ГЕРБИЦИДДЕР: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(4 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЕРБИЦИДДЕР ''' (лат. hеrbа – чөп ж-а саеdо – өлтүрөм) – керексиз өсүмдүктү жок кылууда колдонулуучу | '''ГЕРБИЦИДДЕР ''' (лат. hеrbа – чөп ж-а саеdо – өлтүрөм) – керексиз өсүмдүктү жок кылууда колдонулуучу химиялык заттар. Өсүмдүккө тийгизген таасирине карата тандалма ж-а жалпы гербициддерге бөлүнөт. Жалпы гербициддер өсүмдүктүн бардык түрүнө таасир этип, өнөр жай имаратынын тегерегиндеги, аэродромдо, темир ж-а автожолдордун жээгин ар кандай чөптөрдөн тазалоо үчүн колдонулат. Ал эми тандалма гербициддер көбүнчө отоо чөптөргө каршы чачылат. Гербициддер концентрациясына, пайдалануу шартына ж. б. жараша таасир эткендиктен, мындай бөлүү шарттуу болуп эсептелет. Мисалы, монурон ж-а диурон 1 ''га''га 12 ''кг'' дозада гозонун бир жылдык отоо чөптөрүн, ал эми андан чоӊ дозада өсүмдүктү бүт жок кылат. Тандалма гербициддер өсүмдүктүн айрым гана түрлөрү, жалпы таасирдүү гербициддер өсүмдүктүн бардык түрүн кууратат. Гербициддердин тандалма таасири алардын химиялык курамына, препараттын өлчөмүнө, чачуу ыкмасына, өсүмдүктүн өсүү фазасына жараша болот. Жалпы ж-а тандалма таасир этүүчү гербициддер өсүмдүктө жылып жүрүүсүнө жараша тийме ж-а системалуу болуп айырмаланат. Тийм гербициддер (нитрафен, реглон ж. б.) өсүмдүктүн кайсы жерине (жалбырак, сабак, тамыр) чачылса, ошол бөлүгүн гана, системалуу гербициддер өсүмдүктүн орган, ткандарында жылып, анын башка бөлүгүн да жабыркатат. Көбү – системалуу гербициддер (керб, фюзилад, которан, вензар ж. б.). Гербициддердин 1000ден ашык түрү белгилүү. Алар эритмелер, сууда эрүүчү күкүм, концентраттык эмульсия түрүндө чыгарылат. Натрий пентахлорфеноляты, ДНОК ж-а нитрафенден башка бардык гербициддер киши ж-а жаныбарлар үчүн анча уулуу эмес. Гербициддерди чачуу өлчөмү айдоодогу отоо чөптөргө, айыл чарба өсүмдүгүнүн сортуна, топурак – климаттык шартка ж-а агротехникалык ыкмаларга жараша такталат. Кыргызстанда гербициддер 20-кылымдын 60-жылдарынын башынан колдонулат. Көп жылдык отоо чөптөргө каршы күрөшүүдө (буудайык, камыш, чырмоок, ажырык ж. б.) талаага күзүндө эгин оруп-жыйылгандан кийин 1 ''га'' аянтка 10 ''кг'' (600–800 ''л'' суудагы эритинди) раундап (нитосорг, глифосат ж. б.) чачылат. Андан кийин талаа механикалык жол м-н иштетилбөөгө тийиш. | ||
<br/>Ад.: ''Безуглов В. Г.'' Применение гербицидов в интенсивном земледелии. М., 1981. | |||
<br />Ад.: ''Безуглов В. Г.'' Применение гербицидов в интенсивном земледелии. М., 1981. | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:34, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ГЕРБИЦИДДЕР (лат. hеrbа – чөп ж-а саеdо – өлтүрөм) – керексиз өсүмдүктү жок кылууда колдонулуучу химиялык заттар. Өсүмдүккө тийгизген таасирине карата тандалма ж-а жалпы гербициддерге бөлүнөт. Жалпы гербициддер өсүмдүктүн бардык түрүнө таасир этип, өнөр жай имаратынын тегерегиндеги, аэродромдо, темир ж-а автожолдордун жээгин ар кандай чөптөрдөн тазалоо үчүн колдонулат. Ал эми тандалма гербициддер көбүнчө отоо чөптөргө каршы чачылат. Гербициддер концентрациясына, пайдалануу шартына ж. б. жараша таасир эткендиктен, мындай бөлүү шарттуу болуп эсептелет. Мисалы, монурон ж-а диурон 1 гага 12 кг дозада гозонун бир жылдык отоо чөптөрүн, ал эми андан чоӊ дозада өсүмдүктү бүт жок кылат. Тандалма гербициддер өсүмдүктүн айрым гана түрлөрү, жалпы таасирдүү гербициддер өсүмдүктүн бардык түрүн кууратат. Гербициддердин тандалма таасири алардын химиялык курамына, препараттын өлчөмүнө, чачуу ыкмасына, өсүмдүктүн өсүү фазасына жараша болот. Жалпы ж-а тандалма таасир этүүчү гербициддер өсүмдүктө жылып жүрүүсүнө жараша тийме ж-а системалуу болуп айырмаланат. Тийм гербициддер (нитрафен, реглон ж. б.) өсүмдүктүн кайсы жерине (жалбырак, сабак, тамыр) чачылса, ошол бөлүгүн гана, системалуу гербициддер өсүмдүктүн орган, ткандарында жылып, анын башка бөлүгүн да жабыркатат. Көбү – системалуу гербициддер (керб, фюзилад, которан, вензар ж. б.). Гербициддердин 1000ден ашык түрү белгилүү. Алар эритмелер, сууда эрүүчү күкүм, концентраттык эмульсия түрүндө чыгарылат. Натрий пентахлорфеноляты, ДНОК ж-а нитрафенден башка бардык гербициддер киши ж-а жаныбарлар үчүн анча уулуу эмес. Гербициддерди чачуу өлчөмү айдоодогу отоо чөптөргө, айыл чарба өсүмдүгүнүн сортуна, топурак – климаттык шартка ж-а агротехникалык ыкмаларга жараша такталат. Кыргызстанда гербициддер 20-кылымдын 60-жылдарынын башынан колдонулат. Көп жылдык отоо чөптөргө каршы күрөшүүдө (буудайык, камыш, чырмоок, ажырык ж. б.) талаага күзүндө эгин оруп-жыйылгандан кийин 1 га аянтка 10 кг (600–800 л суудагы эритинди) раундап (нитосорг, глифосат ж. б.) чачылат. Андан кийин талаа механикалык жол м-н иштетилбөөгө тийиш.
Ад.: Безуглов В. Г. Применение гербицидов в интенсивном земледелии. М., 1981.