ГЕЛИОТРОП: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГЕЛИОТРО́П ''' (Heliotropium) – өсүмдүктөрдүн эндиктер тукумунун уруусу. Анын 220 түрү белгилүү, КМШ өлкөлөрүндө 22 түрү таралган. Тоонун күнгөй бетине, курулуштун тегерегине, кээде айдоого чыгат. Гүлү майда, бурулча топ гүлгө чогулган, желекчеси ак же сыя көк. Ийилген машактуу Г. – кеӊири таралган бир жылдык отоо чөп. Бийикт. 20–40 (100) ''см''. Кургакчылыкка чыдамдуу, дан эгиндери, гозо, зыгыр, беде ж. б. айдалган бардык аянтта кездешет. Апрелде өнүп чыгат, уругу августта бышат. Бир түп Г-то 3–4 миӊ урук болот. Айрым түрлөрү (мис., уругу түктүү Г., европа Г-у) уулуу, циноглоссин, гелиотрин ж-а лизокарпин алкалоиддери бар. Г-тон ууккан малдын былжыр челдери саргайып, териси кургайт, жем жебейт, 7–15 күндөн кийин ичине суу толуп, денеси тырышып, башы, моюну калтырайт; канаттуулардын алы кетип, уйку басат, чычкактайт, ичинен кан өтөт. Каршы күрөшүү чаралары: коӊтормону учурунда айдоо, отоо чөптөрдү гүлдөй электе жок кылуу, дан өсүмдүктөрүнө 2,4-Д гербицидин чачуу.
'''ГЕЛИОТРО́П ''' (Heliotropium) – өсүмдүктөрдүн эндиктер тукумунун уруусу. Анын 220 түрү белгилүү, КМШ өлкөлөрүндө 22 түрү таралган. Тоонун күнгөй бетине, курулуштун тегерегине, кээде айдоого чыгат. Гүлү майда, бурулча топ гүлгө чогулган, желекчеси ак же сыя көк. Ийилген машактуу гелиотроп – кеӊири таралган бир жылдык отоо чөп. Бийиктиги 20–40 (100) ''см''. Кургакчылыкка чыдамдуу, дан эгиндери, гозо, зыгыр, беде ж. б. айдалган бардык аянтта кездешет. Апрелде өнүп чыгат, уругу августта бышат. Бир түп   гелиотропто 3–4 миӊ урук болот. Айрым түрлөрү (мисалы, уругу түктүү гелиотроп, европа гелиотробу) уулуу, циноглоссин, гелиотрин ж-а лизокарпин алкалоиддери бар. Гелиотроптон ууккан малдын былжыр челдери саргайып, териси кургайт, жем жебейт, 7–15 күндөн кийин ичине суу толуп, денеси тырышып, башы, моюну калтырайт; канаттуулардын алы кетип, уйку басат, чычкактайт, ичинен кан өтөт. Каршы күрөшүү чаралары: коӊтормону учурунда айдоо, отоо чөптөрдү гүлдөй электе жок кылуу, дан өсүмдүктөрүнө 2,4-Д гербицидин чачуу.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

08:07, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы

ГЕЛИОТРО́П (Heliotropium) – өсүмдүктөрдүн эндиктер тукумунун уруусу. Анын 220 түрү белгилүү, КМШ өлкөлөрүндө 22 түрү таралган. Тоонун күнгөй бетине, курулуштун тегерегине, кээде айдоого чыгат. Гүлү майда, бурулча топ гүлгө чогулган, желекчеси ак же сыя көк. Ийилген машактуу гелиотроп – кеӊири таралган бир жылдык отоо чөп. Бийиктиги 20–40 (100) см. Кургакчылыкка чыдамдуу, дан эгиндери, гозо, зыгыр, беде ж. б. айдалган бардык аянтта кездешет. Апрелде өнүп чыгат, уругу августта бышат. Бир түп гелиотропто 3–4 миӊ урук болот. Айрым түрлөрү (мисалы, уругу түктүү гелиотроп, европа гелиотробу) уулуу, циноглоссин, гелиотрин ж-а лизокарпин алкалоиддери бар. Гелиотроптон ууккан малдын былжыр челдери саргайып, териси кургайт, жем жебейт, 7–15 күндөн кийин ичине суу толуп, денеси тырышып, башы, моюну калтырайт; канаттуулардын алы кетип, уйку басат, чычкактайт, ичинен кан өтөт. Каршы күрөшүү чаралары: коӊтормону учурунда айдоо, отоо чөптөрдү гүлдөй электе жок кылуу, дан өсүмдүктөрүнө 2,4-Д гербицидин чачуу.