«БИШКЕК МАШИНА КУРУУ ЗАВОДУ»: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
(Кайра 13061 жокко Kadyrm (сюзюу))
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

06:33, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы

«БИШКЕК МАШИ́НА КУРУУ ЗАВОДУ» (БМЗ ААК) – ачык акционердик коом (1997). Бишкектеги машина куруу заводунун базасында уюшулган. БМЗ ААКты өнүктүрүү үчүн 2006-жылы заводдун 2010-жылга чейинки экономикалык өнүгүү программасы кабыл алынган. Завод КМШда токардык патрондорду, автоматтык өчүргүчтөрдү чыгаруу боюнча монополист болуп саналат. Азыркы учурда Россия, Украина, Казакстан ж. б. өлкөлөрдүн сатып алуучуларынан суроо-талаптар көп түшүүдө. Сырьё, ар кыл материалдар, комплекттөөчү буюмдар жана металл прокаттар Кыргызстандын өзүнөн тышкары Россиянын, Украинанын, Казакстандын, Молдованын 118 заводунан келет. Ошондой эле заводдун тамак-аш өнөр жайы, кайра иштетүү ишканалары, тоо-кен, геология чалгындоо, айыл чарба, машина куруу ж. б. тармактар үчүн техникалык жабдууларды, аспаптарды, минитехниканы, бардык тармактардын жабдуулары үчүн запастык бөлүктөрдү чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар.