ГИДРАВЛИКА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(4 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГИДРА́ВЛИКА ''' (гр. hedor – суу, auljs – түтүк) – суюктуктун теӊ салмактуулук ж-а кыймыл закондору ж-а аларды инж. практикада (гидроэнергетиканы өнүктүрүү, жерди кургатуу ж-а сугаруу, суу м-н камсыз кылуу ж-а канализация ж. б.) колдонуу ж-дөгү илим. Ал илээшкектиги төмөн ж-а кысылбоочу суюктуктарды изилдейт. Г-да бир өлчөмдүү кыймылдар каралат, лабор-да ж-а табигый шартта эксперимент жүргүзүү натыйжасында жакындаштырылган көз карандылыктар алынат. Айрым принциптерин грек илимпозу Архимед иштеп чыгып, 15-к-дын ортосунан илим катары калыптанган. Леонардо да Винчи лабор. тажрыйбалары м-н Г-дагы эксперменттик изилдөөгө негиз салган. Г-нын өнүгүшүнө С. Стевин, Г. ''Галилей'', Б. Паскаль, И. ''Ньютон'', Д. ''Бернулли'' ж. б. чоӊ салым кошушкан. Тыгыздыгы туруктуу газдар үчүн Г. жыйынтыктарын колдонууга болот. Г. негизинен суюктуктун катуу беттер б-ча кыймылын карайт. Эгерде мурда суунун касиеттерин изилдесе, ал эми азыр коюу суюктуктардын (нефть ж-а анын продуктулары), газдардын, бир тектүү эмес суюктуктардын кыймыл закондорун да изилдейт. Г. экиге бөлүнөт: Г-нын теор. негиздери (суюктуктун теӊ салмактуулугун ж-а кыймылын изилдөө) ж-а бул теорияны колдонуп, айрым инж. маселелерди чечүүчү практикалык Г. Практикалык Г-нын негизги бөлүмдөрү: түтүк б-ча агуу (түтүктөр Г-сы), канал ж-а дарыялар б-ча агуу (ачык суу Г-сы), тешик ж-а майда көӊдөйчөлүү чөйрөдөн агуу (сарыгуу). Ар кандай суюктук м-н газдарды ташуу ж-а ар кандай максаттар үчүн пайдалануу маселелерин чечүүгө жараша Г-нын практикалык мааниси жогорулоодо. Г-лык маселелерди чечүү ж-а изилдөө методдору да өзгөрүүдө. Г. суюктуктун колдонмо механикасы катары да каралышы мүмкүн. О. эле канал ж-а өзөндөгү суунун агуусун изилдейт. Мында суунун тереӊдиги, эӊкейиштиги изилденип, кеме жүрүүчү, сугатка пайдаланылуучу, кургатуучу ж-а гидроэнергетикалык каналдарды, канализация түтүктөрүн долбоорлоодо
'''ГИДРА́ВЛИКА ''' (гр. hedor – суу, auljs – түтүк) – суюктуктун теӊ салмактуулук ж-а кыймыл закондору ж-а аларды инженердик практикада (гидроэнергетиканы өнүктүрүү, жерди кургатуу ж-а сугаруу, суу м-н камсыз кылуу ж-а канализация ж. б.) колдонуу жөнүндөгү илим. Ал илээшкектиги төмөн ж-а кысылбоочу суюктуктарды изилдейт. Гидравликада бир өлчөмдүү кыймылдар каралат, лабораторияда ж-а табигый шартта эксперимент жүргүзүү натыйжасында жакындаштырылган көз карандылыктар алынат. Айрым принциптерин грек илимпозу Архимед иштеп чыгып, 15-кылымдын ортосунан илим катары калыптанган. Леонардо да Винчи лабораториялык тажрыйбалары м-н гидравликадагы эксперменттик изилдөөгө негиз салган. Гидравликанын өнүгүшүнө С. Стевин, Г. ''Галилей'', Б. Паскаль, И. ''Ньютон'', Д. ''Бернулли'' ж. б. чоӊ салым кошушкан. Тыгыздыгы туруктуу газдар үчүн гидравлика жыйынтыктарын колдонууга болот. Гидравлика  негизинен суюктуктун катуу беттер боюнча кыймылын карайт. Эгерде мурда суунун касиеттерин изилдесе, ал эми азыр коюу суюктуктардын (нефть ж-а анын продуктулары), газдардын, бир тектүү эмес суюктуктардын кыймыл закондорун да изилдейт. Гидравлика экиге бөлүнөт: Гидравликанын теориялык негиздери (суюктуктун теӊ салмактуулугун ж-а кыймылын изилдөө) ж-а бул теорияны колдонуп, айрым инженердик маселелерди чечүүчү практикалык гидравлика. Практикалык гидравликанын негизги бөлүмдөрү: түтүк боюнча агуу (түтүктөр гидравликасы), канал ж-а дарыялар боюнча агуу (ачык суу гидравликасы), тешик ж-а майда көӊдөйчөлүү чөйрөдөн агуу (сарыгуу). Ар кандай суюктук м-н газдарды ташуу ж-а ар кандай максаттар үчүн пайдалануу маселелерин чечүүгө жараша гидравликанын практикалык мааниси жогорулоодо. Гидравликалык маселелерди чечүү ж-а изилдөө методдору да өзгөрүүдө. Гидравлика суюктуктун колдонмо механикасы катары да каралышы мүмкүн. Ошондой эле канал ж-а өзөндөгү суунун агуусун изилдейт. Мында суунун тереӊдиги, эӊкейиштиги изилденип, кеме жүрүүчү, сугатка пайдаланылуучу, кургатуучу ж-а гидроэнергетикалык каналдарды, канализация түтүктөрүн долбоорлоодо пайдаланылат.
<br/>пайдаланылат.
 
<br/>Ад.: ''Богомолов А. И., Михайлов К. А.'' Гидравлика. М., 1965; ''Константинов Ю. М.'' Гидравлика. Киш., 1988.
<br />Ад.: ''Богомолов А. И., Михайлов К. А.'' Гидравлика. М., 1965; ''Константинов Ю. М.'' Гидравлика. Киш., 1988.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

02:58, 24 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы

ГИДРА́ВЛИКА (гр. hedor – суу, auljs – түтүк) – суюктуктун теӊ салмактуулук ж-а кыймыл закондору ж-а аларды инженердик практикада (гидроэнергетиканы өнүктүрүү, жерди кургатуу ж-а сугаруу, суу м-н камсыз кылуу ж-а канализация ж. б.) колдонуу жөнүндөгү илим. Ал илээшкектиги төмөн ж-а кысылбоочу суюктуктарды изилдейт. Гидравликада бир өлчөмдүү кыймылдар каралат, лабораторияда ж-а табигый шартта эксперимент жүргүзүү натыйжасында жакындаштырылган көз карандылыктар алынат. Айрым принциптерин грек илимпозу Архимед иштеп чыгып, 15-кылымдын ортосунан илим катары калыптанган. Леонардо да Винчи лабораториялык тажрыйбалары м-н гидравликадагы эксперменттик изилдөөгө негиз салган. Гидравликанын өнүгүшүнө С. Стевин, Г. Галилей, Б. Паскаль, И. Ньютон, Д. Бернулли ж. б. чоӊ салым кошушкан. Тыгыздыгы туруктуу газдар үчүн гидравлика жыйынтыктарын колдонууга болот. Гидравлика негизинен суюктуктун катуу беттер боюнча кыймылын карайт. Эгерде мурда суунун касиеттерин изилдесе, ал эми азыр коюу суюктуктардын (нефть ж-а анын продуктулары), газдардын, бир тектүү эмес суюктуктардын кыймыл закондорун да изилдейт. Гидравлика экиге бөлүнөт: Гидравликанын теориялык негиздери (суюктуктун теӊ салмактуулугун ж-а кыймылын изилдөө) ж-а бул теорияны колдонуп, айрым инженердик маселелерди чечүүчү практикалык гидравлика. Практикалык гидравликанын негизги бөлүмдөрү: түтүк боюнча агуу (түтүктөр гидравликасы), канал ж-а дарыялар боюнча агуу (ачык суу гидравликасы), тешик ж-а майда көӊдөйчөлүү чөйрөдөн агуу (сарыгуу). Ар кандай суюктук м-н газдарды ташуу ж-а ар кандай максаттар үчүн пайдалануу маселелерин чечүүгө жараша гидравликанын практикалык мааниси жогорулоодо. Гидравликалык маселелерди чечүү ж-а изилдөө методдору да өзгөрүүдө. Гидравлика суюктуктун колдонмо механикасы катары да каралышы мүмкүн. Ошондой эле канал ж-а өзөндөгү суунун агуусун изилдейт. Мында суунун тереӊдиги, эӊкейиштиги изилденип, кеме жүрүүчү, сугатка пайдаланылуучу, кургатуучу ж-а гидроэнергетикалык каналдарды, канализация түтүктөрүн долбоорлоодо пайдаланылат.


Ад.: Богомолов А. И., Михайлов К. А. Гидравлика. М., 1965; Константинов Ю. М. Гидравлика. Киш., 1988.