БИОТЕХНИКАЛЫК СИСТЕМА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
Белги: Undo |
(One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
|
06:51, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
БИОТЕХНИКАЛЫК СИСТЕ́МА – өз ара байланышкан жана бири бирине көз каранды биологиялык жана техникалык системалардын же объектилердин жыйындысы. Мисалы, космос кемесинин борттук биотехникалык системасында ашкана, аба жана сууну калыбына келтирүү (регенерациялоо) блогу, энергия менен камсыздоо түзүлмөсү, жылуулукту жөндөө, таштандыларды минералдаштыруу, кээде космос оранжереясы ж. б. кирет. Бул система узак убакытка учуучу космонавттардын жашоосун камсыз кылат.