ГИДРОГЕНДӨӨ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(4 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГИДРОГЕНДӨӨ, ''' г и д р л ө ө – ар кандай заттарга суутектин кошулуу реакциясы. Көбүнчө Н–Н байланышынын энергиясы жогору болгондуктан, | '''ГИДРОГЕНДӨӨ, ''' г и д р л ө ө – ар кандай заттарга суутектин кошулуу реакциясы. Көбүнчө Н–Н байланышынын энергиясы жогору болгондуктан, молекулалык суутек м-н гидрлөө эрежеге ылайык жогорку басымда ж-а катализатордун катышуусунда ишке ашат. Катализатор катарында металлдар (Fe, Ni, Co, Pt, Os, Ru), оксиддер (CoO, Cr<sub>2</sub>O<sub>3</sub>, MoO<sub>2</sub>, PtO<sub>2</sub>, NiO), сульфиддер (WS<sub>2</sub>, MoS<sub>2</sub>) ж-а аралаш катализаторлор колдонулат. Гидрогендөө реакциясы кош байланыштуу органикалык бирикмелер үчүн өзгөчө мааниге ээ, мисалы, бензолду гидрогендөөдөн – циклогексан, нафталинден тетралин ж-а декалин, май альдегидинен бутанол алынат. Көмүртек оксидин гидрогендөө метанолду ж-а суюк отундун жогорку октандык компоненттерин алуунун негизги жолу болуп саналат. С=С байланыштарына суутектин кошулушу өсүмдүк майын катуу майга (маргаринге) айландырууда, таш көмүр ж-а нефть продуктуларын кайрадан иштетүүдө кеӊири колдонулат. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
04:20, 24 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ГИДРОГЕНДӨӨ, г и д р л ө ө – ар кандай заттарга суутектин кошулуу реакциясы. Көбүнчө Н–Н байланышынын энергиясы жогору болгондуктан, молекулалык суутек м-н гидрлөө эрежеге ылайык жогорку басымда ж-а катализатордун катышуусунда ишке ашат. Катализатор катарында металлдар (Fe, Ni, Co, Pt, Os, Ru), оксиддер (CoO, Cr2O3, MoO2, PtO2, NiO), сульфиддер (WS2, MoS2) ж-а аралаш катализаторлор колдонулат. Гидрогендөө реакциясы кош байланыштуу органикалык бирикмелер үчүн өзгөчө мааниге ээ, мисалы, бензолду гидрогендөөдөн – циклогексан, нафталинден тетралин ж-а декалин, май альдегидинен бутанол алынат. Көмүртек оксидин гидрогендөө метанолду ж-а суюк отундун жогорку октандык компоненттерин алуунун негизги жолу болуп саналат. С=С байланыштарына суутектин кошулушу өсүмдүк майын катуу майга (маргаринге) айландырууда, таш көмүр ж-а нефть продуктуларын кайрадан иштетүүдө кеӊири колдонулат.