БИОНТ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
(Кайра 12821 жокко Kadyrm (сюзюу))
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

06:42, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы

БИО́НТ (гр. bion – жашоого жөндөмдүү) – эволюциянын жүрүшүндө белгилүү бир чөйрөгө (биотопко) ыӊгайланышып жашап жаткан организм. Кургакта жана абада жашаган организмдер – аэробионттор, сууда жашаган организмдер – гидробионттор, топурактагылар – педобионттор, жаныбар жана өсүмдүк калдыгын ажыратуучулар сапробионттор деп аталат. Ал эми ар кандай чөйрөдө жашоого жөндөмдүү организмдер – эврибионттор ж. б.