ГИПОТРОФИЯ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(4 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГИПОТРОФИ́Я ''' (''гипо...'' ж-а гр. trophе – азык, тамак) – балдардын тамактануусунун өнөкөт бузулушунан пайда болгон оорусу. Көбүнчө ымыркай ж-а эмчектеги | '''ГИПОТРОФИ́Я ''' (''гипо...'' ж-а гр. trophе – азык, тамак) – балдардын тамактануусунун өнөкөт бузулушунан пайда болгон оорусу. Көбүнчө ымыркай ж-а эмчектеги бала ооруйт. Баланын салмагы азайып, арыктайт, өсүүсү начарлайт. Ага баланы туура эмес, бир түрдүү тамактандыруу, абага аз алып чыгуу, ичеги-карын оорулары, эне сүтүнүн жетишсиздиги, боюнда бар аялдын жетишсиз тамактануусу, түрдүү оорулар м-н ооруп калуусу ж. б., ошондой эле ар кандай жугуштуу оорулар (''ич өткөк, ич келте'', энтероколит, ''сальмонеллёздор'' ж. б.) себеп болот. Организмге тамак жетишсиз болгондо өзүнүн запас ''белок, углевод'', май, ''витаминдерин'' сарп кылат, сөөк системасы бузулуп, итий сымал өзгөрүүлөр пайда болот. Организм ачкалыктан арыктап, зат алмашуу, ошондой эле түрдүү органдардын ж-а нерв системасынын иши бузулат, түрдүү ооруга туруштугу төмөндөйт. Териси кубарып кургайт. Дарылоо анын себебине жараша жүргүзүлөт. 6–7 айлык балдарга жашылчалардан даярдалган пюре ж-а жашылча-жемиш ширелерин берүү пайдалуу. Алдын алууда балдарды туура ж-а сапаттуу тамактандыруу, ден соолугун чыӊдоо, керектүү витаминдерди өз убагында берүү ж-а түрдүү инфекциялык оорулардын алдын алуу, эмдөө керек. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
10:16, 24 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ГИПОТРОФИ́Я (гипо... ж-а гр. trophе – азык, тамак) – балдардын тамактануусунун өнөкөт бузулушунан пайда болгон оорусу. Көбүнчө ымыркай ж-а эмчектеги бала ооруйт. Баланын салмагы азайып, арыктайт, өсүүсү начарлайт. Ага баланы туура эмес, бир түрдүү тамактандыруу, абага аз алып чыгуу, ичеги-карын оорулары, эне сүтүнүн жетишсиздиги, боюнда бар аялдын жетишсиз тамактануусу, түрдүү оорулар м-н ооруп калуусу ж. б., ошондой эле ар кандай жугуштуу оорулар (ич өткөк, ич келте, энтероколит, сальмонеллёздор ж. б.) себеп болот. Организмге тамак жетишсиз болгондо өзүнүн запас белок, углевод, май, витаминдерин сарп кылат, сөөк системасы бузулуп, итий сымал өзгөрүүлөр пайда болот. Организм ачкалыктан арыктап, зат алмашуу, ошондой эле түрдүү органдардын ж-а нерв системасынын иши бузулат, түрдүү ооруга туруштугу төмөндөйт. Териси кубарып кургайт. Дарылоо анын себебине жараша жүргүзүлөт. 6–7 айлык балдарга жашылчалардан даярдалган пюре ж-а жашылча-жемиш ширелерин берүү пайдалуу. Алдын алууда балдарды туура ж-а сапаттуу тамактандыруу, ден соолугун чыӊдоо, керектүү витаминдерди өз убагында берүү ж-а түрдүү инфекциялык оорулардын алдын алуу, эмдөө керек.