ГЛИКОГЕН: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(4 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЛИКОГЕ́Н ''' (''глюкоза'' ж-а ...''ген''), ж а н ы б а р к р а х м а л ы, (С<sub>6</sub>Н<sub>10</sub>О<sub>5</sub>)n – кишинин ж-а жаныбарлардын организминдеги негизги запас полисахарид. Жашоонун бардык процесстери, биринчи кезекте булчуӊ иши | '''ГЛИКОГЕ́Н ''' (''глюкоза'' ж-а ...''ген''), ж а н ы б а р к р а х м а л ы, (С<sub>6</sub>Н<sub>10</sub>О<sub>5</sub>)n – кишинин ж-а жаныбарлардын организминдеги негизги запас полисахарид. Жашоонун бардык процесстери, биринчи кезекте булчуӊ иши гликогендин ажырашынан келип чыккан энергиянын эсебинен жүрөт. Гликоген адамдын, жаныбардын организминдеги бардык тканда болот, өзгөчө боордо, булчуӊдарда топтолот. Ошондой эле ачыткыда, козу карында, жүгөрү данында да кездешет. Молекуласы ''а''-D-глюкозанын бутактанган калдыктарынан турат. Бутактануу ''а''-1,6-гликозиддик байланыш аркылуу түзүлөт. Ал ак түстөгү аморфтуу күкүм, муздак сууда начар, ысык сууда жакшы эрип, колоиддик эритмени пайда кылат. Кислоталардын ж-а ферменттердин таасири м-н жеӊил гидролизденип, декстринге, андан мальтозага ж-а глюкозага чейин ажырайт. Жаныбарлардын ткандарында гликолиз процессинин натыйжасында гликогенден сүт кислотасы пайда болот да, денени энергия м-н жабдып турат. Организмде глюкоза жетишпегенде ферменттердин таасири м-н запастагы гликоген глюкозага чейин ажырап, канга өтөт. Канга келген глюкозанын фосфор татаал эфиринен боордо гликоген пайда болот. Канда глюкозанын саны азайганда (ачка болгондо, кара жумуш жасаганда) боордогу гликоген глюкозага же анын эфирине айланып, кан м-н денеге тарайт. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:24, 27 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ГЛИКОГЕ́Н (глюкоза ж-а ...ген), ж а н ы б а р к р а х м а л ы, (С6Н10О5)n – кишинин ж-а жаныбарлардын организминдеги негизги запас полисахарид. Жашоонун бардык процесстери, биринчи кезекте булчуӊ иши гликогендин ажырашынан келип чыккан энергиянын эсебинен жүрөт. Гликоген адамдын, жаныбардын организминдеги бардык тканда болот, өзгөчө боордо, булчуӊдарда топтолот. Ошондой эле ачыткыда, козу карында, жүгөрү данында да кездешет. Молекуласы а-D-глюкозанын бутактанган калдыктарынан турат. Бутактануу а-1,6-гликозиддик байланыш аркылуу түзүлөт. Ал ак түстөгү аморфтуу күкүм, муздак сууда начар, ысык сууда жакшы эрип, колоиддик эритмени пайда кылат. Кислоталардын ж-а ферменттердин таасири м-н жеӊил гидролизденип, декстринге, андан мальтозага ж-а глюкозага чейин ажырайт. Жаныбарлардын ткандарында гликолиз процессинин натыйжасында гликогенден сүт кислотасы пайда болот да, денени энергия м-н жабдып турат. Организмде глюкоза жетишпегенде ферменттердин таасири м-н запастагы гликоген глюкозага чейин ажырап, канга өтөт. Канга келген глюкозанын фосфор татаал эфиринен боордо гликоген пайда болот. Канда глюкозанын саны азайганда (ачка болгондо, кара жумуш жасаганда) боордогу гликоген глюкозага же анын эфирине айланып, кан м-н денеге тарайт.