ГЕМОФИЛИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГЕМОФИЛИ́Я ''' (''гемо''… ж-а гр. philia – ыӊгайлуу) – кандын начар уюушунан болгон тукум куума оору. Г-нын тукум куушу аялдын жыныс хромосомасынын генинин жабыркашына байланыштуу. Ал кан плазмасында кан уютуучу факторлордун жетишсиздигинен болот. Г. жаш балдарда көбүрөөк байкалат. Аны м-н ооруган адам кичине эле урунуп алса, ал жери канталап көгөрүп чыгат, кээде терисин кесип же тилип, тилин тиштеп алса же тишин жулдурганда кансырап, аз кандуулукка, айрым учурда өлүмгө дуушар болот. Анын негизги белгиси кан көпкө уюбайт ж-а антигемофилдүү глобулин кем болот. Дарылоодо оорулууга кан, анын сары суусу, антигемофилдүү глобулин куюлат ж-а кан токтотуучу дарылар колдонулат. Алдын алууда оорулуу балдарды урунуу, жыгылуу ж. б. кокустуктардан сактоо, соо кишилердин канынан жасалган концентраттарды пайдалануу керек.
'''ГЕМОФИЛИ́Я ''' (''гемо''… ж-а гр. philia – ыӊгайлуу) – каны начар уюуган адамдардын  тукум куума оорусу. Гемофилиянын тукум куушу аялдын жыныс хромосомасынын генинин жабыркашына байланыштуу. Ал кан плазмасында кан уютуучу факторлордун жетишсиздигинен болот. Гемофилия жаш балдарда көбүрөөк байкалат. Аны м-н ооруган адам кичине эле урунуп алса, ал жери канталап көгөрүп чыгат, кээде терисин кесип же тилип, тилин тиштеп алса же тишин жулдурганда кансырап, аз кандуулукка, айрым учурда өлүмгө дуушар болот. Анын негизги белгиси кан көпкө уюбайт ж-а антигемофилдүү глобулин кем болот. Дарылоодо оорулууга кан, анын сары суусу, антигемофилдүү глобулин куюлат ж-а кан токтотуучу дарылар колдонулат. Алдын алууда оорулуу балдарды урунуу, жыгылуу ж. б. кокустуктардан сактоо, соо кишилердин канынан жасалган концентраттарды пайдалануу керек.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

10:47, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы

ГЕМОФИЛИ́Я (гемо… ж-а гр. philia – ыӊгайлуу) – каны начар уюуган адамдардын тукум куума оорусу. Гемофилиянын тукум куушу аялдын жыныс хромосомасынын генинин жабыркашына байланыштуу. Ал кан плазмасында кан уютуучу факторлордун жетишсиздигинен болот. Гемофилия жаш балдарда көбүрөөк байкалат. Аны м-н ооруган адам кичине эле урунуп алса, ал жери канталап көгөрүп чыгат, кээде терисин кесип же тилип, тилин тиштеп алса же тишин жулдурганда кансырап, аз кандуулукка, айрым учурда өлүмгө дуушар болот. Анын негизги белгиси кан көпкө уюбайт ж-а антигемофилдүү глобулин кем болот. Дарылоодо оорулууга кан, анын сары суусу, антигемофилдүү глобулин куюлат ж-а кан токтотуучу дарылар колдонулат. Алдын алууда оорулуу балдарды урунуу, жыгылуу ж. б. кокустуктардан сактоо, соо кишилердин канынан жасалган концентраттарды пайдалануу керек.