ВИКТОРИЯ (шаркыратма): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page ВИКТОРИЯ 1 to ВИКТОРИЯ (шаркыратма)) |
(Айырма жок)
|
04:11, 28 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ВИКТО́РИЯ 1 – Дүйнөдөгү эң ири шаркыратмалардын бири, Түштүк Африкадагы Замбези дарыясында. Бийиктиги 120 м, туурасы 1800 м. ГЭС курулган. Туризм өнүккөн. Шаркыратманы жергиликтүү эл Моси-Оа-Тунья («дүңгүрөгөн түтүн» деген мааниде)


же Сеонго («Көкжеле») деп атайт. Суусунун орточо чыгымы 1400 м3/сек чамасында (өтө өзгөрүп турат). Виктория-Фолс (Зимбабведе) ж-а Моси- Оа-Тунья (Замбияда) улуттук парктарынын курамында. Шаркыратманы 1855-жылы Д. Ливингстон ачып, аны англиялык королеванын урматына атаган. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.