ГИДРАЛАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГИДРАЛАР ''' (Hydrida) – ичеги көӊдөйлүүлөр тибинин гидра сымалдар классына кирген омурткасыз жаныбарлар түркүмү. Кыймылдоого жөндөмдүү, жалгыз жашаган полиптер. Кээде убактылуу колония түзөт. Скелети жок, чоӊдугу 3 ''см''ге чейин. Денесинин бир учунда таманы, башка учунда 4–20 шапалактары м-н курчалган оозу жайгашкан. Жыныссыз (бөлүнүү) ж-а жыныстык жол м-н көбөйөт. Мезгилге жараша формасы өзгөрүп турат. Айрым жыныстуу ж-а гермафродиттер. Гермафродиттерде эркек ж-а ургаачы жыныс бездери дененин ар кайсы жагында пайда болот. Жыныс органы – гонадада бир гана жумуртка жетилет. Жумуртканын уруктануусу ургаачысынын денесинде өтөт, сырты тыгыз кабык м-н капталып кыштайт. Көп учурда уруктануудан кийин | '''ГИДРАЛАР ''' (Hydrida) – ичеги көӊдөйлүүлөр тибинин гидра сымалдар классына кирген омурткасыз жаныбарлар түркүмү. Кыймылдоого жөндөмдүү, жалгыз жашаган полиптер. Кээде убактылуу колония түзөт. Скелети жок, чоӊдугу 3 ''см''ге чейин. Денесинин бир учунда таманы, башка учунда 4–20 шапалактары м-н курчалган оозу жайгашкан. Жыныссыз (бөлүнүү) ж-а жыныстык жол м-н көбөйөт. Мезгилге жараша формасы өзгөрүп турат. Айрым жыныстуу ж-а гермафродиттер. Гермафродиттерде эркек ж-а ургаачы жыныс бездери дененин ар кайсы жагында пайда болот. Жыныс органы – гонадада бир гана жумуртка жетилет. Жумуртканын уруктануусу ургаачысынын денесинде өтөт, сырты тыгыз кабык м-н капталып кыштайт. Көп учурда уруктануудан кийин гидралар өлөт, жазында жумурткадан жаш гидралар чыгат. 10 түрү тузсуз сууда (кээде туздуу) тропиктен жогорку кеӊдикке чейин кезигет. Топуракка, суу өсүмдүгүнө, үлүл раковинасына ж. б. бекинип (жабышып) жашайт. Лабораториялык тажрыйбаларда ''регенерация'' (ткань ж-а клетканын калыбына келиши) өткөрүү үчүн керектелет. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:24, 24 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ГИДРАЛАР (Hydrida) – ичеги көӊдөйлүүлөр тибинин гидра сымалдар классына кирген омурткасыз жаныбарлар түркүмү. Кыймылдоого жөндөмдүү, жалгыз жашаган полиптер. Кээде убактылуу колония түзөт. Скелети жок, чоӊдугу 3 смге чейин. Денесинин бир учунда таманы, башка учунда 4–20 шапалактары м-н курчалган оозу жайгашкан. Жыныссыз (бөлүнүү) ж-а жыныстык жол м-н көбөйөт. Мезгилге жараша формасы өзгөрүп турат. Айрым жыныстуу ж-а гермафродиттер. Гермафродиттерде эркек ж-а ургаачы жыныс бездери дененин ар кайсы жагында пайда болот. Жыныс органы – гонадада бир гана жумуртка жетилет. Жумуртканын уруктануусу ургаачысынын денесинде өтөт, сырты тыгыз кабык м-н капталып кыштайт. Көп учурда уруктануудан кийин гидралар өлөт, жазында жумурткадан жаш гидралар чыгат. 10 түрү тузсуз сууда (кээде туздуу) тропиктен жогорку кеӊдикке чейин кезигет. Топуракка, суу өсүмдүгүнө, үлүл раковинасына ж. б. бекинип (жабышып) жашайт. Лабораториялык тажрыйбаларда регенерация (ткань ж-а клетканын калыбына келиши) өткөрүү үчүн керектелет.