ГИДРОДИНАМИКА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГИДРОДИНА́МИКА ''' (''гидро''… ж-а ''динамика) – гидромеханиканын'' бир бөлүмү. Кысылбоочу суюктуктардын кыймылын ж-а алардын катуу нерселер м-н өз ара аракеттенүүсүн изилдейт. | '''ГИДРОДИНА́МИКА ''' (''гидро''… ж-а ''динамика) – гидромеханиканын'' бир бөлүмү. Кысылбоочу суюктуктардын кыймылын ж-а алардын катуу нерселер м-н өз ара аракеттенүүсүн изилдейт. Гидродинамика илим катары 18-кылымдын орто ченинде түзүлгөн. Аны негиздөөчүлөр Л. ''Эйлер'' ж-а Д. ''Бернулли'' болгон. Гидродинамика теориясында кысылбоочу суюктуктун кыймылын жазуу үчүн үзгүлтүксүздүк теӊдемеси м-н Навье-Стокс теӊдемеси пайдаланылат. Гидродинамиканын теӊдемелерин чыгарууда окшоштук теориясына негизделген ж-а окшоштук критерийин пайдаланган гидродинамикалык тажрыйба кеӊири колдонулат. Гидродинамика ыкмалары убакыттын каалаган учурундагы ылдамдыкты, басымды суюктуктун ж. б. параметрлерин эсептөөгө мүмкүндүк берип, басым ж-а сүрүлүү күчүн аныктоого түрткү болот. Гидродинамика суюктуктун эӊ негизги касиети – анын агуучулугу ж-а туташтыгы деп эсептейт, суюктук кыймылга келгенде, аны м-н идиштин каптал бетинин ж-а суюктук бөлүкчөлөрүнүн ортосунда да сүрүлүү күчү пайда болот. Магнит талаасы бар электр өткөргүч суюктуктардын кыймылын магниттик гидродинамика окутат. Авиациянын өркүндөшү гидродинамиканын техникада колдонулушун күчөттү ж-а бир катар орчундуу жыйынтык чыгарууга түрткү берди. Гидродинамика гидравлика, гидрология, гидротехника маселелерин, гидротурбиналар, сордурмалар (насос), суу түтүктөрүнүн эсептөө иштерин чечет. Гидродинамиканын азыркы кездеги практикалык колдонулушу өтө ар түрдүү. Ал кеме, самолётторду долбоорлоодон баштап, жер астындагы суу м-н нефтини чыпкалоо маселелерин изилдөөгө чейин кеӊири колдонулат. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
04:22, 24 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ГИДРОДИНА́МИКА (гидро… ж-а динамика) – гидромеханиканын бир бөлүмү. Кысылбоочу суюктуктардын кыймылын ж-а алардын катуу нерселер м-н өз ара аракеттенүүсүн изилдейт. Гидродинамика илим катары 18-кылымдын орто ченинде түзүлгөн. Аны негиздөөчүлөр Л. Эйлер ж-а Д. Бернулли болгон. Гидродинамика теориясында кысылбоочу суюктуктун кыймылын жазуу үчүн үзгүлтүксүздүк теӊдемеси м-н Навье-Стокс теӊдемеси пайдаланылат. Гидродинамиканын теӊдемелерин чыгарууда окшоштук теориясына негизделген ж-а окшоштук критерийин пайдаланган гидродинамикалык тажрыйба кеӊири колдонулат. Гидродинамика ыкмалары убакыттын каалаган учурундагы ылдамдыкты, басымды суюктуктун ж. б. параметрлерин эсептөөгө мүмкүндүк берип, басым ж-а сүрүлүү күчүн аныктоого түрткү болот. Гидродинамика суюктуктун эӊ негизги касиети – анын агуучулугу ж-а туташтыгы деп эсептейт, суюктук кыймылга келгенде, аны м-н идиштин каптал бетинин ж-а суюктук бөлүкчөлөрүнүн ортосунда да сүрүлүү күчү пайда болот. Магнит талаасы бар электр өткөргүч суюктуктардын кыймылын магниттик гидродинамика окутат. Авиациянын өркүндөшү гидродинамиканын техникада колдонулушун күчөттү ж-а бир катар орчундуу жыйынтык чыгарууга түрткү берди. Гидродинамика гидравлика, гидрология, гидротехника маселелерин, гидротурбиналар, сордурмалар (насос), суу түтүктөрүнүн эсептөө иштерин чечет. Гидродинамиканын азыркы кездеги практикалык колдонулушу өтө ар түрдүү. Ал кеме, самолётторду долбоорлоодон баштап, жер астындагы суу м-н нефтини чыпкалоо маселелерин изилдөөгө чейин кеӊири колдонулат.