ГОНДОЛА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
(3 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГОНДО́ЛА ''' (итал. gondola) — 1) түбү жалпак, тумшугу кайкы бир калактуу кайык. Орт. уз. 10 ''м'', эни 1,3 ''м.'' Г-ны бир адам (гондольер) кайыктын арткы жагына кыймылдын багыты тарапты карап, туруп турган б-ча башкарат. Г-да жүргүнчүлөр үчүн каюта же бастырма болот. Азыркы учурда Г. Венецияда негизинен туристтерди тейлейт; 2) жүктү өзү түшүрүүчү темир жол вагону. Чубурма жүктөрдү ташуу үчүн кызмат кылат; 3) учуучу аппараттын Г-сы — ''аэростаттын'' адам, жабдуу ж-а жүк (балласт) жайгашуучу кабинасы. Алгачкы эркин аэростаттардын (аба шарларын) Г-сы венеция кайыгына (формасы) окшош болгон (аты ошондон). Самолёттун Г-сы – анын фюзеляжы.
'''ГОНДО́ЛА ''' (итал. gondola) — 1) түбү жалпак, тумшугу кайкы бир калактуу кайык. Орточо узундугу 10 ''м'', эни 1,3 ''м.'' Гондоланы бир адам (гондольер) кайыктын арткы жагына кыймылдын багыты тарапты карап, туруп турган боюнча башкарат. Гондолада жүргүнчүлөр үчүн каюта же бастырма болот. Азыркы учурда гондола Венецияда негизинен туристтерди тейлейт; 2) жүктү өзү түшүрүүчү темир жол вагону. Чубурма жүктөрдү ташуу үчүн кызмат кылат; 3) учуучу аппараттын гондоласы — ''аэростаттын'' адам, жабдуу ж-а жүк (балласт) жайгашуучу кабинасы. Алгачкы эркин аэростаттардын (аба шарларын) гондоласы венеция кайыгына (формасы) окшош болгон (аты ошондон). Самолёттун гондоласы – анын фюзеляжы.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

10:22, 27 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы

ГОНДО́ЛА (итал. gondola) — 1) түбү жалпак, тумшугу кайкы бир калактуу кайык. Орточо узундугу 10 м, эни 1,3 м. Гондоланы бир адам (гондольер) кайыктын арткы жагына кыймылдын багыты тарапты карап, туруп турган боюнча башкарат. Гондолада жүргүнчүлөр үчүн каюта же бастырма болот. Азыркы учурда гондола Венецияда негизинен туристтерди тейлейт; 2) жүктү өзү түшүрүүчү темир жол вагону. Чубурма жүктөрдү ташуу үчүн кызмат кылат; 3) учуучу аппараттын гондоласы — аэростаттын адам, жабдуу ж-а жүк (балласт) жайгашуучу кабинасы. Алгачкы эркин аэростаттардын (аба шарларын) гондоласы венеция кайыгына (формасы) окшош болгон (аты ошондон). Самолёттун гондоласы – анын фюзеляжы.