарга жетишүү үчүн баш тартуусу, мамлекеттин аткаруучу бийликтин өкүлүнүн чечимдерин, буйруктарын аткарбай коюусу; каршы экендигин билдирүү үчүн белгилүү бир тарап менен мамилелерди үзүү.