ГИПОКСИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(3 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГИПОКСИ́Я ''' (''гипо...'' ж-а лат. oxygenium – кычкылтек), к ы ч к ы л т е к ж е т и ш с и з д и г и – организмдин | '''ГИПОКСИ́Я ''' (''гипо...'' ж-а лат. oxygenium – кычкылтек), к ы ч к ы л т е к ж е т и ш с и з д и г и – организмдин ткандарынын кычкылтек жетишпегенден пайда болгон абалы. Ал катуу кармаган ж-а өнөкөт болуп бөлүнөт. Катуу кармаган гипоксия кан көп кеткенде, ''миокарддын инфарктында'', ис урганда пайда болуп, борбордук нерв системасынын жогорку бөлүктөрүнүн функциясы жабыркайт. Өнөкөт гипоксия жүрөк кемтигинде, ''кардиосклероздо'', ткандарды кан м-н жабдуу начарлаганда болуп, жүрөк-кан тамыр, дем алуу системалары ж-а кан пайда болуу жабыркайт. Ал абада кычкылтек жетишсиз болгон учурда, мисалы, бийик тоого чыкканда (''түтөк''), шахтада, суу астындагы кайыкта иштегендерде ж. б. пайда болот. Ошондой эле дем алуу жолун бөтөн нерсе бүтөп калганда, ''бронх астмасында'', өпкө ооруларында болушу мүмкүн. Нерв системасы кычкылтектин жетишсиздигин өтө тез сезет. Анда организмдин клетка, ткандарында зат алмашуу өзгөрөт, жүрөк иши начарлап, тез согуп, баш ооруйт, ал кетет, булчуӊдар чымырап ооруйт; баш айланып, көӊүл караӊгылайт, кулак тунуп, уйку качат, демигет, муздак тер басат, кол, бут муздайт, эстен танат ж. б. Алдын алууда аны пайда кылган негизги себептерин жок кылуу, кычкылтек жетишсиздиктен болгон гипоксияда жабыркаган кишини таза абага чыгаруу, кычкылтек м-н дем алдыруу керек. Гипоксия бийик тоо шартына байланыштуу пайда болсо, организмди алдын ала машыгуудан өткөрүү зарыл. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:00, 27 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ГИПОКСИ́Я (гипо... ж-а лат. oxygenium – кычкылтек), к ы ч к ы л т е к ж е т и ш с и з д и г и – организмдин ткандарынын кычкылтек жетишпегенден пайда болгон абалы. Ал катуу кармаган ж-а өнөкөт болуп бөлүнөт. Катуу кармаган гипоксия кан көп кеткенде, миокарддын инфарктында, ис урганда пайда болуп, борбордук нерв системасынын жогорку бөлүктөрүнүн функциясы жабыркайт. Өнөкөт гипоксия жүрөк кемтигинде, кардиосклероздо, ткандарды кан м-н жабдуу начарлаганда болуп, жүрөк-кан тамыр, дем алуу системалары ж-а кан пайда болуу жабыркайт. Ал абада кычкылтек жетишсиз болгон учурда, мисалы, бийик тоого чыкканда (түтөк), шахтада, суу астындагы кайыкта иштегендерде ж. б. пайда болот. Ошондой эле дем алуу жолун бөтөн нерсе бүтөп калганда, бронх астмасында, өпкө ооруларында болушу мүмкүн. Нерв системасы кычкылтектин жетишсиздигин өтө тез сезет. Анда организмдин клетка, ткандарында зат алмашуу өзгөрөт, жүрөк иши начарлап, тез согуп, баш ооруйт, ал кетет, булчуӊдар чымырап ооруйт; баш айланып, көӊүл караӊгылайт, кулак тунуп, уйку качат, демигет, муздак тер басат, кол, бут муздайт, эстен танат ж. б. Алдын алууда аны пайда кылган негизги себептерин жок кылуу, кычкылтек жетишсиздиктен болгон гипоксияда жабыркаган кишини таза абага чыгаруу, кычкылтек м-н дем алдыруу керек. Гипоксия бийик тоо шартына байланыштуу пайда болсо, организмди алдын ала машыгуудан өткөрүү зарыл.