ВИКТИМОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВИКТИМОЛО́ГИЯ '''– ''криминологиянын'' ө з г ө­ч ө б ө л ү м ү, кылмыштын курмандыгы – жабырлануучу | '''ВИКТИМОЛО́ГИЯ '''– ''криминологиянын'' ө з г ө­ч ө б ө л ү м ү, кылмыштын курмандыгы – жабырлануучу жөнүндөгү окуу. Жабырлануучу – кылмыш аракетинин кесепетинен жабыр тарт­кан жеке же юридикалык жак, криминалдык кыл­мыштан жабырлануучулар, ошондой эле жабыр тарта элек, бирок өзүнүн жүрүм-туруму, көнгөн адат­тары боюнча кылмыштан жабыр тартышы мүмкүн болгон жак (потенциалдык курмандык). Кыл­мыш аракети багытталган объектинин крими­налдык күчүн көбөйткөн кудурет антивик­тимдүүлүк катары каралат. Кылмыштан жабыр тартуучу жактар реалдуу же калетсиз (курман­дык мүмкүндүгү), аныкталган же аныкталбай калган (катталбаган, эсепте жок), түз же бол­босо кыйыр болушу ыктымал. Учурда вик­тимдүүлүк катары субъектинин моралдык-пси­хикалык гана эмес, анын социалдык мүнөздө­мөсү да (социалдык абалы, эсалуу учурундагы, үйбүлөдөгү, жекече жашоо турмушундагы, өндүрүштүк жумуштагы орду, кызмат абалы ж. б.) каралат. Виктимдүү социалдык статустар­га мисал катары: кароолчу, кассир, инкассатор­лорду киргизүүгө болот. Эл аралык келишимдер­де, нормативдик актыларда, макулдашууларда аялдар, балдар, карылар ж-а майыптар социал­дык статусу жогорку мүнөздөгү виктимдүүлүккө ээ субъектилер катары өзгөчө белгиленип, кор­гоого алынышы каралган. Криминологияда мын­дан тышкары жашоо-тиричилик чөйрөсүнө, иштеген жумушуна ылайык башка социалдык статуска ээ адамдардын виктимдүүлүгү (жалда­нып иштөө, жыныстык, кумар чөйрөсүндө ж. б.) белгиленет. Юридикалык жактардын виктимдүүлүгү да алардын жүргүзгөн иш-аракетине жараша бо­лот. Мисалы, компьютердик кылмыштар көбүнчө банктарга ж-а анын кардарларына багытталат. Өзүн-өзү коргоо кудуретин төмөндөтүүчү кыр­даалдар да болушу мүмкүн, ал виктимдүү кыр­даалдар деп аталат. Мисалы, караңгы аймак, түнкү мезгил, ээн калтырылган үй, ээн талаа, ээн жол. Мындан тышкары виктимдүү кырдаалга үйбү­лөдөгү көптөн бери созулуп келе жаткан жаң­жал, аскер кызматын өтөп жүргөн катардагы жоокерлердин ортосундагы чыр-чатактар да кирет. | ||
''А. Ш. Шаршеналиев''. | |||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] | |||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
03:59, 28 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ВИКТИМОЛО́ГИЯ – криминологиянын ө з г өч ө б ө л ү м ү, кылмыштын курмандыгы – жабырлануучу жөнүндөгү окуу. Жабырлануучу – кылмыш аракетинин кесепетинен жабыр тарткан жеке же юридикалык жак, криминалдык кылмыштан жабырлануучулар, ошондой эле жабыр тарта элек, бирок өзүнүн жүрүм-туруму, көнгөн адаттары боюнча кылмыштан жабыр тартышы мүмкүн болгон жак (потенциалдык курмандык). Кылмыш аракети багытталган объектинин криминалдык күчүн көбөйткөн кудурет антивиктимдүүлүк катары каралат. Кылмыштан жабыр тартуучу жактар реалдуу же калетсиз (курмандык мүмкүндүгү), аныкталган же аныкталбай калган (катталбаган, эсепте жок), түз же болбосо кыйыр болушу ыктымал. Учурда виктимдүүлүк катары субъектинин моралдык-психикалык гана эмес, анын социалдык мүнөздөмөсү да (социалдык абалы, эсалуу учурундагы, үйбүлөдөгү, жекече жашоо турмушундагы, өндүрүштүк жумуштагы орду, кызмат абалы ж. б.) каралат. Виктимдүү социалдык статустарга мисал катары: кароолчу, кассир, инкассаторлорду киргизүүгө болот. Эл аралык келишимдерде, нормативдик актыларда, макулдашууларда аялдар, балдар, карылар ж-а майыптар социалдык статусу жогорку мүнөздөгү виктимдүүлүккө ээ субъектилер катары өзгөчө белгиленип, коргоого алынышы каралган. Криминологияда мындан тышкары жашоо-тиричилик чөйрөсүнө, иштеген жумушуна ылайык башка социалдык статуска ээ адамдардын виктимдүүлүгү (жалданып иштөө, жыныстык, кумар чөйрөсүндө ж. б.) белгиленет. Юридикалык жактардын виктимдүүлүгү да алардын жүргүзгөн иш-аракетине жараша болот. Мисалы, компьютердик кылмыштар көбүнчө банктарга ж-а анын кардарларына багытталат. Өзүн-өзү коргоо кудуретин төмөндөтүүчү кырдаалдар да болушу мүмкүн, ал виктимдүү кырдаалдар деп аталат. Мисалы, караңгы аймак, түнкү мезгил, ээн калтырылган үй, ээн талаа, ээн жол. Мындан тышкары виктимдүү кырдаалга үйбүлөдөгү көптөн бери созулуп келе жаткан жаңжал, аскер кызматын өтөп жүргөн катардагы жоокерлердин ортосундагы чыр-чатактар да кирет.
А. Ш. Шаршеналиев.