ГИНЕКОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГИНЕКОЛО́ГИЯ ''' (гр. gуnе – аял ж-а ...''логия'') – медицинанын аял организминин анат., физиол., психикалык өзгөчөлүктөрү, о. эле жыныс органдарынын физиологиясы, патологиясы, жыныс ооруларын дарылоо ж-а алдын алуу чараларын изилдөөчү тармагы. Ал хирургия, эндокринология ж. б. м-н тыгыз байланыштуу. Жыныс органдарынын сезгенүү себептерин аныктоодо бактериологиянын өөрчүшү, айрыкча сүзөк козгогучтарынын ачылышы зор мааниге ээ болду. Г-нын башталышы байыркы Индия, Байыркы Грекия ж. б-дын жазуу мурастарынан белгилүү. 18-к-дан баштап өз алдынча илим катары калыптана баштаган. 19-к-дын аягында Г-лык ооруларды операция жолу м-н дарылоо методдору иштелип чыкты. 20-к-да теор. Г. чоӊ ийгиликке жетишкен. Гипофиздин, энелик уруктун ж-а ''бөйрөк үстүндөгү бездин'' гормондорунун ачылышы ж-а синтезделиши жыныс гормондорунун аял организмине тийгизген таасирин изилдөөгө, этек кир циклинин бузулушун дарылоодо гормондук терапияны колдонууга мүмкүндүк берди. Г-лык ооруларды алдын алуу максатында диспансердик байкоо, айрым оорулар жаӊы башталганда дарылоо жүргүзүп, рак оорусуна өтүп кетишин болтурбоо үчүн аракет жасоо зарыл. Жыныс органдарынын коркунучтуу шишиктерине нур терапиясы ж-а операция колдонулат. Г-нын татаал маселелери эл аралык конгресстерде талкууланат.
'''ГИНЕКОЛО́ГИЯ ''' (гр. gуnе – аял ж-а ...''логия'') – медицинанын аял организминин анатомиялык, физиологиялык, психикалык өзгөчөлүктөрү, ошондой эле жыныс органдарынын физиологиясы, патологиясы, жыныс ооруларын дарылоо ж-а алдын алуу чараларын изилдөөчү тармагы. Ал хирургия, эндокринология ж. б. м-н тыгыз байланыштуу. Жыныс органдарынын сезгенүү себептерин аныктоодо бактериологиянын өөрчүшү, айрыкча сүзөк козгогучтарынын ачылышы зор мааниге ээ болду. Гинекологиянын башталышы байыркы Индия, Байыркы Грекия ж. б-дын жазуу мурастарынан белгилүү. 18-кылымдан баштап өз алдынча илим катары калыптана баштаган. 19-кылымдын аягында гинекологиялык ооруларды операция жолу м-н дарылоо методдору иштелип чыкты. 20-кылымда теориялык гинекология чоӊ ийгиликке жетишкен. Гипофиздин, энелик уруктун ж-а ''бөйрөк үстүндөгү бездин'' гормондорунун ачылышы ж-а синтезделиши жыныс гормондорунун аял организмине тийгизген таасирин изилдөөгө, этек кир циклинин бузулушун дарылоодо гормондук терапияны колдонууга мүмкүндүк берди. Гинекологиялык ооруларды алдын алуу максатында диспансердик байкоо, айрым оорулар жаӊы башталганда дарылоо жүргүзүп, рак оорусуна өткөрүп жибербеш  үчүн аракет жасоо зарыл. Жыныс органдарынын коркунучтуу шишиктерине нур терапиясы ж-а операция колдонулат. Гинекологиянын татаал маселелери эл аралык конгресстерде талкууланат.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

08:20, 24 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы

ГИНЕКОЛО́ГИЯ (гр. gуnе – аял ж-а ...логия) – медицинанын аял организминин анатомиялык, физиологиялык, психикалык өзгөчөлүктөрү, ошондой эле жыныс органдарынын физиологиясы, патологиясы, жыныс ооруларын дарылоо ж-а алдын алуу чараларын изилдөөчү тармагы. Ал хирургия, эндокринология ж. б. м-н тыгыз байланыштуу. Жыныс органдарынын сезгенүү себептерин аныктоодо бактериологиянын өөрчүшү, айрыкча сүзөк козгогучтарынын ачылышы зор мааниге ээ болду. Гинекологиянын башталышы байыркы Индия, Байыркы Грекия ж. б-дын жазуу мурастарынан белгилүү. 18-кылымдан баштап өз алдынча илим катары калыптана баштаган. 19-кылымдын аягында гинекологиялык ооруларды операция жолу м-н дарылоо методдору иштелип чыкты. 20-кылымда теориялык гинекология чоӊ ийгиликке жетишкен. Гипофиздин, энелик уруктун ж-а бөйрөк үстүндөгү бездин гормондорунун ачылышы ж-а синтезделиши жыныс гормондорунун аял организмине тийгизген таасирин изилдөөгө, этек кир циклинин бузулушун дарылоодо гормондук терапияны колдонууга мүмкүндүк берди. Гинекологиялык ооруларды алдын алуу максатында диспансердик байкоо, айрым оорулар жаӊы башталганда дарылоо жүргүзүп, рак оорусуна өткөрүп жибербеш үчүн аракет жасоо зарыл. Жыныс органдарынын коркунучтуу шишиктерине нур терапиясы ж-а операция колдонулат. Гинекологиянын татаал маселелери эл аралык конгресстерде талкууланат.