«БИТЕЛ»: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
(Кайра 13017 жокко Kadyrm (сюзюу))
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

04:06, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы

«БИТЕ́Л» ( англ. BITEL) – мобилдик байланыш кызматын көрсөтүүчү компания. 1997-жылы түзүлгөн. Мобилдик байланышка акысыз чыгуучу MOBICARD соода маркасын киргизген. Ошондон баштап мобилдик байланыш

«Бител» компаниясынын имараты.

кызматы мурдагыдан да жеткиликтүү болуп, аны андан да өркүндөтүүнүн үстүндө иштеп жатат. «Бителдин» абоненттеринин саны дүйнө боюнча 80 млндон ашык (2019). «Бител» алгач түзүлгөндөн баштап GSM(MOU) операторлорунун эл аралык ассоциациясына кирген. Кийинчирээк Кыргыз Республикасынын байланыш операторлор ассоциациясынын бирден-бир активдүү мүчөсү. Роумингдик кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүүдө. «Бител» алгачкы роумингдик макулдашууну «Билайн» (Россия) байланыш тармагы менен, андан кийин Swisscom Mobile (Швейцария) компаниясы менен түзгөн. Азыркы күндө «Бителдин» абоненттери дүйнө жүзүндөгү 120дан ашык мамлекет менен байланыша алат. «Бител» компаниясы Кыргыз Республикасынын бүт облустарынын жашоочуларынын 90%ын бир бүтүнгө бириктирген мобилдүү байланыш оператору болуп саналат. Ал ыӊгайлуу тейлөөгө өзгөчө көӊүл бурат, башкача айтканда компаниянын абоненттери 300дөн ашык борбордук сатуу, тейлөө кызматынын комплексин, акысыз автоматташтырылган маалымат – сурап-билүү кызматын, атайын корпоративдик программа жана жеке башкаруучу кызмат көрсөтөт.


У. Н. Бримкулов.