ГЛИКОЗИДДЕР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЛИКОЗИДДЕР ''' – углеводдордон алынган бирикмелер. Молекулаларынын гликозиддик бөлүгү агликон деп аталган | '''ГЛИКОЗИДДЕР ''' – углеводдордон алынган бирикмелер. Молекулаларынын гликозиддик бөлүгү агликон деп аталган органикалык бирикмелердин радикалдары м-н кычкылтек, күкүрт ж-а азот атомдору аркылуу байланышкан. Ошол байланыштарына жараша О-, S- ж-а N- Гликозиддерге бөлүнөт. Көпчүлүк О-гликозиддер щелочтун эритмеси м-н гидролизденбейт. S-гликозиддер кислоталардын таасирине туруктуу келип, катализатор (сымап тузу) катышканда гидролизденет; N-гликозиддер кислотада ж-а щелочтун эритмелеринде оӊой гидролизденет. Гликозид калдыгы м-н агликондун ортосундагы химиялык байланыш гликозиддик байланыш деп аталат. Агликондун радикалы м-н байланышкан көмүртектин α же β-конфигурациясына жараша α- ж-а β-гликозиддер деп аталат. Кислоталардын ж-а ферменттердин таасири м-н гликозиддер кантка ж-а агликонго ажырайт. Гликозиддердин ферменттер м-н гидролизи – кайталанма реакция. Гликозиддердин ажырашына таасир эткен ферменттер, ошол эле гликозиддердин синтезделишине алып келет, башкача айтканда теӊ салмактуулук пайда болот. Жаратылышта өсүмдүктөр дүйнөсүндө кеӊири таралган β-гликозид көп кездешет. Табигый гликозиддердин түзүлүшү татаал. Алар – көбүнчө гүлдөргө, мөмө жемиштерге түс берип турган боёк заттар. Алар биологиялык активдүү зат болгондуктан, медицинада ж-а биологияда кеӊири колдонулат. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:30, 27 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ГЛИКОЗИДДЕР – углеводдордон алынган бирикмелер. Молекулаларынын гликозиддик бөлүгү агликон деп аталган органикалык бирикмелердин радикалдары м-н кычкылтек, күкүрт ж-а азот атомдору аркылуу байланышкан. Ошол байланыштарына жараша О-, S- ж-а N- Гликозиддерге бөлүнөт. Көпчүлүк О-гликозиддер щелочтун эритмеси м-н гидролизденбейт. S-гликозиддер кислоталардын таасирине туруктуу келип, катализатор (сымап тузу) катышканда гидролизденет; N-гликозиддер кислотада ж-а щелочтун эритмелеринде оӊой гидролизденет. Гликозид калдыгы м-н агликондун ортосундагы химиялык байланыш гликозиддик байланыш деп аталат. Агликондун радикалы м-н байланышкан көмүртектин α же β-конфигурациясына жараша α- ж-а β-гликозиддер деп аталат. Кислоталардын ж-а ферменттердин таасири м-н гликозиддер кантка ж-а агликонго ажырайт. Гликозиддердин ферменттер м-н гидролизи – кайталанма реакция. Гликозиддердин ажырашына таасир эткен ферменттер, ошол эле гликозиддердин синтезделишине алып келет, башкача айтканда теӊ салмактуулук пайда болот. Жаратылышта өсүмдүктөр дүйнөсүндө кеӊири таралган β-гликозид көп кездешет. Табигый гликозиддердин түзүлүшү татаал. Алар – көбүнчө гүлдөргө, мөмө жемиштерге түс берип турган боёк заттар. Алар биологиялык активдүү зат болгондуктан, медицинада ж-а биологияда кеӊири колдонулат.