ГЛИКОЛИЗ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЛИКО́ЛИЗ ''' (гр. glykes – таттуу ж-а lesis – эрүү) – организмде глюкозадан кычкылтексиз (анаэробдук) шартта сүт | '''ГЛИКО́ЛИЗ ''' (гр. glykes – таттуу ж-а lesis – эрүү) – организмде глюкозадан кычкылтексиз (анаэробдук) шартта сүт кислотасын пайда кылуучу татаал ферменттик процесс. Анаэробдук шарттагы гликолизден бошонгон энергия АДФтен АТФти синтездөө үчүн пайдаланылат: С<sub>6</sub>Н<sub>12</sub>О<sub>6</sub>-+2АДФ+2Н<sub>3</sub>РО<sub>4</sub>→2СН<sub>3</sub>СНОНСООН+2АТФ. Тирүү жандыктардын, өсүмдүктөрдүн ж-а көпчүлүк бактериялардын организминдеги энергияны камсыз кылат. Өсүмдүк, ачыткы ж-а бактерия клеткаларында өтүүчү сүт-кычкыл, май-кычкыл, спирттик ачуу процесстери гликолизге окшош. Көбүнчө адам ж-а айбанаттардын денесинде анаэробдук гликолиз булчуӊдар өтө иштегенде, клеткада кычкылтек жок же аз калганда жүрөт. Гликолиз кычкылтексиз чөйрөдө энергия топтогондуктан, булчуӊ клеткалары, сперматозоиддер, өсүп жаткан (анын ичинде шишик) ткандар үчүн мааниси чоӊ. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
04:36, 27 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ГЛИКО́ЛИЗ (гр. glykes – таттуу ж-а lesis – эрүү) – организмде глюкозадан кычкылтексиз (анаэробдук) шартта сүт кислотасын пайда кылуучу татаал ферменттик процесс. Анаэробдук шарттагы гликолизден бошонгон энергия АДФтен АТФти синтездөө үчүн пайдаланылат: С6Н12О6-+2АДФ+2Н3РО4→2СН3СНОНСООН+2АТФ. Тирүү жандыктардын, өсүмдүктөрдүн ж-а көпчүлүк бактериялардын организминдеги энергияны камсыз кылат. Өсүмдүк, ачыткы ж-а бактерия клеткаларында өтүүчү сүт-кычкыл, май-кычкыл, спирттик ачуу процесстери гликолизге окшош. Көбүнчө адам ж-а айбанаттардын денесинде анаэробдук гликолиз булчуӊдар өтө иштегенде, клеткада кычкылтек жок же аз калганда жүрөт. Гликолиз кычкылтексиз чөйрөдө энергия топтогондуктан, булчуӊ клеткалары, сперматозоиддер, өсүп жаткан (анын ичинде шишик) ткандар үчүн мааниси чоӊ.