ГИДРАЗОБИРИКМЕЛЕР: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(4 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГИДРАЗОБИРИКМЕЛЕР ''' – эки углеводороддук радикал м-н байланышкан гидразо тобу бар бирикмелер. Түссүз кристаллдар; сууда эрибейт, спиртте, бензолдо, эфирде эрийт. | '''ГИДРАЗОБИРИКМЕЛЕР ''' – эки углеводороддук радикал м-н байланышкан гидразо тобу бар бирикмелер. Түссүз кристаллдар; сууда эрибейт, спиртте, бензолдо, эфирде эрийт. Кислоталар м-н туздарды пайда кылбайт. Ароматтык гидразобирикмелердин эӊ жөнөкөйү – гидразобензол. Алар – күчтүү калыбына келтиргичтер. Абадагы О<sub>2</sub> бөлмө температурасында аларды окистендирип, ''азобирикмелер'' пайда болот. Жегич чөйрөлөрдө да гидразобирикмелер оӊой окистенет. Мисалы, гидразобензолду спиртте окистендиргенде, азобензол ж-а Н<sub>2</sub>О<sub>2</sub>, ал эми окистенүү-калыбына келүү реакциясында, жогорку темппературада азобензол ж-а анилин пайда болот. Ароматтык гидразобирикмелер күчтүү калыбына келтиргичтердин таасиринде аминдерди пайда кылат. Гидразобирикмелер азобирикмелерге же нитробензолдорго начар калыбына келтиргичти таасир этүү м-н синтезделет. Ароматтык гидразобирикмелер – ''азобоёкторду'' алуудагы баштапкы зат, ошондой эле дары-дармек алууда колдонулат. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:22, 24 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ГИДРАЗОБИРИКМЕЛЕР – эки углеводороддук радикал м-н байланышкан гидразо тобу бар бирикмелер. Түссүз кристаллдар; сууда эрибейт, спиртте, бензолдо, эфирде эрийт. Кислоталар м-н туздарды пайда кылбайт. Ароматтык гидразобирикмелердин эӊ жөнөкөйү – гидразобензол. Алар – күчтүү калыбына келтиргичтер. Абадагы О2 бөлмө температурасында аларды окистендирип, азобирикмелер пайда болот. Жегич чөйрөлөрдө да гидразобирикмелер оӊой окистенет. Мисалы, гидразобензолду спиртте окистендиргенде, азобензол ж-а Н2О2, ал эми окистенүү-калыбына келүү реакциясында, жогорку темппературада азобензол ж-а анилин пайда болот. Ароматтык гидразобирикмелер күчтүү калыбына келтиргичтердин таасиринде аминдерди пайда кылат. Гидразобирикмелер азобирикмелерге же нитробензолдорго начар калыбына келтиргичти таасир этүү м-н синтезделет. Ароматтык гидразобирикмелер – азобоёкторду алуудагы баштапкы зат, ошондой эле дары-дармек алууда колдонулат.