ГРАФИК (геометриялык термин): нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГРА́ФИК ''' (гр. grophikjs – чийилген) м а т е м а т и к а д а – ийри (түз) сызыктын жардамы м-н функциялык көз карандылыктын тегиздиктеги геометриялык сүрөттөлүшү. Кандайдыр бир чоӊдуктун (мисалы, жолдун) башка бир чоӊдукка (мисалы, убакытка) байланыштуулугун көрсөтүүчү чийме. Мисалы, ''у=f(x)'' функциясынын | '''ГРА́ФИК ''' (гр. grophikjs – чийилген) м а т е м а т и к а д а – ийри (түз) сызыктын жардамы м-н функциялык көз карандылыктын тегиздиктеги геометриялык сүрөттөлүшү. Кандайдыр бир чоӊдуктун (мисалы, жолдун) башка бир чоӊдукка (мисалы, убакытка) байланыштуулугун көрсөтүүчү чийме. Мисалы, ''у=f(x)'' функциясынын графиги абсциссалары ''х'' маанисине, ал эми ординаталары ''у'' маанисине барабар чекиттерден түзүлөт. Айрым учурда функция график түрүндө да берилет. Графиктин түрлөрү көп, ал тегиздикте кайсы координата системасы негиз болуп алынышына көз каранды болот. Көпчүлүк учурда график тик бурчтуу декарт координаталар системасында түзүлөт. ''у=х''2 функциясынын графиги ''параболаны'' туюнтат. Эгерде түз сызыктын же айлана жаасынын графиги берилсе, анда ал туура келүүчү эки же үч чекит боюнча сызгыч же циркулдун жардамы м-н чийилет. Ар кандай графикти автоматтык жол м-н кагазга чийүүчү машиналар да бар. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] |
03:06, 28 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ГРА́ФИК (гр. grophikjs – чийилген) м а т е м а т и к а д а – ийри (түз) сызыктын жардамы м-н функциялык көз карандылыктын тегиздиктеги геометриялык сүрөттөлүшү. Кандайдыр бир чоӊдуктун (мисалы, жолдун) башка бир чоӊдукка (мисалы, убакытка) байланыштуулугун көрсөтүүчү чийме. Мисалы, у=f(x) функциясынын графиги абсциссалары х маанисине, ал эми ординаталары у маанисине барабар чекиттерден түзүлөт. Айрым учурда функция график түрүндө да берилет. Графиктин түрлөрү көп, ал тегиздикте кайсы координата системасы негиз болуп алынышына көз каранды болот. Көпчүлүк учурда график тик бурчтуу декарт координаталар системасында түзүлөт. у=х2 функциясынын графиги параболаны туюнтат. Эгерде түз сызыктын же айлана жаасынын графиги берилсе, анда ал туура келүүчү эки же үч чекит боюнча сызгыч же циркулдун жардамы м-н чийилет. Ар кандай графикти автоматтык жол м-н кагазга чийүүчү машиналар да бар.