БИОСФЕРАНЫ БУЛГОО: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Кайра 12839 жокко Kadyrm (сюзюу))
 
(3 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БИОСФЕРАНЫ БУЛГОО ''' – адамзат коомунун ''биосферага'' тийгизген терс таасирлеринин жыйындысы. Алар биосферада зыяндуу заттардын өлчөмүн көбөйтүп, жашоо чөйрөсүнө залалдуу жаӊы хим. бирикмелерди пайда кылат. Натыйжада биосферада бир топ өзгөрүүлөр болот. Мис., темп-ранын кескин көтөрүлүшү, табигий радиоактивдүүлүктүн күчөөсү ж. б. Мындай кесепеттер өз кезегинде адамдын ден соолугуна ж-а айлана-чөйрөгө өтө зыяндуу таасирин тийгизип, адамзаттын жашоо мүмкүнчүлүгүн чектөөдө. Учурда адамзаттын иш-аракетинин реалдуу натыйжасында тигил же бул формасына алып келүүдө. Буга өнөр жайдын, энергетиканын, транспорттун чар жайыт өнүгүүсү, а. ч-нын ж-а тиричиликтин химияланышы, калктын тез өсүшү, о. эле планетанын ургаалдуу урбанизациясы түрткү болууда. Мис., Жердин булгануунун түпкүрүнөн жылына 300 млрд т тоо тек казып алынып, млрд т чамасында шарттуу отун жагылат; атм-га 20 млрд т СО<sub>2</sub>, 300 млн т СО, 50 млн т NOХ, 150 млн т SO<sub>2</sub>, 4–5 млн т H<sub>2</sub>S ж. б. зыяндуу газдар, 400 млн т күл ж-а чаӊ кошулат; гидросферага 600 млрд т өнөр жай ж-а тиричилик таштандылары төгүлүп, 10 млн т нефть ж-а нефть бирикмелери ташталат. Биосферага жерден казылып алынган металлдардын 50%, хим. сырьёнун 30%, жылуулук электр станцияларынын иштелип чыккан жылуулуктун 67% кошулууда. Мындан жылына биосферада мурда такыр кездешпеген ж-а зыяндуу касиеттеринен ажырабаган хим. бирикмелер (ксенобиотиктер) пайда болот. Б. б-нун масштабы өтө зор болгондо метаболизмдин табигый процесстерин ж-а атм. м-н гидросферанын суюлтуу мүмкүнчүлүгү планетанын айрым бөлүктөрүндө адамзаттын чарбалык зыяндуу таасирин жөнгө сала албай калат. Бул биосферанын өзүн-өзү жөнгө салуу процессине тоскоол болуп, табият системаларынын бузулушу, токой м-н а. ч. аянттарынын кыскарышы ж-а түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшү, экосистемалардын деградациясы, адамзаттын ден соолугунун начарлашы м-н коштолууда.
'''БИОСФЕРАНЫ БУЛГОО ''' – адамзат коомунун ''биосферага'' тийгизген терс таасирлеринин жыйындысы. Алар биосферада зыяндуу заттардын өлчөмүн көбөйтүп, жашоо чөйрөсүнө залалдуу жаӊы химиялык бирикмелерди пайда кылат. Натыйжада биосферада бир топ өзгөрүүлөр болот. Мисалы, температуранын кескин көтөрүлүшү, табигий радиоактивдүүлүктүн күчөөсү ж. б. Мындай кесепеттер өз кезегинде адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө өтө зыяндуу таасирин тийгизип, адамзаттын жашоо мүмкүнчүлүгүн чектөөдө. Учурда адамзаттын иш-аракетинин реалдуу натыйжасында тигил же бул формасына алып келүүдө. Буга өнөр жайдын, энергетиканын, транспорттун чар жайыт өнүгүүсү, айыл чарбасынын жана тиричиликтин химияланышы, калктын тез өсүшү, ошондой эле планетанын ургаалдуу урбанизациясы түрткү болууда. Мисалы, Жердин түпкүрүнөн жылына 300 млрд т тоо тек казып алынып, млрд т чамасында шарттуу отун жагылат; атмосферага 20 млрд т СО<sub>2</sub>, 300 млн т СО, 50 млн т NOХ, 150 млн т SO<sub>2</sub>, 4–5 млн т H<sub>2</sub>S ж. б. зыяндуу газдар, 400 млн т күл жана чаӊ кошулат; гидросферага 600 млрд т өнөр жай жана тиричилик таштандылары төгүлүп, 10 млн т нефть жана нефть бирикмелери ташталат. Биосферага жерден казылып алынган металлдардын 50%, химиялык сырьёнун 30%, жылуулук электр станцияларынын иштелип чыккан жылуулуктун 67% кошулууда. Мындан жылына биосферада мурда такыр кездешпеген жана зыяндуу касиеттеринен ажырабаган химиялык бирикмелер (ксенобиотиктер) пайда болот. Биосфераны булгоонун масштабы өтө зор болгондо метаболизмдин табигый процесстерин жана атмосфера менен гидросферанын суюлтуу мүмкүнчүлүгү планетанын айрым бөлүктөрүндө адамзаттын чарбалык зыяндуу таасирин жөнгө сала албай калат. Бул биосферанын өзүн-өзү жөнгө салуу процессине тоскоол болуп, табият системаларынын бузулушу, токой менен айыл чарба аянттарынын кыскарышы жана түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшү, экосистемалардын деградациясы, адамзаттын ден соолугунун начарлашы менен коштолууда.<br/>''Б. Үсөнканов.''
<br/>''Б. Үсөнканов.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

06:52, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы

БИОСФЕРАНЫ БУЛГОО – адамзат коомунун биосферага тийгизген терс таасирлеринин жыйындысы. Алар биосферада зыяндуу заттардын өлчөмүн көбөйтүп, жашоо чөйрөсүнө залалдуу жаӊы химиялык бирикмелерди пайда кылат. Натыйжада биосферада бир топ өзгөрүүлөр болот. Мисалы, температуранын кескин көтөрүлүшү, табигий радиоактивдүүлүктүн күчөөсү ж. б. Мындай кесепеттер өз кезегинде адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө өтө зыяндуу таасирин тийгизип, адамзаттын жашоо мүмкүнчүлүгүн чектөөдө. Учурда адамзаттын иш-аракетинин реалдуу натыйжасында тигил же бул формасына алып келүүдө. Буга өнөр жайдын, энергетиканын, транспорттун чар жайыт өнүгүүсү, айыл чарбасынын жана тиричиликтин химияланышы, калктын тез өсүшү, ошондой эле планетанын ургаалдуу урбанизациясы түрткү болууда. Мисалы, Жердин түпкүрүнөн жылына 300 млрд т тоо тек казып алынып, млрд т чамасында шарттуу отун жагылат; атмосферага 20 млрд т СО2, 300 млн т СО, 50 млн т NOХ, 150 млн т SO2, 4–5 млн т H2S ж. б. зыяндуу газдар, 400 млн т күл жана чаӊ кошулат; гидросферага 600 млрд т өнөр жай жана тиричилик таштандылары төгүлүп, 10 млн т нефть жана нефть бирикмелери ташталат. Биосферага жерден казылып алынган металлдардын 50%, химиялык сырьёнун 30%, жылуулук электр станцияларынын иштелип чыккан жылуулуктун 67% кошулууда. Мындан жылына биосферада мурда такыр кездешпеген жана зыяндуу касиеттеринен ажырабаган химиялык бирикмелер (ксенобиотиктер) пайда болот. Биосфераны булгоонун масштабы өтө зор болгондо метаболизмдин табигый процесстерин жана атмосфера менен гидросферанын суюлтуу мүмкүнчүлүгү планетанын айрым бөлүктөрүндө адамзаттын чарбалык зыяндуу таасирин жөнгө сала албай калат. Бул биосферанын өзүн-өзү жөнгө салуу процессине тоскоол болуп, табият системаларынын бузулушу, токой менен айыл чарба аянттарынын кыскарышы жана түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшү, экосистемалардын деградациясы, адамзаттын ден соолугунун начарлашы менен коштолууда.
Б. Үсөнканов.